Адис: COVID-19дан кийин тирүү клеткаларга каршы антителолор пайда болууда

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЭркек киши SARS-CoV-2 вирусуна каршы антителолордун бар-жогуна тест тапшыруу. Архивдик сүрөт
Эркек киши SARS-CoV-2 вирусуна каршы антителолордун бар-жогуна тест тапшыруу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.01.2022
Жазылуу
Инфекциялык оорулардан кийин организмде өлүп калган клеткаларды тазалай турган антителолор болот. Бирок ошол эле антителолор, тескерисинче, тирүү клеткаларга дагы каршы иштеген учурлар кездешет.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Коронавирустан сакайган соң адамдын организминде тирүү клеткаларга каршы иштеген антителолор дагы пайда болушу ыктымал. Бул тууралуу Москвадагы Эпидемиология жана микробиология илимий-изилдөө институтунун директорунун орун басары Татьяна Руженцова РИА Новости агенттигине билдирди.
Адистин айтымында, адатта инфекциялык оорулардан кийин организмде өлүп калган клеткаларды тазалай турган антителолор болот. Бирок вирус катуу жабыркатып, иштен чыккан клеткалар оголе көп болуп кеткенде, ошол эле антителолор, тескерисинче, тирүү клеткаларга дагы каршы иштей баштайт.
"Инфекциялык оорудан кийин организмди тазалоо үчүн активдешкен антителолорду аутоантитело деп коёт. Алар өлгөн клеткаларды жок кылышат. Бирок акыркы иликтөөлөргө караганда, аутоантитело организм катуу жабыркаган учурда коркуп кетеби, айтор, тирүү клеткаларга дагы агрессия көрсөтө баштайт экен. Мунун кесепети кандай болору азырынча так белгилүү боло элек", — деди Руженцова.
Анткен менен адис коронавирус же сасык тумоонун оор формасы менен ооруп сакайган соң адамга өзүн байкап турууну сунуштайт. Эгер кайрадан дене табы көтөрүлүп же муундар ооруса, дарыгерге кайрылып, дал ушул аутоантителого анализ тапшыруу керектигин белгиледи.
Адистин пикиринде, мындай чабуулдарды алдын алуу үчүн адам жаңы вирус жуктурган күндөн тарта туура дарыланууга, ооруну өтүштүрүп ийбегенге аракет кылышы керек.
Шприц кармап турган медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Вакциналарды аралаштырып алса болобу? Адистин түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0