Бала үч себептен улам ара төрөлөт. Неонатолог Абдувалиеванын маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековЭне жана баланы коргоо борборунун оорулуу ымыркайлар жана ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы Сагынбү Абдувалиева. Архив
Эне жана баланы коргоо борборунун оорулуу ымыркайлар жана ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы Сагынбү Абдувалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Дүйнө жүзүндө жыл сайын 15 миллионго жакын ымыркайдын ара төрөлөрү айтылат. Мындайча айтканда, ар бир онунчу бала мөөнөтүнөн эрте жарык дүйнөгө келет экен.
Убагынан эрте төрөлгөн ымыркай дени сак адам катары калыптанып кете алабы? Мындай жагдайдын жаралышына ким күнөөлүү? Бул наристелерди кантип эмдөө керек? Эне жана баланы коргоо борборунун оорулуу ымыркайлар жана ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы Сагынбү Абдувалиева жооп берди.
— Бизде жылына канча эне көз жарып, ымыркайлардын канчасы ара төрөлүп жатат?
— Республикада жылына 150-160 миң төрөт өтөт. Дүйнө жүзүндө жыл сайын жалпы ымыркайлардын 6-8 пайызы, ал эми бизде 4-5 пайызы ара төрөлөт. 2004-жылдан бери 22 аптадан баштап салмагы 500 грамм, узундугу 25 сантиметр болгон ымыркайларды да бала катары эсептейбиз. Ошол себептен 1 000 граммдан ылдый наристелер да бизде каралып жатат. Чынын айтсак, салмагы 1 500 граммдан жогору балдар дени-карды соо, ден соолугу чың адам болуп кетип жатышат. Бирок 1 500 граммдан ылдый ымыркайларды чоңойтуу абдан кыйын. Себеби аларга өтө жогорку технологиядагы аппараттар керек. Өнүккөн мамлекеттер мыкты дары-дармектерди да колдонуп жатышат. Биз болсо колубуздан келгенин жасап, алардын жашап кетишине аракет кылуудабыз.
© Sputnik / Табылды КадырбековНеонатолог Абдувалиева: Республикада жылына 150-160 миң төрөт өтөт. Дүйнө жүзүндө жыл сайын жалпы ымыркайлардын 6-8 пайызы, ал эми бизде 4-5 пайызы ара төрөлөт.
Глава отдела рожденных с патологией и недоношенных национального центра охраны материнства и детства Сагын Абдувалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Неонатолог Абдувалиева: Республикада жылына 150-160 миң төрөт өтөт. Дүйнө жүзүндө жыл сайын жалпы ымыркайлардын 6-8 пайызы, ал эми бизде 4-5 пайызы ара төрөлөт.
— Баланын ара төрөлүп калуусуна кандай факторлор таасир этет?
— Ара төрөлүүнүн негизги себептери биздин эле мамлекеттин эмес, дүйнө жүзүнүн көйгөйү. Эне менен баланын ден соолугу бири-бирине күзгү. Бул эненин төркүнүнүн жана кайын журтунун ден соолугуна, генине, кош бойлуу кезде жасалган мамилеге да байланыштуу болот.
Маалынан эрте көз жаруунун биринчи себеби бул тондун оорусу (преэклампсия) болуп саналат. Мында жатындын тамырлары өзгөрүп, жогорку кан басым менен коштолуп, кош бойлуулук татаалдашат. Эгер экинчи даражадагы жогорку кан басым (90дон жогору) болсо биринчи даражадагы преэклампсия, ал эми кан басым 110дон жогору болсо, анда оор преэклампсия делет. Мында эненин башындагы тамырлар жарылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан ал баланы эрте төрөтүп алууга туура келет. Андан тышкары, жыныстык орган, бөйрөктөргө суук тийген учурда да бала ара төрөлөт. Андыктан кыз балага мектепте, жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезинде эле кам көрүлүшү керек. Биздин жаштар азыр күнүмдүк көйгөйлөр менен гана алпурушуп калды. Бирөө иштесе, бири окуйт, айрымдары иш издеп алыста жүрөт. Ден соолуктун 30 пайызы гана доктурлардан көз каранды болсо, 70 пайызы адамдын өзүнөн. Ар ким өзүн карашы керек.
Экстракорпоралдык уруктандыруудан жаралган балдар да эрте төрөлүп калышы ыктымал.
— Баланын ара төрөлүп калышын кош бойлуу кезде аныктап, ага даярдануу жолу барбы?
