2021-жылы көз жумган дүйнөгө белгилүү инсандар. 13 сүрөт

Жазылуу
Узаган жылда жоготуулар болбой койгон жок. Дүйнө салгандардын арасында опол тоодой эмгек жасаган белгилүү актёрлор, жазуучулар, музыканттар, дүйнөлүк саясатчылар, белгилүү журналисттер жана окумуштуулар болду.
2021-жылды узатып жатып баскан жолу, жасаган эмгеги менен тарыхка жазылып калган адамдарды эскерүүнү чечтик.
© AFP / Joel Saget

Сентябрь айында франциялык атактуу актёр Жан-Поль Бельмондо 89 жашында каза болду. Актёр Франция, Европа эле эмес дүйнөгө өзүнүн ролдору, таланты менен белгилүү болгон. Ал "Профессионал", "Акыркы дем", "Ууру", "Борсалино" кинолорундагы ролдору менен миллиондордун урматына арзыган

Сентябрь айында франциялык атактуу актёр Жан-Поль Бельмондо 89 жашында каза болду. Актёр Франция, Европа эле эмес дүйнөгө өзүнүн ролдору, таланты менен белгилүү болгон. Ал "Профессионал", "Акыркы дем", "Ууру", "Борсалино" кинолорундагы ролдору менен миллиондордун урматына арзыган - Sputnik Кыргызстан
1/13

Сентябрь айында франциялык атактуу актёр Жан-Поль Бельмондо 89 жашында каза болду. Актёр Франция, Европа эле эмес дүйнөгө өзүнүн ролдору, таланты менен белгилүү болгон. Ал "Профессионал", "Акыркы дем", "Ууру", "Борсалино" кинолорундагы ролдору менен миллиондордун урматына арзыган

© Sputnik / Ramil Sitdikov / Медиабанкка өтүү

Июлда көрүнүктүү советтик жана россиялык кинорежиссёр, актёр, сценарист, продюсер, "Мосфильм" башкаруучулугунун мүчөсү Владимир Меньшов 82 жаш курагында дүйнө салды. Ал көптөгөн сыйлыктардын ээси, анын катарын "Москва слезам не верит" тасмасы үчүн берилген "Оскар" толуктайт

Июлда көрүнүктүү советтик жана россиялык кинорежиссёр, актёр, сценарист, продюсер, "Мосфильм" башкаруучулугунун мүчөсү Владимир Меньшов 82 жаш курагында дүйнө салды. Ал көптөгөн сыйлыктардын ээси, анын катарын "Москва слезам не верит" тасмасы үчүн берилген "Оскар" толуктайт - Sputnik Кыргызстан
2/13

Июлда көрүнүктүү советтик жана россиялык кинорежиссёр, актёр, сценарист, продюсер, "Мосфильм" башкаруучулугунун мүчөсү Владимир Меньшов 82 жаш курагында дүйнө салды. Ал көптөгөн сыйлыктардын ээси, анын катарын "Москва слезам не верит" тасмасы үчүн берилген "Оскар" толуктайт

© Фото / Шалтаев Мурат

Февраль айында кыргыз журтчулугу Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматовадан да айрылды. Ал узакка созулган катуу оорудан улам 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты

Февраль айында кыргыз журтчулугу Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматовадан да айрылды. Ал узакка созулган катуу оорудан улам 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты - Sputnik Кыргызстан
3/13

Февраль айында кыргыз журтчулугу Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматовадан да айрылды. Ал узакка созулган катуу оорудан улам 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты

© Sputnik / Владимир Вяткин

Ушул эле айда Россиянын эл артисти Андрей Мягков көз жумду. Советтик мезгилдин популярдуу актёрлорунун бири ("Ирония судьбы" жана "Служебный роман") 83 жашында дүйнөдөн өттү

Ушул эле айда Россиянын эл артисти Андрей Мягков көз жумду. Советтик мезгилдин популярдуу актёрлорунун бири ("Ирония судьбы" жана "Служебный роман") 83 жашында дүйнөдөн өттү - Sputnik Кыргызстан
4/13

