Эзелки түрк тарыхын айкындачу алтай казуулары окумуштуулардын талкуусунда

© Фото / Николай СерегинЭзелки түрк тарыхын айкындачу алтай казуулары окумуштуулардын талкуусунда
Эзелки түрк тарыхын айкындачу алтай казуулары окумуштуулардын талкуусунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Жазылуу
Түркологдор коомчулугунда түрктөрдүн байыркы тарыхын талдоого байланышкан изилдөөлөр активдеше түштү. Буга Алтай мамлекеттик университетинин (АлтМУ) археологдорунун казуулары түрткү болуп отурат.
Эске салсак, Алтайда Биринчи Түрк каганатын түптөө маалына таандык байыркы түрк доорундагы күмбөздөрү казылган. Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын окумуштуулары бул табылгалар тууралуу ойлорун ортого салышты.
Россиялык окумуштуулар дал Алтай жергесинде ушул тапта эң байыркы түрк эстеликтери изилденип жатканын маалымдашты. "Негизинен алар – төрт жагынан жана тегерете тосулган, сөөк коюлган издер табылган, анын ичинде ат жабдыктарынын предметтеринин калдыктары бар күмбөздөр", — деп маалымдайт тарыхый илимдердин доктору, АлтМУнун “Чоң Алтай” алтаистика жана түркология борборунун эксперти Николай Серегин.
Алтай Республикасындагы Чемал районунда Россиялык илимдер фондунун алкагындагы жүргүзүлгөн экспедициялык иштер көчмөндөрдүн тарыхынын баштапкы баскычтарынын өзгөчөлүктөрүн ачууга багышталган.
Илимпоз белгилегендей, калктын көчүп барган тобу жаңы коомчулуктун өзөгүн түзүп калган. "Бизде ушул топко байланыштырууга мүмкүн болгон так археологиялык материалдар жок. Ал пайда болгонун көрүп турабыз, бирок кайдан жана кантип келгенин азырынча так айта албайбыз", —  деп түшүндүрөт Николай Серегин.
"Бул топтун издери (жазма булактардагы айтылуу ашина уруусунун 500 түтүнү болушу ыктымал) азырынча археологиялык жактан аныктала элек. Алтайга жер которуп келгенче алар чала изилденген, көп талданбаган аймактарды байырласа керек", —  деп боолголойт окумуштуу. Азыркы Өзбекстандын бир бөлүгү Алгачкы Түрк каганатынын курамына киргени белгилүү.
Буга байланыштуу Өзбекстандын археологдору алтайлык кесиптештеринин материалдары палеоботаника, археозоология, ландшафт таануу, булак изилдөө, тарыхый лингвистика жана байыркы ДНКны аныктоо өңдүү ыкмаларды камтыган толук изилдөөнү өтүнөт.
Манас эпосу айтылып жатканда эл дымып уккан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Түрк элдеринин азыркы урпактары: көчмөндөр, малчылар, боз үй жана "Манас"
Өзбекстандын Илимдер академиясынын Улуттук археология борборунун директору Фарход Максудов VI кылымдын ортосуна таандык комплекстер кеңири социалдык-маданий жана антропологиялык ыкмалардагы толук илимий изилдөөлөрдү алигүнчө талап кыларын айтат.
"Ашина уруусу Алтайга чыгыштан барган деген жоромол бар, бирок бул уруунун сөөк коюу ырымдары тууралуу маалыматтар Монголиядагы VII кылымдын башына таандык. Кытай жазма булактарында алар сөөктү өрттөп, күлүн шамалга сапыргандыгы айтылат. Ошондой эле кытай императору Тайцзунь Чыгыш Түрк каганатынын хандарынын арасында маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатынын башталышын көрүп, аларды өз ата-бабаларына татыктуу болууга чакырганы да жазылган", —  дейт илимпоз.