Жаңы төрөлгөн ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2020
Ымыркайдын көзүн алган илдет... Кыргыз медицинасы аппараттан аксаганда
— Балдардын эрте төрөлүүсүн алдын алуунун бир нече жолу бар. Биринчиден, ден соолукту чыңдоо. Экинчиси — үй-бүлө фактору. Биз келин келгенден кийин эле анын качан төрөрүн аңдып калабыз. Бул туура эмес, ириде аялдын ден соолугунун чың болушуна көңүл бурушубуз керек.
Кыргызстанда аялдар ар кандай себептерден улам өзүнө жетиштүү көңүл бөлбөй келет. Кээ бир өнүккөн өлкөлөрдө алдыңкы жабдыктар менен текшерген соң айрым аялдарга "сиз балалуу болбоңуз, дени сак бала төрөөгө ден соолугуңуз жол бербейт" деген жыйынтык чыгарып беришет. Бирок буга да көнбөй төрөгөндөр болот. Балалуу болуу аялдын укугу болгондуктан ага эч ким тыюу сала албайт. Ошонун негизинде да балдар ара төрөлүп калат. Дарыгерлер аялдын ден соолугунда мандем болсо алгач дарылануудан өтүү керектигин эскертет. Андыктан баланы пландоо өтө маанилүү.
Аял киши иштеген ишине да көңүл буруусу керек. Кыйналган жокпу, өзүнө зыяны тийбейби, карашы кажет. Азыр миграцияда ар кандай жумушта иштеп жүргөн кыз-келиндерин арасында дагы ара төрөгөн учурлар катталат. Кош бойлуу кезде медиктердин айтканын угуп, көзөмөлдө болуу керек. Аялдар төрөт учурунда көз жаруудан эмес, башка ооруларынан улам көз жумуп калып жатышат.
— Эрте төрөлгөн ымыркайлардын абалына токтолсок. Алар жакшы жетилип кете алабы, кандай шартта багуу керек?
— Кыргыздар ара төрөлгөн баланы тебетейге багышчу. Азыр өнүккөн технологияда жасалган жабдыктардын аткарган кызматы деле ошол. Мындай балдар дагы эки ай энесинин курсагында жатышы керек эле. Ошондуктан аларга эненин курсагында жаткандай шарт түзүп, жылуу караш керек. Эң негизгиси — өпкө органынын өрчүүсү. Ал 35 жумада гана калыбына келип, түйүлдүк кадимкидей дем ала баштайт. Эгер андан эрте төрөлүп калса, баланы кычкылтекке туташтырабыз. Ошондой эле өпкөнүн ачылышына жардам берүүчү сурфактант медикаментин да колдонгон учурлар кездешет. Бирок медиктер муну өтө зарыл учурда гана пайдаланып калды. Республикада ара төрөлгөн балдарга кам көрө турган атайын перинаталдык борборлор, төрөт үйлөрүндө бөлүмдөр бар. Ал эми өтө оор абалдагы төрөттөрдү кабыл алуучу биздин Эне жана баланы коргоо борбору болуп эсептелинет.
Бала эненин ичинде жүргөндө дене табы 37,5 градус болот. Ал эми биздин дене табыбыз 25 градус. Айрыкча, салмагы 1 500 граммдан төмөн балдарды эненин жатынындай температурадагы инкубаторго салып, кычкылтекке туташтырабыз. Бала кайсы мөөнөттө төрөлсө да эненин сүтү ошого даяр, эмизе берет. Алгачкы алты-сегиз саатта эненин ууз сүтү балага жакшы жардам берет. Себеби ууз сүттө ымыркайга абдан керектүү витаминдер, баланы коргой турган тирүү клеткалар, эне кайсы оору менен ооруса ага каршы заттар бар. Ошол себептен ара төрөлгөн балдарды эненин сүтү менен калыбына келтире алабыз.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун оорулуу жана ара төрөлгөн ымыркайлар бөлүмү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2018
Апа, мен сизди көрөмбү?.. Ара төрөлүп, аппаратка байланган наристелер
Негизи аталар да төрөт учурунда эненин жанында болууга толук шарт түзүлгөн. Бирок пандемия учурунда бул жагы бир аз өзгөрүүгө дуушар болду. Ошого карабай ара төрөлгөн наристе үчүн өз үй-бүлөсүнүн сүйүүсү, камкордугу негизги ролду ойнойт. Эрте төрөлгөн балдар тууралуу дүйнөдө көп изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Өзгөчө Япония буга көп көңүл бурат. Энелер да "эмне үчүн ара төрөдүм?" деген суроону өзүнө берип, чүнчүп кетет. Ошол убакта ага жакындарынын колдоосу керек. Жолдошу да бара-бара стресс болушу ыктымал. Бирок эркек киши өзүн-өзү кармап, аялына жакшы көңүл буруп, баланын адам болуп кетишине аябай көңүл буруусу кажет.
