https://sputnik.kg/20211201/ukmk-dobushtar-chuusu-boyuncha-bildirip-asu-tuura-ishtegendigin-aytty-1054814663.html
УКМК добуштар чуусу боюнча: АСУ туура иштеген, ката сайттан кеткен
УКМК добуштар чуусу боюнча: АСУ туура иштеген, ката сайттан кеткен
Sputnik Кыргызстан
БШК сайтындагы добуштардын туура эмес чыгып кеткени Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин сотко чейинки өндүрүш материалдарынын... 01.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-01T10:45+0600
2021-12-01T10:45+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
жогорку кеңешке шайлоо 2021
https://sputnik.kg/img/07e5/04/0b/1052081982_0:161:3069:1887_1920x0_80_0_0_78c0862e8c2ee296b162ceb0ad2c0a8a.jpg
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. БШКнын расмий сайтында саясий партиялар алган добуштардын саны боюнча туура эмес маалыматтардын автоматтык саноочу урналардан (АСУ) маалыматтарды чогултуу программасы менен эч кандай байланышы жок. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирүү таратты.Аталган комитеттен БШКнын расмий сайтында 2021-жылдын 28-ноябрында ЖК депутаттарын шайлоо учурунда катталган туура эмес маалыматтардын фактысы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында текшерилип жаткандыгын кабарлады.Эске салсак, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган. Өз кезегинде БШК төрайымы бул боюнча жооп берген.Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды эсептөө маалында болгон сайттагы мүчүлүштүк боюнча такталган расмий маалымат тараткан. Анда БШКнын адиси АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган деген маалыматты айткан.Ал эми Жапаров кечээ, 30-ноябрда, социалдык тармактагы баракчасына бул боюнча пост жазып, ишти УКМК текшерип жаткандыгын, жыйынтыгын билдирерин айткан.
https://sputnik.kg/20211130/byulletender-kol-menen-kachan-sanalyp-butot-1054805236.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/0b/1052081982_168:0:2899:2048_1920x0_80_0_0_6623d17f335f9cde9803ee045120a324.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо, жогорку кеңешке шайлоо 2021
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо, жогорку кеңешке шайлоо 2021
УКМК добуштар чуусу боюнча: АСУ туура иштеген, ката сайттан кеткен
10:45 01.12.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) БШК сайтындагы добуштардын туура эмес чыгып кеткени Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында текшерилип жатат.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. БШКнын расмий сайтында саясий партиялар алган добуштардын саны боюнча туура эмес маалыматтардын автоматтык саноочу урналардан (АСУ) маалыматтарды чогултуу программасы менен эч кандай байланышы жок. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирүү таратты.
Аталган комитеттен БШКнын расмий сайтында 2021-жылдын 28-ноябрында ЖК депутаттарын шайлоо учурунда катталган туура эмес маалыматтардын фактысы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында текшерилип жаткандыгын кабарлады.
"Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялоодо БШКнын расмий сайтында саясий партиялар алган добуштардын саны боюнча туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн. Бул жагдай БШКнын техникалык адистери тарабынан катталып, ага байланыштуу newess.shailoo.gov.kg веб-ресурсунун (көрсөтүү баракчасынын) программалык кодундагы катаны оңдоо боюнча дароо чаралар көрүлүп, натыйжада веб-ресурс туура маалыматтарды көрсөтө баштаган. Ал маалыматтарды көрсөтүүчү бетиндеги формуланын код бөлүгүндөгү ката менен түшүндүрүлөт жана анын автоматтык түрдө санаган урналардан (АСУ) маалыматтарды чогултуу программасы менен эч кандай байланышы жок", — деп айтылган билдирүүдө.
30 Жетинин айы 2021, 13:56
Эске салсак, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты кеминде эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Экинчи учурда АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган. Өз кезегинде БШК төрайымы бул боюнча жооп берген.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды эсептөө маалында болгон сайттагы мүчүлүштүк боюнча такталган расмий маалымат тараткан. Анда БШКнын адиси АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган деген
маалыматты айткан.
Ал эми Жапаров кечээ, 30-ноябрда, социалдык тармактагы баракчасына бул боюнча пост жазып, ишти УКМК текшерип жаткандыгын,
жыйынтыгын билдирерин айткан.