Кыргызстанда Казакстандан алынчу азык-түлүктүн запасы кандай? Сереп
10:54 11.01.2022 (Жаңыртылды: 10:57 11.01.2022)
© Sputnik / Максим Богодвид
/ Жазылуу
Кыргызстан Казакстандан эмнелерди сатып алат, коңшу мамлекетте азык-түлүктүн кору боюнча жагдай кандай? Бул жана башка дагы көп нерседен кеп учугун чубаган Sputnik Кыргызстандын макаласы назарыңыздарда.
Коңшу республикадагы соңку окуялардан улам кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө жайларынын иш тартиби тез-тез өзгөрүүдө. Бул азык-түлүктү алып өтүүдө көйгөй жаратышы ыктымал, анткени Кыргызстан бул багыттагы өндүрүмдөрдүн көп бөлүгүн Казакстан же бөлөк өлкөлөрдөн сатып алат, ошону менен бирге эле жүк Казакстан аркылуу өтөт (маселен, Россия, Беларусь жана Европа биримдигинен импорттойт).
Эмнеликтен Кыргызстан үчүн Казакстан аркылуу импорт жана транзит маанилүү?
Кептин баары Кыргызстан азык-түлүктүн эң маанилүү түрлөрүн өзү белендей албаганында. Былтыр ноябрда айыл чарба министри өлкө өзүн-өзү сүт, картошка жана жашылча менен гана толук камсыздай аларын айткан. Башка азыктар жаатында абал кейиштүү. Кыргызстан өзүн эт менен 68 пайыз, кант менен 56, жумуртка менен 50, май менен 20 пайызга камсыздайт. Көп өтпөй Садыр Жапаров андан бир аз башкачараак маалыматтарды элге жарыялаган. Өлкө башчынын кебине таянсак, Кыргызстанда нан, май, жумуртка өндүрүшү 40 пайызга, ал эми өсүмдүк майы 24 пайызга гана жетерлик көрсөткүчтө. Кандай болсо да азык-түлүк түрлөрүнүн болжолдуу тизмеги белгилүү, келиңиздер, дал ушул товарлардын Казакстандан алып келинишин жана аталган өлкө аркылуу азык-түлүктү кандай көлөмдө алып өтөрүбүздү карап көрөлү.
Улуттук статистика комитетинин былтыркы жылга карата акыркы маалыматтарын талдайбыз.
Эгин жана ун
Кыргызстан өткөн жылдын он айында 158,5 миң тоннадан бир аз көбүрөөк импорттогон.
Сатуучу өлкөлөр:
Казакстан — 88,8 миң тонна;
Россия — дээрлик 68,8 миң тонна;
Өзбекстан — 1 000 тонна;
Түркия — 15 тонна.
Булардан тышкары, Кыргызстанга ундун көп бөлүгү, буудай жана кара буудай унун мисалга алсак, дээрлик 47,8 миң тоннадан ашууну сырттан келет. Анын 45,8 миң тоннасы дал Казакстандан, калганы теңме-тең көрсөткүчтө Кытай жана Россиядан алынат.
Күн карама майы
Отчеттук маал аралыгында Кыргызстанга өсүмдүк майынын бул түрүнөн 30,5 миң тонна импорттолгон. Негизги эки камсыздоочу өлкө бар:
Россия — 21,1 миң тонна;
Казакстан — дээрлик 9,3 миң тонна.
Кант
Былтыркы жылдын январь айынан октябрга чейинки мезгилде Кыргызстанга 42,7 миңден ашуун тонна шекер ташып келинген.
Кант менен бизди камсыздоочулардан эң ирилери (миң тоннадан ашуун):
Россия —19 751,6 тонна;
Бразилия — 9 999,8 тонна;
Азербайжан — 7 031,7 тонна;
Казакстан — 3 031,9 тонна;
Беларусь — 1 830,7 тонна.
