Күн ачык болобу? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан адам. Архив
Көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Yandex newsTelegram
Кыштын алгачкы күндөрү өлкөдө жылуу болору айтылды. Бирок айрым аймактарда жамгыр, кар жаашы ыктымал.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, келе жаткан аптада күн ачык болот. 3-декабрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, кар жааса, Бишкекте апта ичи жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас облустары

29-ноябрдан 3-декабрга чейин эки аймакта тең жаан-чачын болбойт. 3-декабрда күндүз жана 4-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал. 4-декабрда күндүз жана 5-декабрда кар жаабайт, бирок 5-декабрдан тарта күндүн көзү кайра бузула турганы айтылды. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Өлкөнүн түштүк аймактарында 4-декабрга чейин күн жылуу болуп, абанын температурасы 12...14 градуска чейин жылый турганы божомолдонду.
5-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Нарын менен Ысык-Көлдө бул аптада жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок жолдор тоңгок, тайгалак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
Ысык-Көлдө абанын температурасы 6...11 градуска чейин жылуу болсо, Нарында 4...6 градуста кармалышы ыктымал.
Жаңылыктар түрмөгү
0