Атлант омуртканы массаж менен түздөөгө болбойт. Остеопат Жекишевдин маеги

© Фото / Курманбек НурматовНевропатолог, остеопат Жапарбек Жекишов. Архив
Невропатолог, остеопат Жапарбек Жекишов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2021
Жазылуу
Атлант — бул жүлүндү баш менен туташтырып турган биринчи омуртка. Ал башты кармап турат. Түзүлүшү башка омурткалардан айырмаланып шакек түрүндө.
Акыркы кезде коомчулукта, соцтармакта жүлүндөгү атлант омурткасын түздөө менен адам көптөгөн оорулардан сакайып кетиши мүмкүндүгүн айткан талкуулар, видеолор пайда боло баштады. Мунун канчалык чындыгы бар? Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги невропатолог, остеопат Жапарбек Жекишов менен маектешкен.
© Sputnik / Асель СыдыковаЖапарбек Жекишев: атлант — бул жүлүндү баш менен туташтырып турган биринчи омуртка. Ал башты кармап турат. Түзүлүшү башка омурткалардан айырмаланып шакек түрүндө.
Остеопад Жапарбек Жекишев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жапарбек Жекишев: атлант — бул жүлүндү баш менен туташтырып турган биринчи омуртка. Ал башты кармап турат. Түзүлүшү башка омурткалардан айырмаланып шакек түрүндө.
— Акыркы учурда атлантты түздө ыкмасы тууралуу коомчулук кеңири сөз кылып, бул жол менен көп оорудан айыгып кетсе болору айтылууда. Алгач атлант тууралуу түшүндүрмө берип кетсеңиз?
— Атлант — бул жүлүндү баш менен туташтырып турган биринчи омуртка. Ал башты кармап турат. Түзүлүшү башка омурткалардан айырмаланып шакек түрүндө. Астыңкы, арткы шакектери жана капталдарында массалары бар. Ушул капталдарындагы массаларында үстүңкү жана астыңкы муун аянтчалары жайгашкан. Үстүңкү аянтчасы менен желке сөөгүнө, ал эми астыңкы муун аянтчасы менен жүлүндүн экинчи омурткасына туташат. Атлант желке сөөгү менен бириккен жери эңкейүү жана чалкалоо кыймылдарын аткарат. Ал эми башты капталга бурганга жүлүндүн экинчи омурткасы менен туташкан жери жооп берет.
Ошондой эле анын ордунан жылып же чыгып кетиши жылдап билинбей жүрө бербейт. Жүлүн менен байланышта болгондуктан чыгып кетип же кысылып калган болсо адамдын кыймылы өзгөрүп, ал тургай майыптыкка алып келет.
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун эпидемиологу Асел Акымбаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Антибиотик дарыны тоготпогон ооруларды пайда кылат. Эпидемиолог Акымбаеванын маеги
Биринчи омуртка менен экинчи омуртканы байланыштырган бутакча болот. Эгер ага доо кетсе, дароо билинет. Жүлүн кысылып калса кан тамырлар да жабыркайт. Атланттын ылдый жагын көздөй доо кетсе адамдын кыймылы, баскан-турганы өзгөрөт. Ал эми өйдө жакты көздөй кетсе биринчи омуртка болгондуктан баш жабыркап, киши өлүмгө дуушар болот. Андыктан бул нейротравматологдордун иши. Мындай оор абалга кептелген бейтаптарды биз токтоосуз ошол дарыгерлерге жиберебиз.
Демек, атлант тарамыш жана булчуңдар менен капталып турат дегенди түшүндүрөт. Андыктан аны кол менен басуу аркылуу эле калыбына келтирип коюу дээрлик мүмкүн эмес.
— Адамдардын 99 пайызында атлант омурткасы жабыркаган дешет. Интернеттен аял жатып төрөгөндүктөн баланын атланты кысылып калат дегенди угуп калдык. Канчалык чындыгы бар?
