Алиев Медербек Кубанычевич — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаАлиев Медербек Кубанычевич
Алиев Медербек Кубанычевич  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Медербек Алиев 1986-жылдын 29-октябрында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
2010 ― Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин бүтүргөн, кесиби юрист.
Эмгек жолу:
2007-2009 — ыктыярчы, КРСУнун "Street Law" юридикалык клиникасында мугалим;
2010-2011 ― Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун адвокаттар коллегиясында адвокаттын жардамчысы;
2011-2012 ― Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы;
2014-2016 ― КР Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинде инвесторлорду колдоо бөлүмүнүн башчысы;
2016-2017 ― КР Инвестицияларды илгерилетүү мамлекеттик агенттигинин инвесторлорду колдоо жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
2018-жылдан тартып "Ала-Тоо" университетинде окутуучу;
2019-2020 ― Шаарды өнүктүрүү агенттигинин директору, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Экономика жана инвестициялар департаментинин директору;
2021-жылдан тартып Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү.
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты
Жаңылыктар түрмөгү
0