Биткоиндин курсу 42 миң долларга чейин түшүп кетти

© REUTERS / Dado Ruvic/IllustrationКурс биткоина к доллару
Курс биткоина к доллару - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2021
Жазылуу
Ишембиге караган түндөгү арзандоонун эпкини Ethereum, Litecoin жана Monero сыяктуу популярдуу криптовалюталарга да тийген.
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Биткоиндин баасы 4-декабрда 42 миң долларга чейин түшүп, сентябрдын аягынан бери эң төмөнкү чекке жетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 
Ишембиге караган түнү белгилүү криптовалюталардын курсу болжол менен 20 пайызга төмөндөп, ал эми бул рыноктун жалпы капитализациясы 16 пайызга азайып, 2 триллион долларга чейин түшкөн.
Биткоиндин сувенирдик тыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Биткоин чыры. АКШ соту криптовалютаны ким ойлоп тапканын аныктоого киришти
4-декабрдын таңында курстун төмөндөшү бир аз басаңдаган. Алып-сатуунун көлөмү боюнча алдыда турган Binance биржасында Бишкек убактысы боюнча саат 13:00гө карата биткоин 16,7 пайызга, тагыраагы, 47,25 миң долларга чейин арзандады. Ал эми 20дан ашык биржанын орточо баасын эсептеген CoinMarketCap порталынын маалыматы боюнча, биткоин 16,36 пайызга — 47,6 миң долларга чейин арзандаган.
Буга чейин сатуунун жүрүшүндө биткоин 30-сентябрдан бери биринчи жолу 42 миң долларга чейин төмөндөгөн.
Арзандоонун эпкини Ethereum, Litecoin жана Monero сыяктуу популярдуу криптовалюталарга тийген. Ethereum 14,91 пайызга (3,89 миң доллар), Litecoin 24,96 пайызга (153,2 доллар) жана Monero 18,76 пайызга (195,9 доллар) түшкөн.
Криптовалютанын наркы 16 пайызга төмөндөп, 2,2 триллион доллар болуп калган. Ноябрдын башында бул көрсөткүч тарыхта биринчи жолу 3 триллион долларга жеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0