Кыялга жетүүнүн бир эле жолу бар. Ырчылардын тиш дарыгери Төрөгелдиевдин ийгилик сыры

© Фото / предоставлено Рустамом ТорогелдиевымЫрчы Мирбек Атабеков жана дарыгер-стоматолог Рустам Төрөгелдиев
Ырчы Мирбек Атабеков жана дарыгер-стоматолог Рустам Төрөгелдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Жазылуу
Медициналык клиниканын негиздөөчүсү, дарыгер-стоматолог Рустам Төрөгелдиев да көпчүлүк абитуриенттердей эле кесип тандоодо эки ача жолдо турган. Ал туура жол тандоосуна жана ийгиликке жетишине апасынын салымы чоң экенин айтат.
Көрүнүктүү эл өкүлдөрүнүн жана жылдыздардын тиш доктуру аталган Рустам Төрөгелдиев кыргызстандыктардын көпчүлүгү тиш оорусун алдын албай турганын, дегеле ден соолугуна кайдыгер мамиле жасаарын белгиледи. Каарманыбыз жеке клиника ачуу кыялынын ишке ашышы, тишке кам көрүү жана пландары жөнүндө Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" программасында айтып берди.
— Алгач өзүңүз тууралуу маалымат берсеңиз.
— Бишкек шаарында төрөлүп, өсүп, орто билимди №38 мектептен алдым. Кийин Кыргыз-Россия Славян университетинин стоматология бөлүмүнө тапшырдым. Мен мектепти бүтүрүп жатканда 2006-жылы компьютерлер кеңири колдонулуп баштагандыктан, ушул багытка кызыгуум күч болчу. Андыктан программист болом деген оюм бар эле. Ал эми апам тиш доктур кесибин сунуштап калды. Ошентип КРСУнун стоматология жана программалоо бөлүмүнүн экзаменинен өтүүнү чечтим. Бирок жетекчилик эки жакка тең тапшырууга болбой турганын айтып, жыйынтыгында тиш доктурдун окуусун тандап, өтүп кеттим. Учурда иштегениме 11 жыл болду.
© Sputnik / Асель СыдыковаКөрүнүктүү эл өкүлдөрүнүн жана жылдыздардын тиш доктуру аталган Рустам Төрөгелдиев
Стоматолог Рустам Торогелдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Көрүнүктүү эл өкүлдөрүнүн жана жылдыздардын тиш доктуру аталган Рустам Төрөгелдиев
— Буга чейинки маектериңизде стоматология жөн гана кесип эмес, бул жашооңуз экенин, кичинекей кезиңизде кыялыңыз элге пайда алып келүү болгонун айткан экенсиз. Пайдалуу болууга умтулуу бул абдан сонун нерсе. Кыялыңыз кантип орундала баштады?
— Биздин учурда стоматологияда окуунун баасы 25 миң сом болчу. Азыр келишимдик негизде окуу КММА жана КРСУда 60-70 миңге көтөрүлүп кетиптир. Ал кезде биздин бөлүмдө 8 группа болсо, учурда эки эсе көбөйгөн экен. Менимче, мындай учурда билим алуунун сапаты төмөндөйт. Тиш доктур кесибине 7 жыл окушат. Пломба койгонду билбеген бүтүрүүчүлөр да бар. Андыктан практикалык окууга басым жасалышы керек. Биринчи курста окуп жатканда алдыма жеке клиника ачуу максатын койдум. Андыктан эртеден кечке чейин эс албай, түшкү тыныгуусуз иштедим. Ар бир тыйынымды сактап, өзүмдүн клиникамда иштөөнү кыялданчумун. Төрт жыл мурун кыялымды ишке ашырдым. Тиш доктур стоматолог-терапевт, ортопед-стоматолог, ортодонт, пародонтолог, имплантолог, стоматолог-хирург, балдар стоматологу жана тиш техниги деген адистиктерге бөлүнөт. Мисалы, стоматолог-терапевт тиш ооруганда пульпит, кариестин түрлөрүн дарылайт. Ал эми ортопед-стоматолог коронка, протез салат. Хирургдар тишке түрдүү операцияларды жасашат. Балдар-стоматологу да татаал багыттардын бири. Алар бала менен тил табышып, тишин дарылоого мүмкүндүк түзүшү керек. Имплантолог тиш жок жерге темир орнотуп, үстүнө тиш салат. Азыр бул багыт Кыргызстанда жаңы өнүгүп жаткандыктан баасы кымбат. Андыктан тиш ооруса жулдуруп салбай, аны эртерээк дарылап сактап калганга аракет кылыш керек. Себеби жулунган тиштин ордуна кайра тиш жасатуу кымбатка түшүп калат. Андан тышкары, азыр көпчүлүк адамдардын тишинин түзүлүшү бузулгандыктан ортодонттор популярдуулукка ээ. Бул жаатта брекет, лайнер системалары абдан жакшы натыйжаларды берип жатат.
