Бишкек мэриясы Кытай грантынын эсебинен жол боюнча ири долбоор сунуштады

© пресс-служба мэрии города Бишкек Улукбек ШамбетовКытай грантынын эсебинен жол боюнча үч ири долбоору
Кытай грантынын эсебинен жол боюнча үч ири долбоору - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Жазылуу
Келерки жылы Кытайдын жардамы менен Бишкектеги жолдорду куруу жана оңдоо боюнча кезектеги фазаны ишке ашыруу пландалып жатат.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы Кытай грантынын эсебинен жол боюнча үч ири долбоорду ишке ашырууну сунуштады.
© пресс-служба мэрии города Бишкек Улукбек ШамбетовБишкек мэриясы Кытай грантынын эсебинен жол боюнча үч ири долбоорду ишке ашырууну сунуштады
Третья фаза дорожного проекта за счет гранта КНР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бишкек мэриясы Кытай грантынын эсебинен жол боюнча үч ири долбоорду ишке ашырууну сунуштады
Муниципалитеттин маалымат кызматы 2022-жылы "Бишкек шаарынын ички жол тармактарын өнүктүрүү" долбоорунун үчүнчү фазасын баштоо пландалып жатканын эске салды.
Мэрия сунуштаган долбоорлор:
  • Лев Толстой — Фучик — Садырбаев (Бах) көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү автотранспорттук жол курулуп, Фучик көчөсү узартылат. Ошондой эле Бахтын Лев Толстойдон Гагаринге чейинки бөлүгү оңдолот;
  • Лев Толстой менен Жаш гвардия проспектисиндеги транспорттук түйүн проспектиден Матыев көчөсүнө чейин узартылат. Ошондой эле Чапаев көчөсүнө Ала-Арча дарыясы аркылуу өткөн көпүрө курулат;
  • Темир жол аркылуу Сүйүнбаев жана Төрөкул Айтматов көчөлөрүнө Лев Толстойго чыккан жол үстүндөгү көпүрөлөрдү куруу;
  • Кийин Кара-Дарыя көчөсүнүн Лев Толстойдон Медеровго чейинки бөлүгүн узартууга мүмкүнчүлүк жаралары айтылды.
Учурда долбоор алдындагы иштер жана алдын ала эсептөөлөр жүргүзүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0