Жумуртка
Мында кеп тооктун жаңы жумурткасы туурасында гана (инкубация үчүн бастырылгандар эсепке алынбайт) болууда. Өткөн жылдын он айында республикага 51 миллион даанага чукул жумуртка алып келинген. Бизге бул азыкты саткан мамлекеттер төмөнкүлөр:
Казакстан — 21 миллион 649 миң даана;
Россия — 21 миллион 120 миң даана;
Беларусь — 8 миллион 198 миң даана.
Эт жагдайы кандай?
Кыргызстанга сырттан негизинен тоок эти жана анын бөлүктөрү алып келинет. Отчеттук мезгил ичинде өлкө бул өндүрүмдөн дээрлик 32,5 миң тоннаны башка жактан алган.
Негизги импорттоочулар (миң тоннадан ашуун):
Украина — 15 693,4 тонна;
Россия — 7 753,1 тонна;
Беларусь — 2 479,5 тонна;
Казакстан — 2 337,7 тонна;
Литва — 1 300,6 тонна;
Түркия — 1 267,1 тонна;
АКШ — 1 064,8 тонна.
Бийлик бул тууралуу эмне дейт?
7-январда КР президентинин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кыргыз-казак чек арасындагы айрым көзөмөл-өткөрмө жайлардын утурумдук жабылышы тууралуу оюн билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президентинин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев
КР президентинин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев
"Казакстан тараптан айрым көзөмөл-өткөрмө пунктуларынын жабылышына байланыштуу кооптонуулардан улам бүгүнкү күндө Кыргызстанда социалдык маанилүү өндүрүмдөр жана күйүүчү-майлоочу материалдардын запасы жетиштүү көлөмдө экенин белгилейбиз. Аталган товарлардын таңсыктыгы жаралат же кескин кымбаттап кетет деп коркпоого чакырар элек", — деген Султанбаев.
Анын эртеси күнү (8-январда) Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков Бишкектеги соода түйүндөрүн, базарлардын бирин жана бир катар соода объектилерин кыдырып чыккан. Мындай кадам социалдык маанилүү товарлардын рыноктогу абалын, алгач баа жана запастарын талдоо максатында жасалган.
© Sputnik / Жоомарт УраимовМонополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков
"Мониторинг көрсөткөндөй, социалдык маанидеги азык-түлүктүн баасы мурдагы калыбында, калктын айрым катмары үчүн мурда соода түйүндөрү менен сүйлөшүлгөн арзандатуулар бар. Соода түйүндөрүнүн жетекчилери менен баарлашууда социалдык маанилүү товарлардын кору азыр бар экени маалым болду, керектөөчүлөр тарабынан дүрбөлөң байкалбайт", — деген Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги.
Камсыздоочулардан маанилүү маалымат
Камсыздоочулар, өндүрүүчүлөр жана дистрибьютерлер ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева запас, жабдуу жана транзит боюнча урунттуу учурларга токтолду:
Казакстандагы окуялар маалында темир жол аркылуу ташуу үзгүлтүккө учураган эмес, анткени 7-январда эгин жүктөлгөн вагондор келген. Бирок автомобиль менен ташуу камсыздоочулардын өздөрү тарабынан коопсуздук үчүн токтотулган.
Казакстан Республикасынан импорт эмес, транзит көбүрөөк маанилүү, себеби негизги жабдуучу — Россия;
Азык-түлүк запасы боюнча жагдай дурус. Адатта 1,5 айга каралат, ал эми ушул тапта бул эки айлык көрсөткүчтө. Азык-түлүктүн айрым түрлөрүнүн кору 2,5-3 айга жетет. Анткени жыл тосор маалда камсыздоочулар азык-түлүктү көп ташып келишет, ошол себептен 2-3 аптага транзит токтоп калса да көп кыйынчылык туудурбайт;
Ал эми баа көтөрүлүшү мүмкүн. Буга Казакстандагы окуялар деле себеп эмес, эки жыл катары менен (адегенде пандемиянын айынан, андан соң табигый шарттардан улам) дүйнөдө түшүмдүн аз болушу ун, кант, өсүмдүк майы өңдүү биржалык товарлардын кымбатташына кептөөдө. Январда дүң баа 5 пайызга жогорулашы ыктымал. Ускенбаева чекене баалар да көтөрүлөрүн боолголоду.