— "Адегенде мени жаш бала деп көбү ишене беришчү эмес, кардар топтоо оңойго турбаганына карабай, азыр күнүнө 15-20 адамды кароого жетишип жатам" деген экенсиз…
— Университетти аяктагандан кийин бир жеке клиникада иштеп баштагам. Алгач жаш көрүнгөндүктөн бейтаптар коркуп, ишенбегендей мамиле жасап жүрүштү. Мен болсо келгендердин тишин оорутпай, жакшы жасап берчүмүн. Жаңы иштеп баштагандагы бейтаптар туруктуу кардарга айланышты. Айрымдарын 10 жылдан бери дарылап келем.
— 29 жашта өзүңдүн жеке клиникаңдын болушу бул өтө чоң жетишкендик. Алгачкы кадамдарыңызды көп эстейсизби?
— Ооба, иштегенден баштап тапканымды коротпой жеке менчик клиникама керектейм деп каражат чогулттум. Күнү-түнү иштеп, жеке жашоомо да убакыт ашкан жок. Бирок ошого карабай клиника ачууга акчам жеткен жок. Биринчиден, бөлмө, экинчиден, кымбат жабдуу, стоматологиялык эмерек алыш керек эле. Ошентип мындан 4 жыл мурун биринчи клиникамды ачтым. Жерди жана жабдыктардын акчасын бөлүп төлөдүм. Эки жылда кутулуп, ал жай менчигим болуп калды. Бирок стоматология борбору элге көрүнүктүү жерде болбогондуктан, аны табуу, дегеле өтүп баратып кирип дарыланууга ылайыктуу эмес болчу. Ошондуктан мени тааныган же мага кайрылып жүргөн бейтаптарды гана тейлечүбүз. 2021-жылдын жайында максат коюп, кыялданган медициналык жайды ачтым. Мен каалагандай элге көрүнүктүү жерде. Бир гана стоматология багытында эмес, гинекология, массажист, логопед, остеопаттардын да кызматы кошулду. Жакында медициналык кызматтардын башка түрү да кошулат. Командабыз 2-3 айда бир ар кайсы мамлекеттердеги семинар, окууларга катышып, квалификацияны жогорулатып турабыз. 2022-жылы Дубайдагы семинарга барып келүүнү пландап жатам.
© Фото / предоставлено Рустамом ТорогелдиевымТөрөгелдиев: аймактарда жана чет мамлекеттерде медициналык клиника ачуу планым бар
Стоматолог Рустам Торогелдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Төрөгелдиев: аймактарда жана чет мамлекеттерде медициналык клиника ачуу планым бар
— Сизди жылдыздардын стоматологу катары тааныйбыз. Бул сиздин ишиңиздин илгерилешине таасир эттиби? Эмне үчүн алар сизди тандады деп ойлойсуз?
— Биринчи мага актриса, режиссёр кыздар Мадина, Медина Талипбек келип дарыланышты. Алардын артынан эжеси, Non Stop дуэтинин солисти Чолпон Талипбекова кайрылып, айтор, алар аркылуу көптөгөн жылдыздар келе баштады. Колум жеңил болгондуктан тандашса керек. Анын үстүнө клиникамда стоматологиялык кызматтын бардык түрлөрү көрсөтүлөт. Иште заманбап материалдар жана дарылоо ыкмалары колдонулат.
— Бейтап клиниканын ишинин сапатын жана дарыгердин кесипкөйлүгүн аныктай турган кандайдыр бир белгилер барбы?
