Кумтөрдөн казылган алтынды кантип ылгап алышат? Фабрикадан тартылган видео

Жазылуу
Азыркы тапта Кумтөр кенинен күнүнө 571 миң тонна тоо тек казып алынат. Анын ичинен 17-18 миң тоннасы руда, муну алтын ылгоочу фабрикага жөнөтүшөт. Ал жерден тазаланып алтын куймалары жасалат.
"Кумтөр голд компани" ишканасы журналисттерге пресс-тур уюштуруп, алтын ылгоочу фабриканын ичин көрсөттү.
Фабриканын өндүрүштүк бөлүмүнүн башчысы Григорий Породеев бир күндө болжол менен 25 килограмм таза алтын өндүрүлөрүн билдирди.
"Орто эсеп менен азыркы учурда бир тонна рудадан 1,5 грамм алтын чыгат. Иш жүзүндө ушундай, план боюнча тоннасына 2-3 грамм түшүшү керек эле. Бир алтын куйманы чыгаруу үчүн биз суткасына болжол менен 13-15 миң тонна руданы ылгап чыгышыбыз керек. Бир куйма 20-25 килограмм алтындан куралат", — деди Породеев.
Фабриканын ичиндеги руда келип түшкөндөн алтын куймасы болуп чыкканга чейинки ар бир кыймыл видеобайкоо аркылуу автоматташтырылган система менен көзөмөлдөнөт. Өндүрүштүк бөлүмдүн башчысынын айтымында, борборлоштурулган көзөмөл бөлмөсүнө 3 000ден ашуун датчик, прибор жана жабдуудан маалымат келип түшөт. Системаны эки адис башкарат.
Аны менен катар Породеев сырткы башкаруу киргизилгенден бери фабрикада олуттуу өзгөрүүлөр болгонун белгиледи. Тагыраак айтканда, быйылкыга карата алтын сактоочу жайды жана башка көптөгөн өндүрүштүк участкаларды автоматтык түрдө башкаруу системасын жаңылоо жана жакшыртуу пландалган.
Тема боюнча:
"Кумтөрдүн" директорлук кызматын Казакстандан чакыртылган адис ээледи
"Кумтөрдө" 200 кыргызстандык адистин маянасын 18 чет элдик алып турган
Жаңылыктар түрмөгү
0