00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:08
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше штрафов — меньше аварий? Обсуждаем новые меры безопасности
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз ССРи менен түз мамиле курган Монголия. 30 жыл мурунку видео

Жазылуу
Быйыл апрелде расмий Бишкек менен Улан-Батордун ортосунда дипломатиялык алака түзүлгөнүнө 30 жыл болот.
Sputnik агенттиги Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлиги кандай түптөлгөнү, эл аралык байланыштар негизделгени жөнүндө даректүү тасмалардын топтомун даярдап сунуштоодо. Колумнист Алмаз Батилов архивден Монголия делегациясынын Кыргыз ССРине келгени тууралуу даректүү тасманын үзүндүсүн тапкан.
1992-жылы 22-апрелде Кыргызстан менен Монголиянын ортосунда дипломатиялык мамиле тууралуу келишимге кол коюлган. Өлкөнүн туңгуч ажосу Аскар Акаев эки ирет Улан-Баторго расмий иш сапар менен барган. Андан соң Монголиянын жетекчилери да Кыргызстанга үч жолу келип кетишкен. Ал эми 2019-жылы жогорудагы мамлекеттин президенти Халтмаагийн Баттулга Бишкекке расмий сапары менен келип, элчилигин ачкан.
Монголиялык изилдөөчү Бадрал Даваасамбунун тарыхый маалыматына таянсак, Моңгол Эл Республикасынын жетекчиси Жатмын Батмунх башында турган делегация Фрунзе шаарына расмий сапар менен 1986-жылы июлда келген. Конокторду Кыргыз ССРинин Коммунистик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Абсамат Масалиев тосуп алып, эки жетекчи достук мамиле орнотуу жөнүндө келишимге кол коюшат. Муну менен эки республика мурдагы мамилесин дагы кеңейтишет. Кыргызстан менен биринчилерден болуп мындай жогорку дипломатиялык деңгээлде келишимди түзгөн расмий Улан-Батор болду.
Монголиянын башчысы Батмунх Масалиев менен Тянь-Шань (азыркы Нарын) районундагы асыл тукум мал заводуна келген деп эскерет бул ишканын башкы ветеринары Бапа Мукалиев. Анын айтымында, жогорудагы завод менен Селенга аймагы кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшкан. Андан кийин Монголиянын ажосу Тоң районундагы Карл Маркс колхозуна да барган. Бул расмий сапардын жыйынтыгы менен айыл чарба тармагы боюнча бир нече келишимге кол коюлган.
Ошол эле жылы ноябрда Улан-Баторго Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын катчысы Жумгалбек Аманбаев барып, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун башкы багыттары жөнүндө келишимге кол койгон. Анын натыйжасында эки өлкөнүн адистери тажрыйба алмашкан. Белгилей кетчү жагдай, моңгол элинин алгачкы космонавты Жугдэрдэмидийн Гуррагча Фрунзедеги учкучтарды даярдоочу техникалык училищеде окуган.
Тема боюнча:
Баткенди коргоого ынтызар афган балдар. Кыргыз ССРине келген Кабул делегациясы
Блокадада калган Афганистанга жол ачкан Кыргыз ССРи. Унутта калган тарых
Жаңылыктар түрмөгү
0