Ушул эле айда Россиянын эл артисти Андрей Мягков көз жумду. Советтик мезгилдин популярдуу актёрлорунун бири ("Ирония судьбы" жана "Служебный роман") 83 жашында дүйнөдөн өттү

© Sputnik / Александр Федоров

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев 86 жашында көз жумду. Байжиев "Кыргызфильм" студиясында, Маданият министрлигинде, "Литературная газета" басылмасында иштеген. "Манас" эпосу жөнүндө тасмага, "Алтын күз", "Ак илбирстин тукуму", "Бирөөнүн бактысы", "Нокдаун" өңдүү фильмдердин сценарийин жазган. Ошондой эле "Балдар бойго жеткенде", "Эрөөл", "Эр намысы", "Ар бир үйдө майрам", "Кыз-күйөө", "Алтынчы күнү кечинде", "Узак сапардагы поезд" пьесаларынын автору

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев 86 жашында көз жумду. Байжиев "Кыргызфильм" студиясында, Маданият министрлигинде, "Литературная газета" басылмасында иштеген. "Манас" эпосу жөнүндө тасмага, "Алтын күз", "Ак илбирстин тукуму", "Бирөөнүн бактысы", "Нокдаун" өңдүү фильмдердин сценарийин жазган. Ошондой эле "Балдар бойго жеткенде", "Эрөөл", "Эр намысы", "Ар бир үйдө майрам", "Кыз-күйөө", "Алтынчы күнү кечинде", "Узак сапардагы поезд" пьесаларынын автору - Sputnik Кыргызстан
5/13

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев 86 жашында көз жумду. Байжиев "Кыргызфильм" студиясында, Маданият министрлигинде, "Литературная газета" басылмасында иштеген. "Манас" эпосу жөнүндө тасмага, "Алтын күз", "Ак илбирстин тукуму", "Бирөөнүн бактысы", "Нокдаун" өңдүү фильмдердин сценарийин жазган. Ошондой эле "Балдар бойго жеткенде", "Эрөөл", "Эр намысы", "Ар бир үйдө майрам", "Кыз-күйөө", "Алтынчы күнү кечинде", "Узак сапардагы поезд" пьесаларынын автору

© AFP / Hannah MсKay / POOL

Апрель айында ханыша Елизавета IIнин күйөөсү, канзаада Филипп 99 жаш курагында каза болду

Апрель айында ханыша Елизавета IIнин күйөөсү, канзаада Филипп 99 жаш курагында каза болду - Sputnik Кыргызстан
6/13

Апрель айында ханыша Елизавета IIнин күйөөсү, канзаада Филипп 99 жаш курагында каза болду

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү

3-декабрда советтик жана россиялык театр, кино актрисасы Нина Ургант бул дүйнө менен коштошту. Ал "Знакомьтесь, Балуев" тасмасында башкы каармандын жубайы Дуся Балуеванын ролун аткарган

3-декабрда советтик жана россиялык театр, кино актрисасы Нина Ургант бул дүйнө менен коштошту. Ал "Знакомьтесь, Балуев" тасмасында башкы каармандын жубайы Дуся Балуеванын ролун аткарган - Sputnik Кыргызстан
7/13

3-декабрда советтик жана россиялык театр, кино актрисасы Нина Ургант бул дүйнө менен коштошту. Ал "Знакомьтесь, Балуев" тасмасында башкы каармандын жубайы Дуся Балуеванын ролун аткарган

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Адабияттагы алптардын бири Бексултан Жакиев 25-апрелде дүйнө салды. Белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу 85 жашка чыккан. Ал коомчулукка "Атанын тагдыры" аттуу драмасы менен таанылып, бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган

Адабияттагы алптардын бири Бексултан Жакиев 25-апрелде дүйнө салды. Белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу 85 жашка чыккан. Ал коомчулукка "Атанын тагдыры" аттуу драмасы менен таанылып, бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган - Sputnik Кыргызстан
8/13

Адабияттагы алптардын бири Бексултан Жакиев 25-апрелде дүйнө салды. Белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу 85 жашка чыккан. Ал коомчулукка "Атанын тагдыры" аттуу драмасы менен таанылып, бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган

