00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Тамеки тартуу онкологиялык оорулардын тобокелдигин канча эсеге жогорулатат? Дарыгер-онколог менен маек
11:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Жизнь рядом с ИИ - психолог о том, как это меняет наше восприятие мира
12:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда шайлоонун жеткиликтүүлүгү жана майыптыгы бар жарандардын шайлоого катышуусу: реформалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр кандай?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что Азия вынесла из эпохи империализма — и почему Китай пошёл своим путём
14:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Экологияны коргоо: жайыт, парк, суу жээктеринде мототранспортко чектөөлөр киргизилди
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Кадыржан Кыдыралиев: кыргыз киносунун алтын муунунун өкүлү
17:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутаттык комиссия: 700 млн доллардын чыгарылышына Матраимовдордун тиешеси жок

Жазылуу
Депутат Марлен Маматалиев "өлкөдөн чыгарылган миллиондорго Матраимовдордун тиешеси бар же жок экени аныкталдыбы?" деп сурады.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Журналисттик иликтөөдө айтылган Кыргызстандан чыгарылган миллиондорго Матраимовдордун тиешеси жок. Мындай корутундуну Стамбулда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия чыгарды.

Убактылуу комиссия иликтөөсүн жыйынтыктап, бүгүн парламентте маалымат берди.

Депутат Марлен Маматалиев "өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылды делген 700 миллион долларга Матраимовдордун тиешеси бар же жок экени аныкталдыбы?" деп сурады.

Буга комиссия төрагасы Талант Мамытов жооп берип, ал каражат ишкерлерге таандык экенин айтты.

"Ал сумма 700 миллион эмес, 932 миллион доллар деп аныкталган. Аталган каражат тергөөдө Кыргызстандын "Кара-Суу" жана Өзбекстандын "Абу-Сахий" базарындагы жеке ишкерлердин акчасы экени тастыкталды. Комиссия дагы ушундай жыйынтыкка келип жатабыз", — деди Мамытов.

Курс доллара в Судане - Sputnik Кыргызстан
Саймаитинин аялы "Исмаил Ата" фондуна 200 миң доллар которгону аныкталды
Эске салсак, Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашуун каражат чыгарылып кеткени журналисттик иликтөөдө баяндалган. Анда аты аталган Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн.  Ишкер каза болгонго чейин документтердин бир бөлүгүн журналисттерге өткөрүп берип, коррупциялык схемалар жөнүндө ачыктаган. Бирок соңку жана эң маанилүү пакетин бергенге жетишпей калганы айтылган.

Кийинчерээк бул жагдайды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0