Өзбекстандын аймагындагы эстеликтерге токтолсок, окумуштуунун айтымында, чөлкөмдө VI-VIII кылымдарга таандык бир нече гана табыт табылган.
Соңку эки жылда Ташкент облусунда Сунгак күмбөзү аныкталган. "Күмбөздө изилденген материалдар катакомбалар болгон, сөөк коюу жөрөлгөлөрү жергиликтүү салт-санаага шайкеш жасалганын болжоого болот. Бирок жаңы көчүп келгендердин таасири археологиялык материалдарда да байкалат. Азыркы учурда изилдөөлөр уланууда. Соңку бүтүмдөр чыгарылганда толугураак маалымат ачык жарыяланат", — деп кошумчалады Максудов.
Директор Института истории, археологии и этнологии НАН КР, академик Абылабек Асанканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Радио
Асанканов: Алтай цивилизациясына кирген элдердин мекени — Түштүк Сибирь
Ал ортодо казакстандык окумуштуулар казак талааларындагы байыркы түрк маданий комплекстери орто кылымдын эң башындагы Евразия айдыңынын Улуу алкагындагы этносоциалдык-маданий процесстер азыр да актуалдуу экенин билдиришти.
Казак Алтайдагы (Чыгыш Казакстан) Берел күмбөзүндө пазырык маданий эстеликтерин казууда "хунн-сяньбий" доорунун маданиятынын бүтүндөй катмары табылган. Тарых илимдеринин доктору, казакстандык археолог, “Берел” тарыхый-маданий музей-коругунун илимий кызматкери Зайнолла Самашев бул дале этномаданияттын болуп-болбогонун тастыктоону талап кыларын белгилейт.
"Мындай эстеликтер Россия Алтайы, Монголия Алтайында кеңири таанымал, аларды Чоң Алтайдын тарыхы менен чогуу кароо зарыл", — деди окумуштуу.
Кыргызстандагы археологдор түрк доорун жана каганаттарды изилдөө үчүн республикадагы археологиялык эстеликтерди Борбор Азиянын археологиялык маалыматтары менен өз ара байланышта толук изилдөө керек деген пикирде.
Археология, этнология, булак изилдөө жана тарыхнаама кафедрасынын башчысы Темирлан Чаргынов бул тема бүгүнкү күнгө чейин объективдүү жана субъективдүү себептерден улам ар тараптуу атайын изилдөөлөрдүн предмети болгон эмес.
Окумуштуулар жерди сугарууда сууну үнөмдөө ыкмасын ойлоп тапты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Окумуштуулар жерди сугарууда сууну үнөмдөө ыкмасын ойлоп тапты
"Түрк доорунун эстеликтери толук изилденген эмес, ийне-жибине чейин такталган хронологиялык ырааттуулук жана мезгилдерине ылайык антропологиялык түшүндүрмөлөрү жок. Байыркы түрктөрдүн кыштак жана шаарчалары археологиялык жактан изилденбей, ушул убакка дейре актай турат", - дейт окумуштуу.
Ошону менен бирге эле изилдөөчүлөрдүн айтымында, акыркы жылдары Кыргызстандын аймагында капыстан аныкталган табылгалар менен катар байыркы түрк жазуулары, курал предметтери жана таш айкелдер ачылган учурлар бар.
"Көпчүлүгү мурда илимге белгисиз 500дөн ашуун таш айкел табылган. Маңызы, көркөм стили жана гендердик ар түрдүүлүгү боюнча уникалдуу формаларга ээ", — деп кошумчалады Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин археология жана этнология кафедрасынын улук окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты, археолог Орозбек Солтобаев.
Окумуштуулар түрк доорунун эстеликтерин ар тараптуу изилдөө ошол замандын маданий өзгөчөлүктөрүн, генезис, хронологиялык диапазондорун, ошондой эле алардын мезгилинде коңшу элдер жана мамлекеттер менен өз ара алакасын так аныктоого мүмкүндүк берерине үмүт артышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0