Жубайы медик, өзү көп жыл прокурор болгон. Талант Мамытов тууралуу 10 факт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов. Архив
Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңештин жаңы эле ишин аяктаган чакырылышынын соңку спикери Талант Мамытов кайрадан парламентке төрага болуп дайындалды.
Бүгүн VII чакырылыштын жаңы шайланган депутаттары күбөлүк алып, ант берип, кызматка киришти. Алгач Кыргызстандын гимни жаңырып, жыйынды жашы улуу депутат Шарапаткан Мажитова тескеди. Эл өкүлдөрү фракциялардын, топтордун курамын аныктап, төрага шайлашты.
Sputnik Кыргызстан агенттиги парламентарийлердин көпчүлүк добушу менен төрага болуп шайланган Талант Мамытов тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду.
45 жашта, кесиби боюнча юрист. Талант Мамытов 1976-жылдын 14-мартында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. 1993-жылы ошол калаадагы №5 орто мектепти аяктап, кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырган.
Көп жыл прокурор болуп иштеген. Эмгек жолун Баткен жана Жалал-Абад облустук прокуратураларында катардагы кызматкер болуп баштаган. Кийин Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда прокурордун орун басары кызматтарын ээлеген. Ошондой эле Тогуз-Торо районунун прокурору болгон. Мындан тышкары, Башкы прокуратурада эмгектенген. Он жыл мурда, тагыраагы, 2010-жылы прокуратура органдарынан өз каалоосу менен кеткен.
© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүү2012-жылы Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров менен Кумтөр маселеси боюнча каршылык акциясына чыгышат. Алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Суд оставил под стражей обвиняемых в захвате власти в Киргизии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
2012-жылы Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров менен Кумтөр маселеси боюнча каршылык акциясына чыгышат. Алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен кошо камалган. 2012-жылы Талант Мамытов депутат болуп жүргөн учурда кесиптеши, "Ата-Журт" партиясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев жана депутат Садыр Жапаров менен кошо Кумтөр маселеси боюнча каршылык акциясына чыгышат. Митингде Ташиев баштаган топ Ак үйдүн дарбазасынан секирип түшүүгө аракет кылган. Мындан улам Ташиев, Жапаров, Мамытов мамлекеттик түзүлүштү кулатуу ниети менен Өкмөт үйүн басып алууга аракет кылган деп айыпталып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 2013-жылы райондук сот аларды күнөөлүү деп таап, Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, ал эми Мамытовду бир жылга эркинен ажыраткан. Кийин шаардык сот аларды актаган. Бирок Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган. 2020-жылдын 20-октябрында Жогорку сот Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун иши боюнча Башкы прокуратуранын актоо боюнча корутундусун канааттандырып, бул ишке чекит коюлган.
Үчүнчү ирет депутат болду. Жогорку Кеңешке эл өкүлү болуп алгач 2010-жылы "Ата-Журт" партиясы менен келген. Бирок соттук ишине байланыштуу депутаттык мандатынан ажыратылган. 2015-жылы "Республика — Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Кыргызстан" партиясы менен аттанган. Бирок ал парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы мөөнөтүн узарткан.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорку Кеңешке эл өкүлү болуп алгач 2010-жылы "Ата-Журт" партиясы менен келген.
Сессия Совета коллективной безопасности ОДКБ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Жогорку Кеңешке эл өкүлү болуп алгач 2010-жылы "Ата-Журт" партиясы менен келген.
Президенттин милдетин аткарган. 2020-жылдын 14-ноябрынан тарта 2021-жылдын 28-январына чейин өлкө башчысынын милдетин аткарган. Буга ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун шайлоого аттанышы себеп болгон. Ал эми парламенттин спикери болуп былтыркы жылдын ноябрынан тарта 2021-жылдын 28-октябрына чейин эмгектенди. Андан соң парламенттик шайлоого катышты.
Саймаитинин иши боюнча депутаттык комиссияны жетектеген. Былтыр коомчулукта "Кыргызстандан чыгарылган миллиондор" иликтөөсү катуу талкууланган. Анда аты аталган Айэркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн. Кийинчерээк бул жагдайды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, аны Талант Мамытов жетектеген. Комиссия Айэркен Саймаитинин аялы Буфилли Бумайрам Кыргызстандагы "Исмаил Ата" фондуна 200 миң доллар которгонун, ошондой эле журналисттик иликтөөдө айтылган, Кыргызстандан чыгарылган миллиондорго Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси жок экендигин айтып чыккан.
Шайлоо босогосун 9дан 7 пайызга түшүрүүгө катышкан. 2020-жылдын январынан тартып шайлоо босогосун 7ден 9 пайыздык чекке жеткирүү чечими күчүнө кирген. Бирок Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Азиз Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов башында турган 21 депутат кайрадан 7 пайызга түшүрүүнү демилгелеп чыгышкан. Кийин мыйзам долбоору үч окуудан тең ийгиликтүү өткөн.
© Фото / из личного архива Чынары АпсаматовойЖубайы — Чынара Апсаматова. Кесиби — фельдшер-акушер. 42 жаштагы Чынара айым учурда балдарды тарбиялоо менен алек. Төрт баланын энеси.
Семья и.о. президента Таланта Мамытова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Жубайы — Чынара Апсаматова. Кесиби — фельдшер-акушер. 42 жаштагы Чынара айым учурда балдарды тарбиялоо менен алек. Төрт баланын энеси.
Жубайы медик. Жубайы — Чынара Апсаматова. Кесиби — фельдшер-акушер. 42 жаштагы Чынара айым учурда балдарды тарбиялоо менен алек. Төрт баланын энеси. ЖМКларда ал тууралуу маалыматтар жокко эсе. Жолдошу президенттин милдетин аткарып жүргөн кезде дагы аны коштоп чыккан эмес.
Спортту катырып, комузда кол ойнотот. Талант Мамытов студенттик жылдарында чыгыш уруш өнөрү менен алектенген. Азыр убактысына жараша өзү ачкан спорттук залда балдарды машыктырат. Ошондой эле WEF (World Ertaymash Federation) федерациясынын Жалал-Абаддагы президенти. Мындан тышкары, Мамытов музыкага жакын, тагыраагы, комузда кол ойнотуп, гитара чертет.
Байлыгы. Соңку декларациясына караганда, Мамытов бир жылда 703 355 сом иштеп тапкан. Андан тышкары, 700 миң сомго бааланган жылкысы, 550 миң сомдук бодо малы, 400 миң сомдук койлору бар. Бирок эч бир мүлккө ээ эмес, турак жайы жана автоунаасы дагы жок экени жазылган.
Мамлекеттик резиденцияда чогулган депутаттар ЖКнын жыйынында. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Тарыхта өзгөчөлөнүп калган депутаттар. VI чакырылыштын унутулгус жоруктары
Жаңылыктар түрмөгү
0