— Бул балдар жакшы өрчүбөгөндүктөн ар кандай ооруларды жуктуруп алышы мүмкүн. Андыктан эмдөөсү тууралуу айтсаңыз?
— Төрөт үйүндө салмагы 1 500 граммдан аз балдар эмделбейт. Акыбалы жакшы болсо гана бардык ымыркайларга вакцина саюуга болот. Салмагы 1 500 граммдан жогору наристелердин да абалы каралат. Балага биринчи сарыкка жана кургак учукка каршы эмдөө жасалат. Анан жаңы төрөлгөн балдардын баарына К витамини сайылат. Анткени ымыркайдын плазмасында К витамининин төрт заты жетишпейт. Ал эми бир жашка чейинки балдардын эмдөөсү анын ден соолугуна байланыштуу. Ара төрөлгөн ымыркайлар башкаларга салыштырмалуу көп ооруйт. Себеби толук жетиле электе төрөлүп жатпайбы. Аны оорутпаганга аракет кылышыбыз керек. 1 000 граммдык болуп төрөлгөн балдардын алды азыр 20га чыкты. Майрамдарда борборго келип каалоо-тилектерин айтып кетишет. Көрүнүктүү атуулдардын арасында да ара төрөлгөндөр бар. Баары үй-бүлөдөн көз каранды. Үй-бүлөсү канчалык аракет кылып наристеге жакшы көңүл бурса, ал бала толук кандуу, ден соолугу чың болуп чоңоёт.
© Sputnik / Табылды КадырбековАбдувалиева: Аял киши иштеген ишине да көңүл буруусу керек. Кыйналган жокпу, өзүнө зыяны тийбейби, карашы кажет. Азыр миграцияда ар кандай жумушта иштеп жүргөн кыз-келиндерин арасында дагы ара төрөгөн учурлар катталат.
Глава отдела рожденных с патологией и недоношенных национального центра охраны материнства и детства Сагын Абдувалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Абдувалиева: Аял киши иштеген ишине да көңүл буруусу керек. Кыйналган жокпу, өзүнө зыяны тийбейби, карашы кажет. Азыр миграцияда ар кандай жумушта иштеп жүргөн кыз-келиндерин арасында дагы ара төрөгөн учурлар катталат.
— Жети айлык бала менен сегиз айлык баланын айырмасы эмнеде? Анткени сегиз айлык бала жашап кете албайт деп айтылат...
— Сегиз айлык болуп төрөлгөн балага караганда жети айлык балдардын ден соолугу чыңыраак болот дегенибиз туура эмес. Бала апасынын ичинде канчалык көбүрөөк жатса, ошончолук жакшы.
— Ара төрөлгөн балдар сиздердин борбордо тогуз айлык болуп, толук төрөлө турган маалына жетмейинче кармалабы?
— Чынын айтсак, чет мамлекеттерде бул балдарга жасалуучу ыкма бир аз башкача. Өнүккөн өлкөлөрдө реабилитациялык чоң-чоң борборлор бар. Алар ара төрөлгөн баланы көпкө чейин кармап, кам көрүүгө шарты жакшы. Ата-энеси келип-кетип гана жүрө бериши мүмкүн, бирок социалдык, саламаттык сактоо тармагы наристени чоңойтуп берет. Бизде андай чоң перинаталдык борборлор жок. Ушул себептен үйүнө чыгарып жатканда эне менен баланы өзүнчө бир жылуу бөлмөдө кармап, багуу шартын түшүндүрөбүз. Себеби бөлмөнүн температурасы 25 градус болуп, бала жылуу кармалышы абзел. Эне чүрпөсүнүн дене табын ар үч саатта өлчөп турат. Буга энелерди да үйрөтөбүз. Төрөгөн аял да биринчи жолу ушундай учур болуп жаткандыктан эмне кылууну билбей, эмоционалдык жактан башкача абалда болот. Ошондуктан эненин да курсагын тойгузуп, тыңытып, кам көрө турган бир адам керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0