00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Гипотония: что делать при низком давлении? Советы невролога
14:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Язык, культура и образование: как работает Евразийский центр в Бишкеке
16:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Снять будущую пенсию: кому нужно и когда разрешат
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Как изменилась экономика Кыргызстана за последние пять лет?
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЖКга өткөн алты партиядан кимдер көп добуш алды. Болжолдуу маалымат

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVВыборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстане
Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Жазылуу
БШКнын алдын ала маалыматтары боюнча, парламентке алты саясий бирикме келе жатат. Алар 90 мандаттын 54үн алмакчы.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, ЖКга өткөн алты партиянын лидерлеринин арасынан эң көп добуш алган талапкер Адахан Мадумаров болуп калды.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясында биринчи турган Мадумаров бардык аймактар боюнча 21 675 добуш алды. Бул саясий бирикмелерге берилген 83 839 добуштун 25,85 пайызы. Мадумаров баарынан көп добушту Ош облусунда топтогон, тагыраагы, 6 851 жаран аны тандоону чечкен.
Экинчи орунга 17 744 добуш менен "Ынтымак" партиясынын талапкери Эрулан Көкүлов чыкты. Бул партиянын ичинен алганда 13,08 пайызды камсыздаган. Партия жалпысынан Кыргызстандан 135 642 добуш топтогон. Көкүловго баарынын көп Ысык-Көл облусунун жарандары добуш берген.
БШКнын кызматкерлери Бишкектеги шайлоо участогунда добуштарды санап жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Парламентке өтпөй калган 4 партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтты
Үчүнчү орунда 16 915 (8,08 пайыз) добуш менен "Ата-Журт Кыргызстан"партиясынан шайлоого катышкан Бакыт Төрөбаев келе жатат. Ал үчүн Жалал-Абад облусундагы электорат көбүрөөк добуш брген, тагыраагы, 9 295 жаран тандаган. Ал эми партия жалпысынан 209 423 добуш алган.
"Ыйман Нуру" партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков 14 144 (18,62 пайыз) добуш алган. Ал эми саясий бирикме 75 945 жарандан колдоо тапкан. Кадырбеков үчүн баарынан көп Ош облусунан, тагыраагы, 2 943 добуш түшкөн.
Бешинчи орунду 10 361 (6,16%) добуш топтоп, "Ишеним" партиясы менен келе жаткан Медербек Алиев алды. Аны Жалал-Абад дубанынан арбыныраак, тагыраагы, 3 007 жаран тандаган. Ал эми партия 168 114 добуш алган.
Рейтингди "Альянстан" чыккан Алтынбек Сулайманов жыйынтыктаган. Ал  топтогон 7 159 добуштун (6,97 пайыз) 5 418ин Ош облусу берген. Партия баш-аягы 102 779 добуш алган.
Бул партиялардын талапкерлери Жогорку Кеңештин VII чакырылышында 54 мандат алат. Парламентке келе турган эл өкүлдөрү боюнча алдын ала чыгарылган тизме менен атайын жасалган материалдан таанышууга болот.
34 депутат бир мандаттуу округдан келгендерден түзүлмөкчү. Дагы эки мандат Бишкек шаарындагы Биринчи май жана Свердлов райондорунан кармалып турат, себеби аталган аймакта элдин көбү баарына каршы болушкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0