Бир нече миң доллар. Казакстандагы облус жетекчилери канча айлык алары айтылды

© Фото / Pixabay / Anastasia GeppГосударственная служба
Государственная служба - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Кызыл-Ордо облусунун акими аталган аймакты 2020-жылдын март айынан бери жетектеп келет. Анын айлыгы жакында эки эсе көтөрүлгөн.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Казакстандын Кызыл-Ордо облусунун акими Гүлзара Абдыкаликова айлыгы канча экенин айтканын Sputnik Казакстан жазды.
Анын билдиргенине караганда, маянасы алгач 986 миң тенге — болжол менен 197,2 миң сом же 2 268 доллар болгон. Бул айым облусту тогуз айдан бери жетектеп келет. Баса, Казакстандагы бирден-бир аял аким.
Абдыкаликова быйыл фактордук-баллдык система менен коэффициентти 1,9га көтөрүү чечими кабыл алынгандыгын билдирди.
"Бирок буга чейин эки жыл эмгек өргүүгө чыкпагандыктан дароо эс алууга кеткем. Азыр акыркы ирет мага чыккан айлыктын суммасы болжол менен 1,8 миллион тенге", — деп билдирген ал.
1,8 миллион тенге — болжол менен 360 миң сом же 4,1 миң доллар. Буга чейин дагы бир аткаминер, Түркстан облусунун жетекчиси Умирзак Шукеевдин канча айлык алары айтылган. Анын маянасы 1,9 миллион тенге (болжол менен 4,4 миң доллар) дешкен.
Киши АКШ долларын санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2021
Жакшы акча тапсаңыз деле карызга батып кеттиңизби? Абалдан чыгуунун жолу
Казакстан бийлиги мындай фактордук-баллдык шкала мамлекеттик кызматка кызыгууну арттырып, кадрдык түзүмдүн туруктуулугун сактайт дешкен.
Биз Кыргызстан менен салыштыруу иретинде карап көрүүнү чечип, Талас облусунун мурдагы жетекчиси Марат Мураталиевдин 2018-жылдагы декларациясына көз чаптырдык. Эске салсак, акимдик кызмат Кыргызстанда облус эмес, райондун жетекчилери. Ал кезде Мураталиев декларациясына башка кирешелерин жазбастан, таза айлыгын гана көрсөткөн. Көрсөтүлгөн жылы аким 275 997 миң сом тапкан. Эгерде муну 12 айга бөлсөк, маянасы 30 миң сом болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0