Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековНарматова Орозайым Көчкөнбаевна
Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Орозайым Нарматова 1994-жылы 19-февралда Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кара-Дыйкан айылында туулган. 2013-жылы Москвадагы колледжди бухгалтер-экономист адистиги боюнча аяктаган.
2017-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
2012 — Москвадагы "Мекенчил Жаш" коомдук бирикмеси менен гезитинин маалыматтык порталынын кабарчысы;
2013 — Москвадагы "Жаштар коому" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү, "Эркиндик" маалымат порталынын негиздөөчүсү жана башкы редактору;
2014 — "Жаштар коому" менен "Единая Россия" саясий партияларынын жаштар канатынын ортосундагы достук мамилелеринин активисти;
2015-2017 — "Мекенчил" партиясынын теңтөрайымы;
2016 — Россиядагы "Айымдар" коомдук бирикмесинин теңтөрайымы;
2017 — "Мен макул эмесмин" кыймылынын активисти;
2020 — "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан.
2022 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты;
2022, январь — БШК мандатынан ажыраткан.
Орозайым Нарматова учурда ишкерлик менен алектенет. "Менин укугум бар" коомдук кыймылынын активисти жана Москвадагы эркин журналист.
Жаңылыктар түрмөгү
0