00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Итоги недели
On air
20:11
48 мин
Ачык кеп
Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана Ысык-Көлдү сактоо маселеси курчуду
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Чоң Алтай": Борбор Азия окумуштуулары түрк дүйнөсүн изилдөө үчүн биригишти

© пресс-служба АлтГУЭл аралык Чоң Алтай форумдун катышчуулары
Эл аралык Чоң Алтай форумдун катышчуулары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Жазылуу
"Чоң Алтайдын түрк-моңгол дүйнөсү: тарых жана ушул күндөрдөгү көп түрдүүлүк менен биримдик" долбоору Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин колдоосу менен 2019-жылдан бери ишке ашып келе жатат.
БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. "Чоң Алтайдын түрк-моңгол дүйнөсү: тарых жана ушул күндөрдөгү көп түрдүүлүк менен биримдик" долбоору алгачкы жолу Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Россиянын окумуштуулары, мугалимдери жана студенттеринин башын бириктирди. Бул тууралуу долбоордун уюштуруучусу Алтай мамлекеттик университетинин (АлтМУ) "Чоң Алтай" түркология жана алтаистика илимий борборунан кабарлады.
© Фото / пресс-служба АлтГУАлтГУ президенти Сергей Землюков жана академик Анатолий Деревянко
Руководитель НОЦ алтаистики и тюркологии Большой Алтай, президент АлтГУ  Сергей Землюков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
АлтГУ президенти Сергей Землюков жана академик Анатолий Деревянко
"Бул идея 2012-жылы АлтГУда Азиядагы изилдөөлөр боюнча эл аралык борбор ачылып, ЖОЖ Шанхай кызматташтык уюмунун катарына кошулганда жаралган. Ошол учурдан бери алтаистика менен түркология темасы актуалдуу болуп келе жатат. 2019-жылы университетте "Чоң Алтайдын түрк-моңгол дүйнөсү: тарых жана ушул күндөрдөгү көп түрдүүлүк менен биримдик" долбоору жаралган эле. Анын негизги максаты — Борбор Азия окумуштууларын интеграциялоо", — деди АлтГУ президенти Сергей Землюков.
2021-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, АлтМУнун "Чоң Алтай" илимий-агартуучулук эл аралык эксперттик кеңешинин төрагасы, академик Анатолий Деревянко өтүп бара жаткан жылы ар тараптуу катышуучуларды жыйноого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтты. Бул жылдын маанилүү окуясы катары "Чоң Алтай Россия — Кыргызстан, 2021" этнографиялык экспедициясы болду.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыковдун айтымында, Кыргызстанда акыркы 50 жылда мындай экспедиция боло элек болчу.
© Sputnik / Асель СыдыковаЖусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков
Ректор Кыргызского национального университета им. Ж.Баласагына Канат Садыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков

"Окумуштуулар тобу азыркы көчмөндөрдүн турмуш-тиричилигин жана материалдык маданиятынын өзгөчөлүктөрүн изилдешти. Экспедицияда чогулган материалдарга караганда, салттык маданий баалуулуктардын туруктуулугунан кабар берет. Жыйынтыктарды салыштыруу үчүн Алтайдагы көчмөндөр жашаган аймактарга экспедицияны улантуу зарылдыгы бар", — деди Садыков.

Экспедициянын жыйынтыгы менен тегерек стол жана сүрөт көргөзмөсү өткөрүлгөн. Учурда Кыргызстан менен Россиянын окумуштуулары "Кыргыз-Алтай этногенетикалык жана этномаданий байланышы" монографиясын даярдоодо.
Ушул эле сыяктуу долбоорлор Казакстан, Өзбекстанда дагы ишке ашууда. Мисалы, Чыгыш Казакстан мамлекеттик университети АлтМУ менен биргеликте "Чоң Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени" виртуалдык музейин түзүп жатат.
Ал эми Өзбекстандын улуттук университетинин журналистика факультети "Чоң Алтайдын медиа мейкиндигинин социалдык коопсуздугу" магистрдик программасын иштеп чыгууда АлтМУ менен иштөөдө.
"Чоң Алтайдын түрк-моңгол дүйнөсү: тарых жана ушул күндөрдөгү көп түрдүүлүк менен биримдик" долбоору Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин колдоосу менен 2019-жылдан бери ишке ашып келе жатат.
Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Европа жана Орто Азиядагы мыкты ЖОЖдордун рейтинги аныкталды
Здание Алтайского государственного университета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2021
Россиялык ЖОЖ түрк дүйнөсү боюнча магистратурада акысыз билим алууга чакырат
Жаңылыктар түрмөгү
0