— Эң оболу клиниканын жабдылышына, дарыгер кандай материалдарды колдоноруна жана бейтаптарга кандай шарттар түзүлгөнүнө көңүл буруш керек. Бейтап клиниканын лицензиясы, дарыгердин диплому жана сертификатынын болушуна, ошондой эле иш тажрыйбасына да маани бергени туура.
© Фото / предоставлено Рустамом ТорогелдиевымТөрөгелдиев: башында жаш көрүнгөндүктөн бейтаптар коркуп, ишеним көрсөтүшчү эмес
Стоматолог Рустам Торогелдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Төрөгелдиев: башында жаш көрүнгөндүктөн бейтаптар коркуп, ишеним көрсөтүшчү эмес
— Дени сак тиш табияттан берилген белек гана эмес, ага кылдат, күнүмдүк кам көрүүнүн натыйжасында ээ боло алабыз. Айтсаңыз, тишке жана ооз көңдөйүнө кантип туура кам көрүү керек?
— Ар бир тиш доктур тишиң оорубаса дагы жарым жылда бир дарыгерге кайрылып турууну сунуштайт. Анткени адам чындап эле тиште пайда боло баштаган көйгөйдү көзү менен көрө албайт. Тиштин түптөрүндө байкалбай таш пайда болот. Аны щётка менен жууп кетирүү мүмкүн эмес. Арылбаса кариес пайда болот. Өз учурунда тишти тазалап туруу адамдын ооз көңдөйүн таза, жагымдуу кылып, аз каражат сарпталат. Белгилей кетчү жагдай, кариесте тиш сөзсүз түрдө карарып же дароо эле ооруй калбайт. Орто кариесте таттуу жегенде тиштин түбү ооруп кайра басылып калат, ал эми таптакыр күчөп баратканда ысык-суукка сезимтал болуп калганынан биле аласыздар. Анда да дарыгерге кайрылбаса катуу тиш оору башталат. Өтө күчөп кеткен кариесте тиш желип отуруп жок калат да, жулууга туура келет. Ордуна тиш салбаса, тиштер жылышып кыйшая баштайт. Бул жаактын өзгөрүшүнө да алып келет. Демек, тамак чайнаганда жетиштүү деңгээлде майдаланбай ашказанда да көйгөйлөр чыгат. Кошумчалай кетсем, ооздо өтө көп бактерия болгондуктан, тишти дарылап, гигиенаны сактабаса ичеги-карын да ооруп баштайт.
© Фото / предоставлено Рустамом ТорогелдиевымСтоматолог: ооруган тишин дарылабай эле жулдуруп салып тиши кыйшайгандар арбын. Ошондуктан брекет системасын орноткон ортодонттордун иши да көбөйдү
Стоматолог Рустам Торогелдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Стоматолог: ооруган тишин дарылабай эле жулдуруп салып тиши кыйшайгандар арбын. Ошондуктан брекет системасын орноткон ортодонттордун иши да көбөйдү
— Эртең менен тамакка чейин жана тамактан кийин тиш жуугандар бар. Кайсынысы туура?
— Тишти күнүнө эки жолу: эртең мененки тамактан кийин, кечинде жатар алдында жууш керек. Ушундай режимде тиш жуусаңыз тура калып эле тиш тазалоонун кереги жок. Себеби түндө шилекей аз бөлүнүп чыккандыктан анча деле көп бактерия чогулбайт. Анан тишти жууганды да билбейбиз. Туурасы — щётканы өйдө-ылдый жана айлантып жууш керек. Эгерде бейтаптын эмалында жарака, кариес же башка кемчиликтер бар болсо, анда катуу же орточо катуулуктагы щётканы колдонуу бул көйгөйлөрдү курчутушу мүмкүн. Эгерде мурда катуу щётка колдонуп жүрүп жумшак щётка сатып алсаңыз, анда сиз аны бир нече күндөн кийин ыргытып жибересиз. Анткени ал сизге тишиңиздин бетин мурдагыдай жылмакай кыла албайт. Электр тиш щёткаларынын башы айланып турат, бирок аны менен тиштин ортосундагы тамак-аш калдыктарын тазалоо кыйынга турат. Андыктан тиш щётка тандоодон мурун тиш доктуруңуз менен кеңешип алганыңыз оң.
— Балдардын сүт тиштерине кам көрүүнүн кереги жок, анткени баары бир түшүп калат деген пикирлер бар. Ушундайбы?