— Муну эми атайын изилдеп чыгуу керек, жөн эле айта берүүгө болбойт. Ал эми төрөт учурунда кээде ымыркайдын моюн омурткасы жабыркап калышы мүмкүн. Бирок бул баарында эле боло бербейт. Атланттын ордунан жылып кеткенин билүү үчүн сөзсүз түрдө анын ар тарабынан тартылган компьютердик томография талап кылынат.
© Фото / Курманбек НурматовЖапарбек Жекишев: массаж менен атлантты түздөөгө болбойт, укалоо менен сырттындагы булчуңдардын тырышын жазып коюу мүмкүн
Невропатолог, остеопат Жапарбек Жекишев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жапарбек Жекишев: массаж менен атлантты түздөөгө болбойт, укалоо менен сырттындагы булчуңдардын тырышын жазып коюу мүмкүн
— Наристенин омурткасынын жабыркаганы байкалбай калышы мүмкүнбү?
— Жок, ал баары бир билинет. Бала төрөлгөндө атланты кысылып калган болсо, ал бара-бара ыйлаак болуп, куса баштайт. Ошондой эле башын жакшы кармай албай, шалдырап, кичинесинен эле күчү жок болот.
Негизи төрөлгөндө атланты кысылып калса аны ондогон жылдардан соң баскылап эле калыбына келтирип коюу мүмкүн эмес. Жогоруда мен айткандай, биринчи омурткага доо кеткенин адам кыска убакытта эле сезет.
— Мындай учурда көбүбүз жарнамасы күчтүү массажга да барып баштайт эмеспизби...
— Массаж менен атлантты түздөөгө болбойт, укалоо менен сырттындагы булчуңдардын тырышын жазып коюу мүмкүн. Массаж бейтаптын омурткасында көйгөй жок болсо, стресстен же башка себептен улам булчуңдар тырышып калганда жардам берет. Булчуңдун тырышы жазылгандан кийин киши өзүн жакшы сезип калат. Бирок бул да убактылуу эффект бергендиктен белгилүү бир мөөнөттөн кийин кайталап туруу керек. Ал эми атлант жабыркаса, аны бир эле жолу дарылоо менен калыбына келтире албайсың.
Эне жана баланы коргоо борборунун оорулуу ымыркайлар жана ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы Сагынбү Абдувалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Бала үч себептен улам ара төрөлөт. Неонатолог Абдувалиеванын маеги
Моюн омурткасын кармалоо да оюнчук эмес. Аны дарылоодо абдан этияттоо зарыл, анткени баш менен байланышып турат, нервдерге доо кетирип албоо керек. Табиятынан атлант бир караганда көрүнбөйт, кармаганда да колго илинбейт. Биз башты кармап көргөндө, аны алды-артка жылдырып гана "мына" деп билебиз.
Жүлүн омурткаларын дарылатууда бейтаптар өтө кылдат болуусу зарыл, анткени андан бүтүндөй организмдин кыймыл-аракети көз каранды. Бул үчүн алгач дарыгер дартты аныктап берүүсү керек.
— Азыр бул багытта дартты так аныктоо мүмкүн эмес экендигин айтышат. Анткени компьютердик томография да омуртканын көйгөйүн 30 пайызга чейин гана көрсөтөт экен. Остеопаттар кантип аныктайсыздар?
— Остеопаттардын дарт аныктоо жабдыгы кол болуп эсептелинет. Бизде тесттер бар. Анын жардамы менен аныктаса болот. Мында да байкаш керек. Ар бир оорунун өз эволюциясы бар. Бир ай же бир жылбы, ооруп жүрүп эле дарт бир жерге байырлап калат. Анан ал функционалдык блокко түшүп, адамдын ошол жери, булчуңу жакшы иштебей калат. Биз ошону бошотубуз. Кээде тубаса аномалия болушу мүмкүн. Мисалы, кимерли аномалиясы деген бар, мында омурткадагы шакекчеге кошумча дагы бир шакекче пайда болуп калышы ыктымал. Дарылоо алдында диагнозду туура коюу абдан маанилүү. Укалоого булчуңдардын тырышып калышын гана жазышы мүмкүн. Бирок биз адамдын организми татаал жана кылдаттыкты талап кылгандыктан абайлап мамиле кылабыз.
