Жогорку Кеңешке келчү жаш депутаттар. Тизме

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүАткаминерлер. Архив
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021
Жазылуу
Жаңы мыйзам боюнча Жогорку Кеңешке 25 жаштан өйдөгү курактагылар депутат боло алат. Sputnik Кыргызстан шайлоонун алдын ала чыгарылган жыйынтыгына таянып Жогорку Кеңешке келчү эң жаш депутаттарды тизмектеди.
28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп, бюллетендер кол менен саналып бүттү. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын 18-декабрга чейин жарыялашы керек.
Ага чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги алдын ала жыйынтык боюнча Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын курамы кандай болушу мүмкүн экенин божомолдоп, 35 жашка чейинки курактагы парламентке кирчү жаш талапкерлерди тизмектеди.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан чыккан Орозайым Нарматова Жогорку Кеңештеги эң жаш депутат болуп калышы мүмкүн. 27 жаштагы талапкер шайлоочулардын 992 добушун алган. Кесиби боюнча бухгалтер-экономист жана журналист. 2015-2017-жылдары "Мекенчил" партиясынын теңтөрайымы болуп эмгектенген.
© Фото / из личного архива Орозайым НарматовойОрозайым Нарматова
Кандидат в депутаты ЖК от партии Бутун Кыргызстан Орозайым Нарматова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Орозайым Нарматова
Нарматова шайлоодо биринчи жолу ат салышып жаткан жок. 2020-жылы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан чыгып, Жогорку Кеңештин депутаттарынын тизмесине илинген. Бирок 5-6-октябрдагы окуялардан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан. Белгилей кетсек, ушул жылдын сентябрь айында ИИМ Нарматова өлкө жетекчилигин негизсиз сындап, ошондой эле регионалдык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаганы үчүн кармалып, кийин бошотулган. Юстиция министрлигиндеги маалымат боюнча Нарматова "Жаштар коому" укук коргоо уюмунун жетекчиси жана тең төрайымы болуп эсептелет.
Нилуфар Алимжанова 30 жашта. Ал Жогорку Кеңешке "Альянс" партиясы менен аттанган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Алимжановага 1 300 адам добуш берди. Талапкер "экономика" жана "эл аралык мамилелер" адистиктерине ээ. Эмгек жолун 2016-жылы баштап, Улуттук статистикалык комитетте башкы адис болуп иштеген.
© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Нилуфар Алимжанова
Кандидат в депутаты ЖК от партии Альянс Нилуфар Алимжанова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Нилуфар Алимжанова
Чыңгыз Ажыбаев дагы 30 жашта. Ал шайлоого бир мандаттуу талапкер катары Лейлек шайлоо округунан чыгып, болжол менен 10 971 адамдын добушун алды. Юридикалык факультетти аяктаган талапкер БШКнын маалыматы боюнча Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасынын тергөөчүсү.
"Ишеним" партиясынын өкүлү Эмилбек Жусупов 30 жашта. Алдын ала жыйынтык боюнча, ал 10 754 добуш топтогон. Кесиби боюнча юрист. 2014-жылдан 2016-жылга чейин "Дастан Курулуш" ишканасында жетектөөчү кызматтарда иштеген. 2020-жылы "Эмаком Холдинг" ЖЧКсынын президенти болуп турган учурда "Биримдик" партиясы менен Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан, бирок ал шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан.
© Фото / пресс-служба партии "Биримдик"Эмилбек Жусупов
Кандидат в депутаты ЖК от партии Биримдик Джусупов Эмилбек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Эмилбек Жусупов
Депутат болчулардын катарын 30 жаштагы Аида Исатбек кызы толуктайт. Ал парламенттик шайлоого "Ынтымак" партиясы менен аттанып, болжол менен 3 950 добуш алган. Кесиби боюнча юрист. 2014-жылдан бери "Нурс Мебель" ишканасын жетектейт. Мындан тышкары, ал Борбор Азиядагы аял ишкерлер кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргызстандын адвокаттар коллегиясынын жана JIA ассоциациясынын мүчөсү.
