00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
6 мин
Күн башат
Пушкиндин чыгармалары кайсы заман болбосун актуалдуу, тили да түшүнүктүү
13:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Экспедиции, наука, диалог: как работает "Большой Алтай" в Бишкеке
14:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Будь в курсе
Кто, как и зачем сдаёт кровь: инструкция по донорству в Кыргызстане
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Белгилүү комузчунун уулу, Жекшен Карамолдоев согушка кенже лейтенант наамы менен катышкан
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
с Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кыргызстанда сумонун келечеги барбы — биринчи жолу кыздар курамасы дүйнө чемпионатына катышат
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Новые правила аренды: что грозит тем, кто сдает жильё «по доверенности»
20:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Былтыр Кыргызстан беш өлкөгө алтын сатты. Тизме

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Жазылуу
Январь айынан ноябрга чейин Кыргызстан 5 тонна 269,5 килограмм баалуу металл сыртка чыгарган.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. 2021-жылдын 11 айында Кыргызстан беш мамлекетке алтын экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында жазылган.

Алтынды экспорттоо

Январь айынан ноябрга чейин Кыргызстан 5 тонна 269,5 килограмм баалуу металл сыртка чыгарып, ноябрда эле 201,1 килограмм алтын сатылган (Швейцария алган).
Мурдагы жылдыкы менен салыштырганда экспорт 11 тоннага азайган.

Кайсы мамлекеттер алган?

Акыркы жылдары Кыргызстандан алтын Улуу Британияга көп сатылган (2021-жылы ал дээрлик 4,1 тонна баалуу металл алган). Бирок июндан берүү сатуу токтоп калган. Түркия, Италия жана Россия анча көп эмес көлөмдө алтын сатып алышканы айтылды.
Сентябрда сатып алуучулардын тизмесине Швейцария кошулган. Ал эми октябрь менен ноябрда алтын ушул эле мамлекетке сатылды. Белгилей кетсек, 2017-жылы Швейцария кыргыз алтынын алган негизги мамлекет болуп эсептелчү. Кийин ал жакка экспорт токтоп калган.
Алтын алган өлкөлөр:
Улуу Британия — 4 тонна 81 килограмм;
Швейцария — 1 тонна 99,7 килограмм;
Россия — 33 килограмм;
Түркия — 28,5 килограмм;
Италия — 27,2 килограмм.
2020-жылдын ушул маалында 16 тонна 278,3 килограмм алтын сатылган. Анын дээрлик 18 килограммын Түркия, калганын Улуу Британия алган болчу.

Алтын казуудагы абал

Мамлекеттик органдар 2021-жылы баалуу металл өндүрүшүнүн көлөмү төмөндөй турганын өткөн жылы эле болжолдошкон. Алсак, Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, Кумтөр жана Талды-Булак Сол жээкте кен казуу иштери рудасында алтындын курамы аз болгон аймакта жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, "Кыргыз алтындын" өндүрүшү консервацияланышы күтүлүүдө. Бирок ошол эле маалда Жер-Үй (иш башталган) жана Чаарат алтын кендерин ишке киргизүү пландалган.
Эске салсак, май айында Кумтөрдө тышкы башкаруу киргизилген. Жаңы администрациянын айтымында, кен пландалган режимде иштеп жатат жана өндүрүштүк тапшырмаларды аткара аларына ишендирүүдө.

Сатуу жана казуу боюнча абал

Июнь айында 6,2 килограмм экспорттолсо, июлда бир грамм да чыгарылган эмес, ал эми августта 20 килограммдай алтын сатылган.
17-сентябрда Лондон ассоциациясы "Кыргыз алтын" аффинаждык заводун ишенимдүү сатуучулардын тизмесинен убактылуу чыгарып салганы белгилүү болду.
Сентябрь айынын соңунда Камчыбек Ташиев июнь жана июль айларында Кумтөр кенин иштетүүдөн 90 миллион доллар киреше түшкөнүн билдирген.
Октябрь айынын орто ченинде Акылбек Жапаров Кумтөр кени тышкы башкарууга өткөндөн кийин беш тоннадан ашык алтын казылып, 100 миллион сомдой пайда көргөнүн айткан.
Кумтөрдөн казылган алтынды кантип ылгап алышат? Фабрикадан тартылган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Кумтөрдөн казылган алтынды кантип ылгап алышат? Фабрикадан тартылган видео
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Айлыкты күтүп отурбай… Кошумча кирешени кайдан кантип табууга болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0