Кыргызстандын окумуштуулары түрк элдеринин тарыхый летописине авторлош болушту
10:20 18.12.2021 (Жаңыртылды: 13:48 18.12.2021)
© Фото / пресс-служба НОЦ алтаистики и тюркологии "Большой Алтай" АлтГУКыргызстан, Казакстан жана Россия окумуштуулары
© Фото / пресс-служба НОЦ алтаистики и тюркологии "Большой Алтай" АлтГУ
Жазылуу
Эксперт иштелип чыккан летопись келечектүү, эл аралык илимий долбоор экенин, ага түркологдор менен монголисттер гана эмес, археологдор, этнографтар, дагы башка адистер киргенин айтты.
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызстан, Казакстан жана Россия окумуштуулары "Түрк дүйнөсүндөгү Чоң Алтайдын тарыхый летописи" деп аталган эмгектин биринчи томун аяктоо алдында турушат. Мындай маалыматты Алтай мамлекеттик университетинин (АлтМУ) "Чоң Алтай" түркология жана алтаистика илимий борборунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Биринчи том түрк элдеринин VI – XI кылымдардагы жашоо-турмушун баяндайт. Окумуштуулар бул жаатта беш томдук эмгек чыгарууга белсенип турушат.
Авторлордун айтымына караганда, биринчи том 2022-жылдын башында чыгып калат. Анда Чоң Алтайдагы байыркы түрктөрдүн пайда болушу, Биринчи жана Экинчи түрк каганаттарынын тарыхы, маданияты тууралуу айтылат. Мындан сырткары, эксперттер батыш түрк элдеринин маданиятын, аларды көмүү зыйнатын жана өлгөндөн кийин коюлган эстеликтер боюнча өзүнчө карашкан. Китепте Булгар падышалыгы жана Хазар каганаты туурасында да бөлүм бар.
© Фото / пресс-служба НОЦ алтаистики и тюркологии "Большой Алтай" АлтГУКыргыз улуттук университетинин профессору Тынчтыкбек Чоротегин
Кыргыз улуттук университетинин профессору Тынчтыкбек Чоротегин
© Фото / пресс-служба НОЦ алтаистики и тюркологии "Большой Алтай" АлтГУ
"Мен авторлош болгон параграфтар менен бөлүмдөрдө элдердин ортосундагы байланыштар, байыркы менен орто кылымдын баштапкы учурундагы цивилизациянын ар кыл очокторунун маданият алмашуулары туурасында бай маалыматтар келтирилген. Чоң Алтай, Ички жана Борбордук Азия ар дайым Батыш менен Чыгыштын ортосунда көпүрө болуп келген. Бул "көпүрө" жөн эле сырттан байкап турган нерсе эмес, Улуу Жибек Жолунун, Евразияга байланыштуу жерлерде адамзаттын интеллектуалдык, илимий, маданий, технологиялык, соода жана миграциялык процесстеринде активдүү катышуучу катары роль ойногон", – деп айтып берди Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Тынчтыкбек Чоротегин.
Эксперттин берген баасында, иштелип чыккан летопись – келечектүү, эл аралык илимий долбоор. Ага түркологдор менен монголисттер гана эмес, археологдор, этнографтар, маалымат булактарын издегендер жана кеңири тармактагы гуманитардык адистер да кирген.
"Бирдиктүү, топтолгон летопистер бөлөк авторлордукуна караганда көбүрөөк объективдүү. Албетте, эгерде ал борбор чыныгы илимдин үйү болсо, ар бир эле илимий борбордо авторлордун көз караштары бирдей чыкпай калган учурлар бар. Бирок бизде ык-амалдарыбыз бирдей жана эркин дискуссиялар фольк-хисторизм менен тарыхты кооздоп, жасап-түзөп жибере турган элементтерге жол бербейт", – деп белгилеген Чоротегин.
Автордун айтымына караганда, түрк элдеринин тарыхый летописи Борбор Азиянын бир нече мамлекетинин окумуштууларынын биргелешкен көп жылдык эмгеги болуп калмакчы.
© Фото / Серафима ДомановаАлтМУ "Чоң Алтай" түркология жана алтаистика улуттук илимий борборунун жетекчиси Землюков
АлтМУ "Чоң Алтай" түркология жана алтаистика улуттук илимий борборунун жетекчиси Землюков
© Фото / Серафима Доманова
"Биз 10 жылдан ашык убакыттан бери түрк элдеринин тарыхын, андан сырткары, славян-түрк элдеринин маданий, тарыхый байланыштарын Томск, Новосибирск, Кыргызстан, Казакстан, Монголия жана Кытайдын окумуштуулары менен чогуу изилдеп келебиз. Максатыбыз – түрк, моңгол, алтай элдеринин славян элдери менен байланышын изилдеген Борбор Азия өлкөлөрүнүн окумуштууларын интеграциялоо", – деген Алтай мамлекеттик университетинин (АлтМУ) "Чоң Алтай" түркология жана алтаистика улуттук илимий борборунун жетекчиси Землюков.
АлтМУнун окумуштууларынын пикирине караганда, ар бир жылда летопистин бирден тому чыгып турат. Экинчи китеп түрктөрдүн XIII – XVI кылымдагы тарыхына арналган, ал эми үчүнчү том түрк дүйнөсүнүн XVI кылымдан тарта, ХХ кылымдын башына чейинки мезгилдеги Россия империясы менен өз ара мамилесин, байланышын баяндайт. Дагы бир китеп "ХХ кылымдагы СССР жана түрк дүйнөсү" деген темага арналган. Ал эми бешинчи том "ХХI кылымдын башталышындагы Россия менен түрк дүйнөсү" деп аталмакчы.
Кийинки томдорго Өзбекстан, Тажикстан жана Монголия окумуштуулары кошулары белгилүү болду.
Беш томдук летопись АлтМУ "Чоң Алтайдын түрк-моңгол дүйнөсү: тарых жана ушул күндөрдөгү көп түрдүүлүк менен биримдик" долбоорунун алкагында Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин колдоосу менен басылат.