— Сүт тишти дарылоо абзел. Ооруган тиш жанындагы тиштерге да доо кетирет. Жогоруда айтып өткөндөй, жулдурган учурда да тиштер жылышат. Туруктуу тиштин орду бош болбогондуктан ал тиш кеч жана кыйшайып чыгат. Жаак кичирейип өспөй калат. Азыр дал ушул маселе курч болгондуктан брекет системасын орноткон ортодонттордун жумушу өтө көп болуп жатат.
© Фото / предоставлено Рустамом ТорогелдиевымРустам Төрөгелдиев дүйнө чемпиону балбан Мээрим Жуманазарова менен
Стоматолог Рустам Торогелдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Рустам Төрөгелдиев дүйнө чемпиону балбан Мээрим Жуманазарова менен
— Тишти агартуу туурабы, дегеле адамдын табигый тишинин өңү кандай болушу зарыл?
— Эгерде агартуучу тиш пасталары тууралуу айта турган болсок, анда аларды узак мөөнөт пайдалануу тиш эмалынын сүрүлүп, эскиришине алып келиши мүмкүн. Тишти туура жана дайыма жууса агара берет. Тиштин өңү генетикалык өзгөчөлүккө жараша ар кандай түстө болушу да мүмкүн. Кофе, чай, тамеки чеккендердики саргаят. Тишти дарыгерге тазалатса да өз түсүнө келет. Эгер андан дагы агартууну кааласаңыздар азыр химиялык профессионалдык (лазер, суу менен аттыруу ж.б.) агартуунун көптөгөн түрлөрү бар.
— Тиш доктурдун көз карашы боюнча сагыз чайноо тишке кандай таасир этет?
— Сагыз чайнаганда шилекей рефлекстүү түрдө бөлүнүп чыгып, ооздогу кислотаны нейтралдаштырат. Ал тамак-аш калдыктарын жууп кетет. Тамактан кийин 2-3 минута чайнаса жакшы болот.
— Тиш кариесине каршы вакцина ойлоп табуу боюнча дүйнө жүзүндө изилдөөлөр, сөздөр болгон. Качан вакцина чыгышы мүмкүн?
— Бул жаатта дүйнө жүзүндө аракеттер көрүлүп жатат, бирок кариеске каршы вакцина жок. Менимче, стрептококк бактериясына каршы каражат чыгышы мүмкүн. Бирок кариестен сактаган дары-дармек жакын арада чыкпайт деп ойлойм.
© Фото / предоставлено Рустамом ТорогелдиевымТөрөгелдиев: туура жолду тандап жана ийгиликке жетүүмө апамдын салымы чоң
Стоматолог Рустам Торогелдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2022
Төрөгелдиев: туура жолду тандап жана ийгиликке жетүүмө апамдын салымы чоң
— Эмне үчүн стоматологиялык кызматтар дайыма кымбат?
— Стоматологиялык кызматтын баасы жабдуулардын, дарылоодо колдогон материалдардын жана дарыгердин эмгегинин баасынан түзүлөт. Сапаттуу материалдар менен дарылоонун баасы төмөн болушу мүмкүн эмес. Тишти жакындатып көрүүчү жана шилекейди тазалоочу же дарылап жатканда тишти шилекейден бөлүп туруучу кошумча каражаттар колдонулат. Баа жаңы технологиялардын колдонулушунун негизинде коюлушу мүмкүн.
— Мындан кийинки кадамдарыңыз кандай болот?
— Жалпы республика боюнча сапаттуу медициналык кызматтар жеткиликтүү эмес. Аймактарда жана чет өлкөдө клиника ачууну пландап жатам. Учурда Бишкекте тиш дарылоо боюнча бардык ыкмалар колдонулат. Акыркы үлгүдөгү жабдуулар бар. Эми мунун баарын аймактарга жеткиликтүү кылуу керек.
Qatar Airways авиакомпаниясынын борт кызматкери Перизат Рыспаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Катар авиакомпаниясынын стюардессасы Перизат: эркектер бул жумушка чыдабайт
Художник в стиле стринг-арт, путешественник Азамат Жаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Азамат Жаналиев: колдор жооруп, канаган күндөр болгон. Көк беттенип жатып, быштык
Жаңылыктар түрмөгү
0