Жамааттык коопсуздук үчүн жамааттык жоопкерчилик керек. Ой толгоо

© REUTERS / PAVEL MIKHEYEVАлматы шаарындагы өрттөнгөн автобус
Алматы шаарындагы өрттөнгөн автобус - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Жазылуу
Казакстан бийлиги ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн көмөгү менен террорчуларды жеңе алды. Кармаштар, камакка алуулар уланганы менен өкмөт жалпысынан көзөмөлдү колго алды. Мындай жакшы кабарлар негедир Батыштагы өнөктөштөрдүн кыжырын кайнатууда.
АКШ Ак үйү Казакстан президенти Токаевдин террорчуларды атууга берген буйругуна "тынчсызданганын" билдирди. Буга каршылык көрсөтүү иретинде АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүгү Казакстандагы өз миссияларынын санын кыскартты.
"Ээн калган көчөлөрдө тизилген өлүктөр, өрттөлгөн имарат жана унаалар, башаламандык... Америкалык өнөктөштөр мурдагы СССРдин республикаларын ушундай көрүнүшкө батыргысы барбы?" – деп суроо салат серепчи Виктория Никифорова. Анын ушул жагдайдын тегерегинде ой калчаган макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
2019-жылы АКШнын коргоо мекемелеринин позициясын билдирген Rand Corporation "Чыңалуулар жана Россияны чайпалтуунун" кыйла так планын жарыялаган. Анда баары даана жазылып, адегенде Украинаны учуучу куралдар менен жабдуу, кийин Беларустун "тынчын алуу", андан ары Борбор Азияны козгоо, ага катар эле Түштүк Кавказды чабыштырып, Молдовага Приднестровьени "кайтаруу" да камтылган. Америкалык өнөктөштөрдүн планында мурдагы СССРдин чет-жакасында сакталып калган анклавдардын баарын кыйратуу да бар.
Борбор Азияда базалар боюнча тема америкалыктар үчүн Афганистандан качып чыгарда орчундуу болуп чыга келди. Өзбекстан азырынча өз аймагында америкалык аскерлерди жайгаштыруудан чечкиндүүлүк менен баш тартууда. Бул республика азыр ЖККУнун курамында эмес, эгер капыстан аларда да Казакстандагыдай апаат башталып кетсе, Москва кол сунууга жетишпей калышы ыктымал. Россияга коңшу өлкө жетекчилери дүйнөдө үч гана глобалдык суверендүү оюнчу бар экенин эбак түшүнүүгө тийиш эле.
Алардын ичинен Россия жана Кытай тынчтык жана коопсуздукка чындап кызыкдар. Ал эми үчүнчүсү — Америка баары баарына каршы согушун тутантууну көздөгөндөй. Албетте, андай далалатын "жергиликтүү тургундардын тынч акциялары" катары көрсөткүсү келгендери түшүнүктүү.
Молдова сымал өлкөлөр НАТОго да, ЖККУга да кирбестен аскерий блоктордон тыш болууга умтулат. Баары эле эрежелер чегинде иш алпаргандай туюлат. Саясат жана риторикасында русофобия, "туура" батышчыл президенти бар. Бирок америкалыктар анын аймагындагы Приднестровье маселесин чечүүгө белсенишсе Майя Санда эмне кылат? Эгер алар таңуулаган саясатка макул болбосо, ал үчүн андай Майданды тез эле уюштура коюшат.
Алматы шаарындагы ЖККУнун тынчтык орнотуучу аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Тынчтыктын кепилдиги. ЖККУнун тынчтык орнотуучу миссиясы жөнүндө кеп
Түштүк Кореяда жетекчилик кандай алмашарын карап көрүңүздөр. Киши колдуу болушат, өз өмүрлөрүн кыйышат, аягы жок соттук жараяндар жана "эбегейсиз мөөнөткө" эркинен ажыратылышат. Дүйнөнүн эң технологиялык жана өнүккөн мегаполистеринин бири болгон Сеулдун аянттарында дээрлик ар жуманын аягы ар кыл маселелер менен чыккан нааразылык акциялары менен өтөт. Улам бир президенттин камалышынын алдында алар көнгөн жерине дал ушундай талап менен чыгышат. Ал эми Түштүк Корея — вашингтондук администрациянын эң сүймөнчүктөрүнүн бири. Дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүнүн бири, бирок лидерлерин бөтөнчө ырайымсыздык менен алмаштырышат.
