Жаңы жыл тосом деп акчасы жок калбаңыз. Чыгымды тизгиндөө жолдору

© Фото / Pexels / Andrea PiacquadioБалатынын жанында отурган аял. Архив
Балатынын жанында отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2021
Жазылуу
Ар бир майрам чыгым кылат, ал эми Жаңы жыл тосуу капчыкка бир топ эле сокку урары маалым. Натыйжада январдын башынан тарта кийинки айлыкка чейин кантип жан багам деген суроо туулат.
Сизди ошондой жагдайдан куткарчу бир катар кеңештерди тизмектедик. Жыл жаңырарына саналуу күн калды, антсе да капчыкты кагып же эсебиңизди эңшерип кое элексиз деп ишенип туралы.
Аппак кар, жапжашыл балаты, мандарин, көңүл көкөлөткөн белектер... Жорж Майклдын Last Christmas же Каныкей Эралиеванын “Жаңы жылды тосолу” деген ыры коштолгон кеч да өтөт. Майрам аяктап, акча тартыштыгы менен коштолгон иш күндөрү башталат. Себеби майрам маалында бир эсе толкунданып, бир эсе жакындарга жагымдуу маанай тартуулайм деген ойго берилип, алыбызды өлчөбөй көп каражат сарптап алабыз. Айрымдар “Баарынын, анын ичинде майрамдардын да өз баасы бар” деп андай абалга кол шилтеп коет.
Ошентсе да жакындарды да, өзүңүздү да кубантып, январда да кенен-кесир жашоонун жолдору бар. Айтмакчы, аларды жеке өзүм да сынап көрдүм, ошондуктан майнаптуу экенин бөркүңүздөй көрүңүз.

Каражатсыз кантип дасторкон жаюуга болот?

Албетте, таптакыр эле тыйын сарптабай кое албайсың деңизчи. Бирок күн мурунтан камын көргөн болсоңуз, майрамдык дасторконго зарыл азык-түлүк дээрлик көп чыгым кылбайт.
Жыл башында кадимки эле бир литрлик банкага тыйын-тыпыр топтой баштагам. Ага тийбеш үчүн оозун катуу бекитип, акча салына тургандай гана тешип койгом. Бул ыкма билинбестен акча топтоого көмөкчү болот. Күндө 10, 15, 20 сомду салып турганды адатка айландырыңыз, бул капчыкка анчалык деле оорчулук келтирбейт. Жакында жубайым экөөбүз аны ачып санасак, үч миң сомдон ашык акча чогулуптур. Башкача айтканда, жок эле жерден жаңы жылдык дасторконду “каржылап” алдык. Албетте, үч миң эмнеге жетсин дегендер четтен чыгар. Алар үчүн экинчи кеңешти сунуштайлы.
Акча санап жаткана адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2021
Иши жок калдыңызбы? Пассивдүү киреше ушундай маалда зарыл

Алдыңызга алыңызга жараша аш жайыңыз

Бала кезден жыл тосууда жайыл дасторконго көнүп калгам. Менимче, бул совет мезгилинен бери келе жаткан адат. Дасторконду дүр-дүйүм тамак-ашка толтуруу – меймандарга кожоюндардын бардарчылыкта жашаганын көрсөтүү аракети. Бирок азыркы заманда бул күнү бири-бириникине айылчыламай деле азайды. Көпчүлүк Жаңы жылды үй-бүлөсү менен гана тосууну туура көрөт, ошондуктан 22 түр тамак жасайм деп чарпылуунун кажети жок. Январдын башында ачып кеткен оливьени же чирип кеткен мандаринди ыргытпаш үчүн үйдөгү киши санына гана чактап дасторкон жайыңыз. Сиз таштанды челегине бузулуп кеткен тамакты гана эмес, аларды даярдоодо азык-түлүк сатып алууга жумшаган акчаңызды да төгөрүңүздү көңүлгө түйүңүз. Бул кеңеш менен Жаңы жылды нан жана карандай чай менен гана тосуңуз деп жатканыбыз жок, болгону сарамжалдуу сарптоону гана кулак кагыш кылып турабыз.

Белек-бечкектин камын эрте көрүңүз

Жаңы жылдык белектердин көпчүлүгү жаңы жылга түз байланышы деле болбойт. Ошол себептен декабрды күтпөй эле ар бир айлыкка бирден белек алып коюп туруңуз. Ошондо белек-бечкекке декабрда каражат коротпойсуз, жумшасаңыз деле чыгымы анчалык көп эмес. Анан да узак мөөнөткө пландоонун жакшы жагы — арзандатуу акцияларын “аңдып”, белекти наркынан кыйла арзан алып коюуга болот.
Же ушул эле ыкманы каражат түрүндө, тагыраак, чакан суммадан атайын ушул үчүн бөлүп туруңуз. Ошондо декабрь маянасы белек-бечкекке деп четинен кертилбейт.

Сый акы менен айлыкты туура колдонуңуз

Ишкана-уюмдарда жыл соңунда 13, 14-маяналар, сый акылар да берилет. Муну менен колуңузга бир топ акча тиет да клиптердеги америкалык рэперлердей асманга сапырылышына алып келиши ыктымал. Бирок кирешеңиздин деңгээлин да эстен чыгарууга болбойт. Кантсе да үнөмдөп сарптап, акчанын утурумдук арбындыгына “мас болбоңуз”, антпесе “каражатсыз баш ооруну” Караколдун ашлям-фусу да (аны жегенге жетер тыйыныңыз калган күндө деле) жаза албайт.
Сарамжалдуулук жана күн мурунтан камдануу — Жаңы жылды капчык какшытпай тосуунун эки ыкмасы ушул.
Резкое повышение доллара к лиру в Турции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Доллар жаңы жылдан кийин кымбаттайбы? Кыргызстандагы абалга божомол
Жаңылыктар түрмөгү
0