Жеке каржы жаатында 2022-жылда элди эмне күтөт? Маалымат топтому

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча кармаган аял. Архивдик сүрөт
Акча кармаган аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан редакциясы жаңырган жылда күчүнө кирип, жарандардын капчыгына таасирин тийгизе турган өзгөртүүлөрдү тизмектеди.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Быйыл кыргызстандыктардын турмушуна жана каражатына, ал тургай айрым категориядагы азыктануусуна кайсы бир деңгээлде таасир эте турган бир катар чечимдер күчүнө кирет.
Мындай чаралардын бир даары жаңы Салык кодексинде камтылган. Бул документти 22-декабрда парламент кабыл алып, бирок президент кол кое элек.

Жарык тарифтери

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тарта https://sputnik.kg/20211206/ehlektr-kubatyna-tarif-tomondodu-1054875919.html 16 жашка чейин балдары бар жана "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөк пулун алуучу бүлөлөргө 50 тыйындык тариф (700 киловатт-саат чегинде керектөөдө бир киловатт-саатка 50 тыйын) киргизилет.

Социалдык чегерүүлөр (төгүмдөр)

Былтыр сентябрда эле өлкө президенти чакан жана орто ишкердик субъектилер үчүн камсыздоочу төгүмдөрдүн тарифин жумушчулардын санына, аларга которулган маяна көлөмүнө жараша үч жылдык мөөнөткө төмөндөтүү боюнча жарлыкка кол койгон. Тагыраагы, анда 2022-жылдан 2024-жылга дейре 27,5 пайыздан 22 жана 14 пайызга төмөндөтүү боюнча айтылган.
Кытай менен Кыргызстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2021
Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 13 млрд. сом бөлөт. Акча эмнеге жумшалат?

Салыктын бир катар түрүнөн бошотуу

Декабрдын башында Жапаров каржы жаатындагы дагы бир жарлыкка кол койду. Ага ылайык, жылдык айлантуу 8 миллион сомго жетпеген ишкерлер киреше жана жумушчулары болгон шартта Социалдык фондго төгүмдөрдөн тышкары салыктын дээрлик бардык түрүнөн бошотулат. Бирок бир нече талап коюлат, анын ичинде ККМ сөзсүз болушу шарт.
Орто бизнес үчүн (8 миллиондон 30 миллион сомго чейин айлантылган) бирдиктүү салык режими каралган Ишкерлер ишмердүүлүк түрүнө жараша 0,25 пайыздан 10 пайызга чейин салык төлөшөт. Айлантуусу 30 миллиондон ашкан ири бизнес салыктын ар бир түрүн өзүнчө төлөйт.
Ишкерлер январь айында 15 иш күн аралыгында салык режими менен такташып алууга тийиш. Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басарынын эсебинде акыркы мөөнөт январдын аягына чейин болушу ыктымал. Эгер бизнесмендер салык тартибин тандашпаса, жалпы режимде иштешет. Эгер мурда сиздики жөнөкөйлөтүлгөн тартип болсо, ал тастыктоосуз калтырыларын эске алыңыз. Дагы бир көңүлгө түйө турган жагдай — салыктардын жоюлушу менен салык отчеттору да тапшырылбай калбайт. Аларды квартал сайын тапшыруу зарыл.
Милдеттүү патенттер жоюлду, ошондой эле тийиштүү орган ишкерлик ишмердигине алынчу ыктыярдуу патентти жоюу боюнча да документ камдоодо. Буга себеп – 8 миллионго жетпеген акча айланткан ишкерлерди салык төлөөдөн бошотуу, ошондуктан "патенттин кажети жок". Жеке эмгек ишмердиги үчүн ыктыярдуу патенттердин тагдыры азырынча белгисиз.

Жетим балдар жана карыялардын тамагы жакшырат

Министрлер кабинетине 1-январдан тарта республикадагы бардык балдар үйү жана интернаттардагы тамак-ашка бөлүнгөн каражат 100 пайызга көбөйтүү тапшырылган. Бул ата-эненин багуусунан ажыраган, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, социалдык мекемелерде баш калкалаган карыялардын тамактануу сапатын жакшыртууга багытталган.
Балатынын жанында отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2021
Жаңы жыл тосом деп акчасы жок калбаңыз. Чыгымды тизгиндөө жолдору

Фермерлерге көмөк

Айыл чарба өндүрүшчүлөрүн колдоо иретинде министрлер кабинетине айдоо жерлерин пайдаланууга жер салыгын төлөөдөн 2022-жылдан 2024-жылга (3 жыл) чейинки убакытка бошотуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу табышталды.

Жөлөк пулдун көлөмү көбөйөт

1-январдан тарта төмөндөгү категориялар үчүн жөлөк пул жогорулайт:
ВИЧ же СПИД менен жабыркаган энелердин балдарына — 6 000 сомдон 8 000 сомго чейин;
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга — 6 000 сомдон 8 000 сомго чейин;
Ата-энесинин бирин жоготкон балдарга — 1 500 сомдон 2 000 сомго чейин;
Ата-энесинен айрылган балдарга — 3 000 сомдон 6 000 сомго чейин;
Бала кезинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга (I топ) — 6 000 сомдон 8 000 сомго чейин;
Бала кезинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга (II топ) — 4 950 сомдон 6 600 сомго чейин;
Бала кезинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга (III топ) — 4 050 сомдон 5 400 сомго чейин;
атасы да, апасы да белгисиз балдарга — 3 000 сомдон 6 000 сомго чейин.
1-апрелден тарта мугалим, врач, маданият жана илим ишмерлеринин маянасы жогорулайт. Жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча 50 же 100 пайызга көтөрүлөрү так болорун министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров былтыр октябрда билдирген.
Акча санап жаткана адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2021
Иши жок калдыңызбы? Пассивдүү киреше ушундай маалда зарыл
Резкое повышение доллара к лиру в Турции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Доллар жаңы жылдан кийин кымбаттайбы? Кыргызстандагы абалга божомол
Жаңылыктар түрмөгү
0