Алды 26 жашта. Кыргызстанда жогорку кызматты ээлеген жаштар. Тизме

© Фото / Pexels / Los Muertos CrewАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги 35 жашка чыга электе жогорку кызматка барып, бир мекемени жетектеп жаткан жаштардын тизмесин топтоду.
Мурдагыга салыштырмалуу азыркы бийликте жана өкмөттө өтө жаш кадрлар саналуу. Аз болсо да Sputnik Кыргызстан агенттиги башкалар менен теңтайлаша иштеп, агенттик, комитет, шаар башкарып, керек болсо министр болуп иштеп жаткан жаш аткаминерлерди тизмектеди.
Белгилей кетсек, КР мыйзамындагы 2009-жылкы "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" жобо боюнча 14-28 жашка чейинкилер жаш деп эсептелет. Бирок документтин эски редакциясында бул категорияга 35 жашка чейинкилер да кирчү. Мындан улам 35 жашка чейинки аткаминерлерди чогулттук. Тизме жаш куракка карап түзүлдү.

Айваз Оморканов, 26 жашта (1996-жылы туулган)

© Sputnik / Бегайым КасымбековаАйваз Оморканов
Вице-президент Международной федерации хоккея с шайбой (IIHF) по Азии и Океании Айваз Оморканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Айваз Оморканов
Жогорку кызматтагы эң жаш кадрлардын бири Айваз Оморканов 2021-жылы Хоккей боюнча эл аралык федерациянын Азия жана Океания боюнча вице-президенти болуп тандалган. Оморканов жети жылдай Кытайда жашап, окуган. Эл аралык бизнес жана экономика боюнча Пекин университетинде эл аралык экономика багытында билим алып, ТИМдин Дипломатиялык академиясында магистратурада окуган. Кыргызстандын Хоккей федерациясынын башкы катчысы жана коомчулук менен байланыш боюнча менеджери да болгон.

Эрмат Жумаев, 31 жашта (1991-жылы туулган)

© Sputnik / Асель СыдыковаЭрмат Жумаев
Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Эрмат Жумаев
Эрмат Жумаев Каракол шаарынын мэри. Мэрликке чейин Жумаев жергиликтүү "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башчысы болуп эмгектенген. Каракол шаарынын мэри Кыргыз техникалык университетин аяктаган.

Назгүл Лосникова, 31 жашта (1991-жылы туулган)

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваНазгүл Лосникова
Круглый стол КР может остаться без своих учебников 1 сентября. Как решить проблему - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Назгүл Лосникова
Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгын азыр 31 жаштагы Назгүл Лосникова жетектейт. Буга чейин ал өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн адиси болуп иштеген. Мындан тышкары, Билим берүү жана илим министрлигинде, КР президентинин администрациясынын бөлүмдөрүнүн биринде дагы эмгектенген. Эки жогорку билими бар.

Эрбол Султанбаев, 31 жашта (1991-жылы туулган)

Пресс-секретарь президента КР Садыра Жапарова Эрбол Султанбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Эрбол Султанбаев
31 жаштагы Эрбол Султанбаев президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы. Ал бул кызматка 2021-жылдын май айында 30 жашында келген. Султанбаев үч окуу жайда билим алып, экономика жана юридика багытында адис. Президенттик аппаратка 2015-жылы 24 жашында келип, маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн өкүлүнөн жетекчинин орун басарына чейин жеткен.

Союзбек Надырбеков, 32 жашта (1990-жылы туулган)

© Sputnik / Асель СыдыковаСоюзбек Надырбеков
Заместитель руководителя Агентства по делам молодежи, физической культуре и спорту Союзбек Надырбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Союзбек Надырбеков
Союзбек Надырбеков маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун орун басары. Ал министрликте жаштар саясатын тескейт. Ага чейин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Аткаминер Кыргыз-Түрк "Манас" университетинен эстрада вокалы боюнча окуп, чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер жаатында билим алган. Түштүк Кореяда Чунг-Анг университетинен ички жана тышкы саясат боюнча окуп келген.