© Фото / пресс-служба партии "Ынтымак"Аида Исатбек кызы
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ынтымак Аида Исатбек кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Аида Исатбек кызы
Жылдыз Таалайбек кызы 31 жашта. Талапкер Жогорку Кеңешке "Ишеним" партиясы менен келе жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, 8 076 добуш алган. "Юриспруденция" жана "эл аралык мамилелер" адистиктери боюнча окуган. Таалайбек кызы ТИМдеги эл аралык укук департаментинде эмгектенип, 2021-жылдан бери "Таалай Курткаев" кайрымдуулук фондун жетектеп келет.
Жаныбек Абиров 32 жашта. Аны калаа тургундары Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы катары жакшы тааныйт. Бул шайлоодо ал талапкерлигин Ленин округунан койгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Абиров 11 180 добуш алган. Жогорку билимдүү. Юриспруденция, мамлекеттик жана муниципалдык өзүн-өзү башкаруу менеджменти факультеттерин аяктаган. 2008-жылы АКШда жашап, иштеп, Кыргызстанга келгенден тарта ишкерлик менен алектене баштаган. 29 жашында шаардык кеңешти башкарган.
Глава Бишкекского городского кенеша Жаныбек Абиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жаныбек Абиров
Азамат Исираилов 33 жашта. Жогорку Кеңешке "Альянс" партиясы менен келе жатат, азыркы эсептөөлөр боюнча шайлоочулардын 6 288 добушун алды. Кесиби боюнча юрист.
© Фото / пресс-служба партии "Альянс"Азамат Исираилов
Кандидат в депутаты ЖК от партии Альянс Азамат Исираилов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Азамат Исираилов
Фарходбек Алимжанов дагы 33 жашта. Парламенттик шайлоого "Альянс" партиясы менен аттанып, 5 780 добуш алды. Алимжанов кесиби боюнча экономист жана мамлекеттик, муниципалдык башкармалыгы боюнча менеджер. 2013-жылдан 2016-жылга чейин "Ак-Кайың" ишканасын жетектеген. "Айбек Алимжанов" кайрымдуулук фондунун директору. Алимжанов 2020-жылы "Бир бол" партиясы менен шайлоого катышкан.
© Фото / пресс-служба партии "Бир Бол"Фарходбек Алимжанов
Кандидат в депутаты ЖК от партии Бир Бол Фарходбек Алимжанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Фарходбек Алимжанов
Жанарбек Акаев 34 жашта. Бул ирет ал Жогорку Кеңешке шайлоого "Альянс" партиясы менен барып, элдин 4 854 добушун алды. Акаев кесиби боюнча журналист. 2015-жылы ЖКга КСДП менен келген. 2020-жылкы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясын жетектеп чыккан.
© Фото / пресс-служба ЖКЖанарбек Акаев
Депутат ЖК Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жанарбек Акаев
Медербек Алиев 35 жашта. Талапкер "Ишеним" партиясында эң көп (10 875) добуш топтогондордун катарында. Кесиби боюнча юрист. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген, 2021-жылдан бери Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү. Конституциялык кеңешменин курамына кирген. Юстиция министрлигиндеги маалыматтар боюнча, Алиевдин "Про-Лекс" юридикалык компаниясы бар.
Бакыт Тентишев 35 жашта. Ал шайлоого "Ынтымак" партиясы менен аттанып, 5 624 добуш алган. Тентишев "экономика жана ишкана башкаруу" адистигине окуп, көп жыл Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгында иштеген.
© Фото / пресс-служба партии "Ынтымак"Бакыт Тентишев
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ынтымак Бакыт Тентишев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бакыт Тентишев
Эрулан Көкүлов дагы 35 жашта. Шайлоого ал "Ынтымак" партиясы менен чыгып, болжол менен 18 395 добуш алган. Кесиби боюнча экономист. "Не сахар" берүүсүнүн автору жана алып баруучусу. 2020-жылкы парламенттик шайлоого "Реформа" партиясы менен катышкан.
© Фото / пресс-служба партии "Ынтымак"Эрулан Көкүлов
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ынтымак Эрулан Кокулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Эрулан Көкүлов
Жаңылыктар түрмөгү
0