Мурунку жолдошумдун аялына суктандым... Келиндин каты

© Фото / Pexels / Ivan SamkovАял депрессия учурунда. Иллюстративдик сүрөт
Аял депрессия учурунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына мурунку жолдошуна кайрадан жолуккан келиндин каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы, мен орган кызматында иштейм. Өмүр бою карьераны биринчи орунга коюп келгем. Мунун артынан жумуштан да көтөрүлдүм. Өзүмө үй, унаа алдым, бирок жеке турмушум аксап калды. Жолдошум менен кесиптеш болчубуз. Балалуу болгондон кийин эле ыр-чырыбыз көбөйүп отуруп, уулубуз үч жашка толгондо сүйлөшүп туруп эле эки жолго түшкөнбүз. Андан бери сегиз жыл өттү.
Ал бир жылдан кийин эле үйлөнүп алган. Мен ошондон бери жалгызмын. Бир да эркек менен мамиле курганым жок.
Баламдын атасы кызмат боюнча жумуш ордун которуп турат. Жакында эле биздин жумушка кайра которулуп келди. Эми дагы чогуу иштеп баштадык. Азыр ал үч баланын атасы. Биздин уулубуз менен өтө жакын деле мамиледе эмес. Балам тайларына жакын өсүп калды.
Өткөндө бир кечеде кесиптештер менен чогуу отуруп, аялын да көрдүм. Баары өмүрлүк жарлары менен келишти. Ал келинчеги менен бийлеп, каткырып күлүп жүрдү. Жакшы отурушту. Мага мурунку күйөөм жашоосуна ыраазыдай көрүндү. Толук болгону менен келинчеги жарашыктуу боёнгон, жайдары айым экен. Эч жерде иштебей эле жолдошуна, балдарына кам көргөн кожойкелерден көрүнөт. Ошол кечеде отуруп экөөбүздү ичимден салыштырып жаттым. Мен такыр боёнбойм. Оңой менен да күлбөйм. Эч качан тырмагымды да жасатып көргөн эмесмин. Он жыл мурдагыдай эле чачымды байлап алып жүрө берем. Эмнегедир ошол кечеде отуруп алып ушунун баарын ойлондум.
Ыйлап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2021
Акчага жетпей, күң катары жашап калдым. Кайындарына таарынган келиндин каты
Ажырашкандан бери уулумду чоңойтуп, турмушка чыккан жокмун. Чыккым деле келген эмес. Жолдошумду көргөндөн кийин өзүмдөн башкача, таң калычтуу сезимдерди байкадым. Көрсө аны ушуга чейин жакшы көрүп, келбесин билсем да ичимден күтчү окшойм. Мүмкүн ушул себептен турмушка чыкпагандырмын. Жок, мен анын үй-бүлөсүн бузгум келбейт, бирок баламдын атасынын аялын көрүп алып үй-бүлөнү эмес, карьераны тандаганыма өкүнүп кеткендей да болдум. Анан да өзгөрүп, жасанып жүргүм келип калды. Мындай каалоо менде мурда болгон эмес. Же намыстанып, көзүнө көрүнгүм келип жатабы, айтор, билбейм. Иши кылып жан дүйнөм аңтар-теңтер эле болуп жатат.
"Чын эле аны жакшы көрөмбү? Анда неге ушунча убакыт күйөөмдү көрүүгө ашыккан жокмун? Же жөн гана экөөбүздүн жашоону салыштырдымбы?" деген суроолорду өзүмө берем.
Аны көргөндө ууру кылгансып көзүмдү ала качам. Ичимдеги чиеленишкен уйгу-туйгу ойлорду чечмелеп бериңизчи.
Обращение к психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Күйөөгө энеси бардай узагым келет, бирок акчамды байкем сурап жатат. Кыздын каты

Психолог Гүлнара Жасоолова:

— Ар бирибиздин тагдырыбыз өз колубузда. Адам психологдунбу же жакын курбусунун болобу. кеңешин угат, бирок чечимди өзү гана кабыл алат. Баарыбыздын жашообузда кемчиликтер менен бирге муктаждыктар да болот. Сиз жеке турмушуңуздан аксаганыңыз менен жумушуңуздан ийгиликтерге жетишиптирсиз. Бул жагы жакшы.
Азыр эми ичтеги уйгу-туйгу сезимдериңизди тактап алуу үчүн ушул кезге чейин турмушка чыкпаганыңыздын себебин да карап көрүңүз. Буга мурунку жолдошуңуз себепкерби? Мүмкүн жөн гана убактысы келбегендир же ойдогудай адамга жолуга элексиз. Ушул жагын өзүңүз үчүн так анализдеп алышыңыз керек. Негизи жубайлардын бактылуулугу алардын мамилесинен билинип турат. Ошол сезимдерди, гармонияны мурунку жолдошуңуздун турмушунан байкап, балким ошондон улам ойлонуп калгандырсыз. Бирок сиз аларга бакыт гана тилеп, өз алдыңызча бактылуу жашоого аракет кылганыңыз туура го.
Ал эми жүрүм-турумуңуз, күлбөгөнүңүз жумушуңузга байланыштуу болсо керек. Мүмкүн темпераменти ошондой адамдардын катарына кирерсиз. Бирок башкалар менен мамиле курууда кабак-каш, сырткы көрүнүш да роль ойнойт. Ал эми стилиңизди өзгөртүүнү кааласаңыз азыр бул жаатта мыкты адистер бар. Негизи өзүңүздү бирөө менен салыштырганыңыз туура эмес. Ар бир адам индивидуалдуу болот. Ар ким каалаганындай жүрүшү керек деген ойдомун.
Баары өзүңүздүн колуңузда. Ички дүйнөңүздү тыңшап, алгач эмнени каалап жатканыңызды анализдеп алып, анан ошого жараша аракет кылышыңыз зарыл деген кеңеш берет элем.
Аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Балам балалуу келиндин үстүнө кирип жашайм деп кууратты. Эненин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0