Малиев Арсланбек Касымакунович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековМалиев Арсланбек Касымакунович
Малиев Арсланбек Касымакунович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арсланбек Малиев 1957-жылдын 8-октябрында Жалал-Абад шаарында туулган. Украинадагы Тышкы экономикалык байланыштар жана маалымат илимий изилдөө институтун аяктаган.
Эмгек жолу:
1979 — "Киргизвнешторг" республикалык бирикме фирмасынын директору, Бишкек шаардык коомдук тамактануу бирикмесинин башкы директору;
1990-1991 — туризм боюнча республикалык бирикменин жетекчиси;
1991-1995 — холдингдик компаниянын президенти;
1995-2003 — "Кыргызстан-Франция" коомдук бирикмесинин президенти;
1996 — "МАК" ишканалар системасынын президенти;
2003-жылдан тарта Чет өлкөлөр менен кызматташуу жана алакалашуу боюнча коомчулуктар союзунун жетектеп келет;
2007 — "Аалам" партиясыздардын партиясынын" уюштуруу комитетинин жетекчиси;
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
Экономика илимдеринин кандидаты.
Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
КРдин Жаа атуу федерациясынын президенти.
КР Жогорку Кеңешинин I, II жана III чакырылыштарынын депутаты.
Жаңылыктар түрмөгү
0