Постсоветтик мамлекеттердин жетекчилиги калкынын камын ойлоп экономикасын көтөрсө, эч кандай майдан болбойт деген пикирлер бар. Жакырчылыкты жоюу керектигинде кеп жок. Социалдык аяр катмарга камкордук көрүп, билим берип, социалдык өсүшкө жетелөө зарыл. Бирок муну менен эле өлкөнүн тынчтыгы жана коопсуздугу кепилденип калбайт экен.
Көз алдыбызда Гонконгдун турмушу токтоп калбадыбы. Болбосо бул – дүйнөдөгү кандай бай мегаполистердин бири. Үгүткө сугарылган студенттердин көчөдө айлап өткөргөн акцияларынын айынан калаада транспорт жүрбөй, чакан бизнес кыйрап, белгилүү отелдер ээн калып, башаламандыктан туризм токтоп турбадыбы. Кошмо Штаттардагы кыйла гүлдөгөн Портленд шаары мурдагы жылы саналуу күндүн ичинде эле башаламандыктын чеңгелине түшүп калды.
Азыркы тапта террорчулардан тазаланып жаткан Алматы Борбор Азиянын өнүккөн кооз шаарларынан. Бирок бул абалы аягы чаң-тополоңго айланган акцияларга бөгөт боло алдыбы? Теңсиздик, тилекке каршы, азыркы экономиканын ажырагыс бөлүгү тура. Андай абал бардык жерде — Мумбайдан Чикагого дейре, Рио-де-Жанейродон Нур-Султанга чейин бар экен. Нааразычылык акцияларына шылтоо болгону менен нагыз себеби болушу мүмкүн эмес. Жарандарды алтынга бөлөсөң да өлкөңдө 22 миң батыш коммерциялык эмес көз карандысыз уюмдар иштеп турганда (Казакстандагыдай) сырттан даярдалган төңкөрүш заматта эле жүзөгө ашып кетиши ажеп эмес.
Айрым постсоветтик мамлекеттер үчүнчү күчтөргө ишенип алып кылыч мизинде калышат. Буга далил "Улуу Туран" сымал долбоорлор бар. РФ дайым баарына кол сунууга даяр, бирок бул иш бир жактуу болбойт, коңшулардан да тийиштүү кадамдар керек. Дегеним, ал өлкөлөрдөгү орус тилдүү калк катмары өздөрүн тынч сезиши керек. Орус тили өзүнүн жогорку макамын сактап калууга тийиш. Маңызсыз агрессивдүү шовинизмге жол берилбей, ата-бабаларыбыз биргеликте куруп кеткен өзгөчө цивилизацияны кармап калуубуз кажет. Антпесе, мындай эбегейсиз орток мурастарды сактай албай калабыз.
ЖККУ — алты мамлекеттин эриш-аркак ишинин жемиши. Анын калкалоосунда болуу үчүн жамааттык жана жоопкерчиликтүү болуу абзел. Мамлекеттик акылгөйлүк жана стратегиялык эсеп керек, болбосо дал ушул нерселер мүнөттүк пайдага азгырылган постсоветтик каймактарга жетишсиз.
Көп вектордуулуктан четтеген оң, алардан эми майнап жок. Эки тоону эңсей берген болбойт. Россия — бул багытта ынанымдуу өнөктөш, бирок бир алакандан үн чыкпайт эмеспи. Ал да коңшуларынан ошондой эле ишенимдүүлүктү, жоопкерчиликти күтөт.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев: террордук согуш, мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болду
Жаңылыктар түрмөгү
0