Туура арыктагыла! Салмак таштайм дегендерге диетологдон 6 кеңеш

© Фото / Pexels/ Victoria BorodinovaТаразага түшүп жаткан кыз. Архив
Таразага түшүп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Жазылуу
aryktagysy-kelgenderge-kenesh
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги диетолог Марина Дүйшөнкулованын адам кийин дароо семирип кетпей, салмакты туура таштоо үчүн эмне кылышы керектигин сурап көрдү.
© Sputnik / Табылды КадырбековДиетолог Марина Дүйшөнкулова
Нутрициолог, специалист Республиканского центра укрепления здоровья Марина Дуйшонкулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.01.2022
Диетолог Марина Дүйшөнкулова
Адис төмөндө кереги тие турган кеп-кеңештерин берди.
Тез арада салмак таштоого ашыкпагыла. Көп аялдар убакытты биринчи орунга коюп, бат эле арыктоону каалашат. Айрымдары бир айдын ичинде 10 килограммга чейин салмак таштайбыз дешет. Ошентсе болот, бирок бул организмди стресске тушуктурат. Адам бир ай же бир жуманын ичинде семирип кетпейт. Акырындап салмак кошуп, акырындап толот. Эгер бир айдын ичинде 10 килограммга семирип кетсе, анда ал патология болушу ыктымал. Адам канча убакытта салмак кошсо, арыктаганга деле ошончо убакыт кетет.
Тамактанууга жакшылап көңүл бөлүү. Арыктайм деген адам биринчи кезекте тамактануусуна көңүл бурушу керек. Тамак рационунда витамин, белок, углеводдун баары болушу шарт. Мындан сырткары, суунун өлчөмүн жөнгө салганы дурус. Себеби организмдин басымдуу бөлүгү суудан турат. Суунун көлөмүн эсептеген оңой эле. Мисалы, ар бир килограмм салмакка 30 миллилитр суу туура келет. Эгер адамдын салмагы 50 килограмм болсо, аны 30га көбөйтүп салмагына жараша суу ичет. Эртең менен турганда бир стакан жылуу суу ичесиздер. Аны дароо эле жутуп салбай, улам ууртап, бөлүп ичкен оң.
Аз-аздан, бирок бат-баттан тамактануу. Негизи ар бир адам күнүнө беш маал тамактанганы оң. Анын ичинде үч маал (эртең менен, түштө, кечинде) толук тамактануу болсо, ортосунда айран, алма, жаңгак сыяктуу азыктар менен шам-шум этүү зарыл.
Аз жесе эле арыктап кетпейт. Айрымдар "арыктайм" деп эртең менен бир тамак, кечинде бир тамак менен чектелет. Болгондо да алма жеп, айран ичип коюп жүрө берет. Кээ бирлери суу эле ичет. Организмди эч убакта минтип кыйнабаш керек. Мындай диетага отурган учурда адам кийин эки эсе салмак кошушу толук мүмкүн. Себеби организмдин дагы эс-тутуму болот. Ал канчалык салмак кетирсе, кайра ошончо кошуп алат. Ошол себептен айрымдар катуу диета кармап туруп таштап салганда дароо семирип кетет.
"Сыйкырдуу" таблеткадан алыс болгула. Мындай таблеткаларды көбүнчө жаш кыздар ичет. Аны колдонгондон кийин адам ачка-тогун билбей эле тамак жебей жүрө берип организмди таптакыр бузат, стресске алып келет. Ошол себептен аны ичерден мурда ойлонуш керек, адистерден сурап, кеңеш алууну сунуштайм.
Кыймыл, спорт. Адам канча энергия алса, ошончо кетириши керек. Мисалы, беш маал тамактангандан 2000 килокалорий алды дейли. Эгер көп кыймылдабаган киши болсо 1000 килокалорийи басып-турганына кетсе, калган миңи кошумча салмак болуп кошула берет. Ошол себептен топтогон килокалорийди энергия, кыймыл менен кайра сыртка чыгаруу кажет. Кыймыл орточо жана жогорку болуп экиге бөлүнөт. Орточо кыймылга басып, үйдө майда-барат нерселерди жасап жүргөнүбүз кирет. Ал эми жогоркуга спорт менен машыгуу, чуркоону кошсо болот. Ар бир адам жумасына үч ирет спорт менен машыгып же чуркаганы жакшы.
Имбирь. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2021
Арыктатпайт! Диетолог салмак кошпойт деген "жаңылыш" азыктарды тизмектеди
Жаңылыктар түрмөгү
0