Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышындагы аксакал депутаттар. Тизме

© Sputnik / Валерий ЛевитинПремия World Fashion Luxury Awards
Премия World Fashion Luxury Awards - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Жазылуу
Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин биринчи жыйынын парламенттеги эң улуу депутат ачат. Sputnik Кыргызстан шайлоонун алдын ала чыгарылган жыйынтыгына таянып, ЖКнын VII чакырылышынын отурумун баштоо шыбагасы кимге тиерин карап көрдү.
Средний возраст кандидатов в депутаты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
ЖКга аттанган партиялардын талапкерлеринин жаш курагы. Инфографика
Кол менен эсептөөлөрдүн алдын ала чыккан жыйынтыгына таянып Sputnik Кыргызстан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары кандай болорун да болжолдоду. Андан сырткары, парламентке келе турган жашы улуу талапкерлердин тизмесин түздү. Ага 60 жаштан улуу саясатчылар кирди.
Тизмени 66 жаштагы Шарапаткан Мажитова баштап бара жатат. Ал "Ынтымак" партиясынан эл өкүлү болууга аттанып, алдын ала маалыматтарга караганда, шайлоочулардын 9 206сынын добушун алган. Партиялаштарынын арасынан экинчи орунга чыккан. Анын биринчи билими — тарыхчы, экинчиси — юрист. Алгач мугалим болуп жүрүп, кийин ишкердик менен алектенип кеткен. 2013-жылдан тарта "Модерн Стиль" ЖЧКсынын директору. 
© Фото / пресс-служба партии "Ынтымак"Шарапаткан Мажитова 66 жашта
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ынтымак Шарапаткан Мажитова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Шарапаткан Мажитова 66 жашта
Арсланбек Малиев 64 жашта. Жети-Өгүз шайлоо округунан шайланып, ага 7 337 киши өзүнүн добушун берген. Малиев экономика илимдеринин кандидаты. Жогорку Кеңештин I, II, III чакырылыштарынын депутаты болгон. 
2011-жылдын сентябрь айында президенттик шайлоого катышып, бирок мамлекеттик тил боюнча экзамен тапшырбаганы үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы аны каттоодон баш тарткан. Алты жылдан кийин 2017-жылы президенттик шайлоодо Малиев талапкерлигин коюп, добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 1 621 (0,1 пайыз) добуш алып, тогузунчу орунду ээлеген. 2020-жылы кайрадан президенттик шайлоого катышып, акырында документтерин кайра чакыртып алган.
Парламентке келчү дагы бир эл өкүлү Султанбай Айжигитов 63 жашта. Бул шайлоодо талапкерлигин "Ыйман нуру" партиясынан коюп, шайлоочулардын 10 953 добушун алган. Партиялаштарынын арасынан экинчи орунду ээледи. 
© Фото / пресс-служба партии "Ыйман Нуру"Султанбай Айжигитов 63 жашта
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ыйман Нуру Султанбай Айжигитов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Султанбай Айжигитов 63 жашта
Адистиги боюнча жарандык авиациянын инженери, андан сырткары, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти аяктаган. Баткен облусунун губернатору (2005-2008), президенттин кеңешчиси (2008-2010) болуп иштеген. 2012-жылдан тарта коомдук ишмер.
Надира Нарматова 62 жашта. Шайлоого "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан катышкан. Алдын ала маалыматтарга таянсак, шайлоочулардын 3 070инин добушун алган. Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун, андан сырткары, Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн. Партиялык кызматтарда иштеген, жеке ишкердик менен алектенген. Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. 2015-жылдан тарта "Мээримбек" кайрымдуулук фондун жетектеп келет. 
© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Надира Нарматова 62 жашта
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Журт Кыргызстан Надира Нарматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Надира Нарматова 62 жашта
Бешилтикке 61 жаштагы Исхак Масалиев да кирген. Бул шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан ат салышкан. Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, шайлоочулардын 12 275инин добушун алган. Бул сандар аны партиялаштарынын арасынан саясий бирикменин лидери Адахан Мадумаровдон кийинки эле экинчи орунга чыгарды. Масалиев билими боюнча тарыхчы жана укук жагынан адис. Бажы жана салык тармактарында эмгектенген. 2005, 2007 жана 2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал эми 2020-жылдын май айында мандатын өз ыктыяры менен тапшырган. 
2020-жылы 4-октябрда болгон парламенттик шайлоодо да Масалиев "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен парламентке аттанган. Саясий бирикменин алдын ала чыгарылган жыйынтыгында депутат болчулардын тизмесине кирген. Анткен менен 5-6-октябрда болгон нааразылыктан улам ал шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкканы маалым.
Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, жаңы шайланып келген Жогорку Кеңештин алгачкы жыйынын депутаттардын арасынан аксакалы ачып, парламенттин төрагасы шайлангыча отурумду алып барып турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0