https://sputnik.kg/20211128/shayloogo-katyshkandar-az-boluuda-sebep-1054779605.html
Эмнеге шайлоого келгендер аз болууда? БШК себептерин айтты
Эмнеге шайлоого келгендер аз болууда? БШК себептерин айтты
Sputnik Кыргызстан
Былтыр 4-октябрда өткөн жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого салыштырмалуу мында добуш берүүгө келгендердин саны 17 пайызга аз. 28.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-28T19:27+0600
2021-11-28T19:27+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
саясат
жогорку кеңешке шайлоо
добуш берүү
катышуу
себеп
жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
жогорку кеңешке шайлоо 2021
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/1c/1054767814_0:118:3072:1856_1920x0_80_0_0_7ddbfaefacec7208f5982360a8784418.jpg
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Мыйзамдан №2 форма менен добуш берүүнү алып салуу шайлоого катышкандардын саны азайышынын негизги себеби болду. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров маалымат жыйында билдирди.Белгилей кетсек, саат 18:00гө карата добуш бергендердин саны жалпы шайлоочулардын 28,36 пайызын түздү. Салыштыруу үчүн алсак, ушул эле убакытта 10-январда өткөн президенттик шайлоодо 33,13 пайызы өз тандоосун жасаган. Ал эми былтыр жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодо 45,26 пайызга жеткен болчу.Sputnik Кыргызстандын кабарчысы бул ирет шайлоочулардын активдүүлүгү төмөндөп кетишине эмне себеп болгонун сурады.Саат 20:00дө шайлоо участкалары жабылат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Анын ичинен 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдөн катталган.Бул ирет парламенттик шайлоо аралаш система менен өтүп, 90 талапкерге мандат берилет. 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалмакчы. 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышууда.Бүгүн эртең мененки саат 8:00дө 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктарды тейлемекчи.Шайлоонун жүрүшү тууралуу соңку маалыматтарды, сүрөт, видеолорду Sputnik Кыргызстандын онлайн репортажынан көрө аласыздар.
https://sputnik.kg/20211128/shayloo-talapker-mandat-berilbey-kalyshy-mumkun-1054769421.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/1c/1054767814_0:22:3072:1952_1920x0_80_0_0_c52cad3628677b9892667d9c9678ad62.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, саясат, жогорку кеңешке шайлоо, добуш берүү, катышуу, себеп, жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо, жогорку кеңешке шайлоо 2021
жаңылыктар, коом, кыргызстан, саясат, жогорку кеңешке шайлоо, добуш берүү, катышуу, себеп, жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо, жогорку кеңешке шайлоо 2021
Эмнеге шайлоого келгендер аз болууда? БШК себептерин айтты
19:27 28.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Былтыр 4-октябрда өткөн жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого салыштырмалуу мында добуш берүүгө келгендердин саны 17 пайызга аз.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Мыйзамдан №2 форма менен добуш берүүнү алып салуу шайлоого катышкандардын саны азайышынын негизги себеби болду. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров маалымат жыйында билдирди.
Белгилей кетсек, саат 18:00гө карата добуш бергендердин саны жалпы шайлоочулардын 28,36 пайызын түздү. Салыштыруу үчүн алсак, ушул эле убакытта 10-январда өткөн президенттик шайлоодо 33,13 пайызы өз тандоосун жасаган. Ал эми былтыр жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодо 45,26 пайызга жеткен болчу.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы бул ирет шайлоочулардын активдүүлүгү төмөндөп кетишине эмне себеп болгонун сурады.
"Мурунку шайлоодо №2 форма ыкмасы менен 500 миңдей жаран добуш берген. Муну менен аталган шайлоочулар массалык түрдө ташылып келгенин айтсак болот. Учурда мындай ыкмага чек коюлган. Ошондуктан бир себеби №2 форма деп айтат элем. Ошондой эле бул көрсөткүч элди шайлоо участкасына массалык түрдө ташууга, админресурс колдонууга жол берилбегенин билдирет. Балким, эл кайра-кайра өткөн шайлоодон тажашы мүмкүн. Бирок мен жарандарыбыздын кыймыл-аракети жана каалоосуна комментарий берүүдөн алысмын", — деди Шайназаров.
Саат 20:00дө шайлоо участкалары жабылат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. Анын ичинен 84 128 шайлоочу башка өлкөлөрдөн катталган.

28 Жетинин айы 2021, 12:44
Бул ирет парламенттик шайлоо аралаш система менен өтүп, 90 талапкерге мандат берилет. 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалмакчы. 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышууда.
Бүгүн эртең мененки саат 8:00дө 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктарды тейлемекчи.
Шайлоонун жүрүшү тууралуу соңку маалыматтарды, сүрөт, видеолорду Sputnik Кыргызстандын
онлайн репортажынан көрө аласыздар.