© AP Photo / Joel Ryan

"Оскар" сыйлыгынын ээси, актёр Кристофер Пламмер 91 жашында каза болду. Ал "Звуки музыки" тасмасында роль жараткан

"Оскар" сыйлыгынын ээси, актёр Кристофер Пламмер 91 жашында каза болду. Ал "Звуки музыки" тасмасында роль жараткан - Sputnik Кыргызстан
9/13

"Оскар" сыйлыгынын ээси, актёр Кристофер Пламмер 91 жашында каза болду. Ал "Звуки музыки" тасмасында роль жараткан

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

24-декабрь күнү 74 жаш курагында айтылуу археолог, тарыхчы, тарых илимдеринин доктору Юлий Худяков дүйнөдөн кайтты. Ал орто кылымдардагы кыргыздардын археологиясы, курал-жарак тарыхы, Ички Азия, Сибирь, Борбордук Азия археологиясы боюнча адис. Тарых илимдеринин доктору. Кыргызстандын III даражадагы Манас жана Данакер ордендеринин ээси

24-декабрь күнү 74 жаш курагында айтылуу археолог, тарыхчы, тарых илимдеринин доктору Юлий Худяков дүйнөдөн кайтты. Ал орто кылымдардагы кыргыздардын археологиясы, курал-жарак тарыхы, Ички Азия, Сибирь, Борбордук Азия археологиясы боюнча адис. Тарых илимдеринин доктору. Кыргызстандын III даражадагы Манас жана Данакер ордендеринин ээси - Sputnik Кыргызстан
10/13

24-декабрь күнү 74 жаш курагында айтылуу археолог, тарыхчы, тарых илимдеринин доктору Юлий Худяков дүйнөдөн кайтты. Ал орто кылымдардагы кыргыздардын археологиясы, курал-жарак тарыхы, Ички Азия, Сибирь, Борбордук Азия археологиясы боюнча адис. Тарых илимдеринин доктору. Кыргызстандын III даражадагы Манас жана Данакер ордендеринин ээси

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү

Атактуу россиялык ырчы жана композитор Александр Градский көз жумганы тууралуу маалымат 28-ноябрда белгилүү болду. Ал коронавирустун кесепетинен ажал тапканы айтылды

Атактуу россиялык ырчы жана композитор Александр Градский көз жумганы тууралуу маалымат 28-ноябрда белгилүү болду. Ал коронавирустун кесепетинен ажал тапканы айтылды - Sputnik Кыргызстан
11/13

Атактуу россиялык ырчы жана композитор Александр Градский көз жумганы тууралуу маалымат 28-ноябрда белгилүү болду. Ал коронавирустун кесепетинен ажал тапканы айтылды

© AFP / Kevin Winter / Getty Images for Live Nation

Белгилүү америкалык рэп-музыкант DMX (чыныгы аты Эрл Симмонс) 50 жаш курагында жүрөгү кармап каза болду

Белгилүү америкалык рэп-музыкант DMX (чыныгы аты Эрл Симмонс) 50 жаш курагында жүрөгү кармап каза болду - Sputnik Кыргызстан
12/13

Белгилүү америкалык рэп-музыкант DMX (чыныгы аты Эрл Симмонс) 50 жаш курагында жүрөгү кармап каза болду

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүү

Октябрда 90 жаш курагында легендарлуу советтик жана россиялык теле-радио алып баруучу Игорь Кириллов каза болду

Октябрда 90 жаш курагында легендарлуу советтик жана россиялык теле-радио алып баруучу Игорь Кириллов каза болду - Sputnik Кыргызстан
13/13

Октябрда 90 жаш курагында легендарлуу советтик жана россиялык теле-радио алып баруучу Игорь Кириллов каза болду

Тема боюнча:
Жетим өсүп, өкмөт башчы болгон... Абды Сүйөркуловдун сейрек сүрөттөрү
Чыңгыз Айтматовдун сүрөттөгү элеси. Дүйнөнүн ар жеринен окурман тапкан калемгер
Кыйындар: ааламга белгилүү, таасирдүү аялдардын сүрөтү
"Ысык-Көл" мейманканасынын гүлдөгөн доору жана азыркы учуру. Архивдик сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0