© Sputnik / Асель СыдыковаЖапарбек Жекишев: жүлүн омурткаларын дарылатууда бейтаптар өтө кылдат болуусу зарыл, анткени андан бүтүндөй организмдин кыймыл-аракети көз каранды. Бул үчүн алгач дарыгер дартты аныктап берүүсү керек.
Невропатолог, остеопат Жапарбек Жекишев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жапарбек Жекишев: жүлүн омурткаларын дарылатууда бейтаптар өтө кылдат болуусу зарыл, анткени андан бүтүндөй организмдин кыймыл-аракети көз каранды. Бул үчүн алгач дарыгер дартты аныктап берүүсү керек.
— Атлантты түздөө ыкмасы менен остеохондроз, грыжадан да сакайгандар бар экен...
— Эгер омуртка грыжасынын себеби атлантта болсо, ушул ыкма менен сакайып кетиши мүмкүн. Омурткалар атланттан куймулчакка чейин туташ болот. Ушулардын бирөө эле туура эмес туруп калса же бир омуртка жылып кетсе дененин түзүлүшүнө доо кетип, кыймылдаганда күч келет. Ошондон улам грыжа келип чыгат. Организмдин өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Бир ыкма бирөөгө жардам берсе, экинчилерге зыян болуп калат.
— Атлантты түздөөчү дарыгерлер бир айлык курстардан окуп алып эле иштей берсе болот дегени туурабы?
— Бул укалоо тууралуу айтылса керек. Ал эми атлантты түздөөгө медициналык билим керек. Анткени кооптуулук бар. Сөөктүн түзүлүшүн, адамдын дене түзүлүшүн жакшы билбей туруп кантип дарылайт. Туура эмес дарылап койсо адам майып болуп же өлүп да калышы мүмкүн. Бул оюнчук эмес. Жогоруда айткандай, ушул моюн оорусуна алып келүүчү аномалия же сезгендирген оору процесстери болот. Кыскасы, бул дартка алып келген түрдүү оорулар бар.
Педагог-психолог Айнек Муратбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Балага ата-энесинин ажырашканы эки курагында өтө оор тиет. Психологдун маеги
Балка менен укалап дарылагандарды көрдүм. Ал да туура эмес. Бул ыкма нервдерди жанчып салат да, ал жер оорубай калышы ыктымал. Бирок мындай жол ички органдарга терс таасир этет. Барып-барып табарсык, бөйрөк иштебей калса эмне болот? Анын үстүнө моюндун залакасы ылдыйды көздөй кетет.
Алгач бейтаптын айтуусу менен клиникалык текшерүү жүргүзүп, андан кийин остеопаттар кол менен текшерет. Бул боюнча атайын илимий изилдөө жүргүзүлгөн. Остеопатия иликтенип, такталып отуруп калыптанган. Ошол себептен буга дарыгерлер гана 3,5 жыл окуйт. Ал эми атланттын өзүн түздөө боюнча "швейцариялык ыкма" деген жолун окугандарын интернеттен айтып жатышат. Бирок далилденген окутуу ыкмасы болушу керек да. Андайды илимде уккан эмесмин. Башкысы — адамга зыян келтирип албагыла, адам машина эмес. Жүлүндүн үстүндөгү каракуш мээге доо кетип калса арты жаман болот. Ошол себептен кесипкөй адиске гана кайрылуу керек. Видеодон көрүп алып эле ар кайсы ыкмага бара бербегиле. Жок дегенде адистер менен кеңешип алуу зарыл.
Жаңылыктар түрмөгү
0