Нурадил Баясов, 33 жашта (1989-жылы туулган)

© Sputnik / Табылды КадырбековНурадил Баясов
Исполняющий обязанности министра инвестиций Нурадил Баясов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Нурадил Баясов
Нурадил Баясов да жаш аткаминерлердин катарын толуктайт. Ал учурда Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиктин жетекчиси. Эки жогорку билими бар. Кесиби боюнча экономист жана финансист. Эмгек жолун 23 жашында Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигиндеги соода саясаты жана тышкы соода бөлүмүндө алдыңкы адис болуп баштаган.

Азамат Сакиев, 33 жашта (1989-жылы туулган)

Генеральный директор ГП Национальная компания Кыргыз темир жолу Азамат Сакиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2022
Азамат Сакиев
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасын да жаш жетекчи башкарат. Ал 33 жаштагы Азамат Сакиев. Аткаминер Улуу Британияда Ноттингем университетинде жана Малайзиядагы Эл аралык бизнес-менеджмент университетинде окуган. Эмгек жолун 2019-жылы "Кыргыз темир жолу" ишканасында баштаган. Жетекчи болгонго чейин "Кыргыз Темир жолу" ишканасынын материалдык-техникалык камсыздоо филиалындагы мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Азамат Жаманкулов, 35 жашта (1987-жылы туулган)

© Sputnik / Табылды КадырбековАзамат Жаманкулов
Министр культуры, информации и туризма КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Азамат Жаманкулов
Азамат Жаманкулов учурда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри. Ал Кыргыз-Түрк "Манас" университетин ишканадагы менеджмент, 2011-жылы Кыргызстан эл аралык университетин финансы адистиги боюнча аяктаган. 2015-жылы 27 жашында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин жетекчиси болуп дайындалса, 31 жашында маданият министринин креслосун ээлеген. Бул кызматта эки жыл эмгектенген соң 2020-жылдын октябрь айында жумуштан бошотулган. Бирок 34 жаштагы аткаминер 2021-жылдын октябрь айында жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамына кирип, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп кайра келген.

Чыңгыз Эсенгул уулу, 35 жашта (1987-жылы туулган)

© Фото / пресс-служба МКИСМП КРЗаместитель министра культуры, информации, спорта и молодежной политики Чынгыз Эсенгул уулу
Заместитель министра культуры, информации, спорта и молодежной политики Чынгыз Эсенгул уулу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Заместитель министра культуры, информации, спорта и молодежной политики Чынгыз Эсенгул уулу
Чыңгыз Эсенгул уулу учурда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун орун басары. Ал министрликте маалыматтык саясатты көзөмөлдөйт. Эсенгул уулу Жусуп Баласагын атындагы КУУну "бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит" адистиги боюнча бүтүргөн. Кийин Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) дипломатиялык академиясынан эл аралык мамилелер боюнча билим алган. Бир топ жыл ТВ жаатында эмгектенип, кийин 2016-жылдан 2021-жылга чейин өкмөт башчынын маалымат катчысы болгон.

Дастан Дүйшекеев, 35 жашта (1987-жылы туулган)

Глава отдела внешней политики аппарата президента КР Дастан Дюшекеев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Дастан Дүйшекеев
Дастан Дүйшекеев азыр Кыргызстандын Казакстандагы ыйгарым укуктуу элчиси. Бул кызматка ал 2020-жылдын 9-августунда 33 жашында барган. Дүйшекеев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде "чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер" адистиги боюнча билим алган. Кийин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын аяктаган. 2020-жылы президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Рустам Жокоев, 35 жашта (1987-жылы туулган)

© Фото / пресс-служба Государственного учреждения "Унаа"Рустам Жокоев
Директор Государственного учреждения Унаа Рустам Джокоев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Рустам Жокоев
34 жаштагы Рустам Жокоев "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директору. Ал мурда КР президентинин иш башкармалыгына караштуу "Ала-Арча" жаратылыш паркы" мамлекеттик мекемесин башкарган. Жокоев жогорку билимдүү. 2010-жылы И.Раззаков атындагы техникалык университеттен "Жол кыймылын уюштуруу" адистигине ээ болгон. Учурда президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында билим алууда. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору деген класстык чини бар.
Жогорку Кеңештин биринчи чогулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Жогорку Кеңештин жаңы депутаттарынын билими. Партиялык тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0