АКШнын Аскердик-деңиз флоту Кара деңизде отурукташуунун ыгын тапты

CC BY 2.0 / U.S. Navy/ MC2 James Turner / USS Mount Whitney transits the North Sea, Oct. 20, 2018.Штабной корабль шестого флота ВМС США "Mount Whitney"
Штабной корабль шестого флота ВМС США Mount Whitney - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Жазылуу
АКШ Кара деңизге узакка жайгашууну чечишкен өңдүү. 6-флот НАТОдогу союздаштары менен чогуу "россиялык агрессияны" токтотуу камылгасын көрүп жаткан тушта Вашингтондогулар аймакта аскердик күчүн арттыруу үчүн Монтре конвенциясын кайра карап чыгууга үндөп жатышат.
Бул эмнеге алып келиши мүмкүн? Бул туурасында ой жүгүрткөн Андрей Коцтун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Учурда аталган аймакта өтүп жаткан аскердик-деңиз машыгууларда Алтынчы флоттун флагманы — Blue Ridge тибиндеги, Кара деңизге 2014-жылдан бери үчүнчү ирет келген "Маунт Уитни" тескөөчү кемеси. Маңызында, бул – эң акыркы үлгүдөгү радиоэлектрондук, байланыш жана чалгындоо каражаттары менен жабдылган сүзүүчү штаб. Анын бортунан командачылык бардык бирикмелерин натыйжалуу башкаруу үчүн зарыл болгон тактикалык маалыматты ыкчам түрдө алат.
Аталган флагманды "Арли Берк" тибиндеги ракеталык "Портер" эсминеци жана "Жон Лентхолл" танкери коштоодо. Бул топко сууда аймактык союздаштарынын кемелери да, ал эми абадан Европадагы базалардагы америкалык авиация колдоо көрсөтөт. Анын ичинде стратегиялык B-1B бомбалоочулары да бар экенин белгилей кетели.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Путин АКШ менен НАТОнун Кара деңиздеги аракеттерине тынчсызданып жатат
Россиянын Коргоо министрлигиндегилер чек арага жакын жерде АКШнын пландан тыш машыгууларын туруксуздаштыруу аракети деп эсептейт. "Алардын максаттарынын бири – Украинанын территориясын аскерий өздөштүрүү, — деп такташты аталган мекемедегилер. — Окууларда америкалык аскердик-деңиз күчтөрүнөн сырткары тактикалык, күзөт жана стратегиялык авиация, ошондой эле Грузия, Румыния, Болгария, Түркия жана Украинанын куралдуу күчтөрүнүн контингенттерин тартуунун пландалышын эске алсак, Киевдин түштүк-чыгыштагы жагдайды күч менен чечүүгө даярдыксыз убакта болжолдуу согуштук аракеттердин театры изилденип жатканы айдан ачык".
Кара деңизге америкалык кемелердин келишин утурлай Батыш медиа айдыңында ушул жаатындагы макалалар удаа-удаа чыкты. Октябрдын аягында таасирдүү Politico басылмасы: "Кремль Украина менен чек арасында күчтөрүн топтоодо. Толук масштабдуу басып кирүүгө ниеттенгени анык деген "сенсацияны" жазып чыкты. Далил катары Ельни районундагы аскердик техниканын спутниктен тартылган сүрөттөрүн жарыялады. Бирок Смоленск облусундагы бул калаадан Украинага чейин 250 чакырымдан ашуун аралык бар экенин айтууну унуткарышкан. Ал эми Батыштын башка маалымат каражаттары бул чагымчыл маалыматты заматта жайды.
Ноябрдын башында Москвага сүйлөшүүлөр үчүн Борбордук чалгындоо кызматынын башчысы Уильям Бернс келген. Анын сапарынын максаты — АКШ Украина менен чек арада россиялык күчтөрдүн көбөйүшүнө тыкыр көз салып жатканын "Кремлдин эсине салуу" экенин жазды CNN. Сыягы америкалык чалгындоо кызматынын жетекчиси да Politico басылмасынын журналисттериндей эле географияны начар өздөштүргөн өңдөнөт. Пентагон деле булардан кем калышкан жок. "Россиянын батыш райондорунда жана Украинанын тегерегинде россиялык аскерлердин кыймылына көз салууну улантуудабыз. — деди аталган мекеменин басма сөз катчысы Жон Кирби. — Биз Россия аймакта чындыгында эмне кылып жүргөнүн, дегеле өз ниетин түшүндүрүүгө үндөйбүз". РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова буларды фейк-кампания деп атады. Анткен менен Батышта антироссиялык риторикага эбак старт берилген, ал эми аны токтото турган киши жок.
Жакында эле республикачыл конгрессмендер Майк Рожерс менен Майк Тернер "агрессияны ооздуктоо" үчүн Украинага учуучу курал берүү жана Кара деңизге согуштук кемелерди жөнөтүү зарылдыгын жар салган.
Ямал атомдук муз жарчык кемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Батыш түндүккө умтулат, бирок орун эбак ээленген
1936-жылы кабыл алынган Монтре конвенциясына ылайык Кара деңизди боюнда жайгашпаган кайсы бир мамлекеттин согуштук кемесинин жалпы тоннасы жай убакта 30 миң тоннадан ашпоого тийиш. Алтынчы флоттун азыркы тобу бул чектөөлөргө зорго сыят. Дал юридикалык чектөөлөрдүн айынан америкалыктар бүгүнкү күнгө чейин Босфор аркылуу негизги сокку уруучу күчүн тартып келише элек. Эске салсак, атомдук авиа ташуучулардын сыйымдуулугу 80 миң тоннадан башталат. Вашингтонго бул жакпай турганы талашсыз. Ал жакта Россиянын Кара деңиз флотун эң заманбап үч кеме да жеңе алары арсар. Россиялык күчтөрдүн бул канатын Крымда уюштурулган түр аралык топ колдойт.
Монтре конвенциясын америкалыктар түз, айрыкча тынч маалда бузууга даай албайт. Бирок бөлөк варианттары да жок эмес. Дагы бир америкалык белдүү The Hill басылмасы АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн лейтенант-командири Брайан Харрингтондун "Америка жана НАТО Кара деңизде Россиянын үстөмдүгүнө жол бербөөгө тийиш" деген макаласын жарыялады. Бул маалымат каражатын сенаторлор ийне-жибине чейин окушары маалым. Автор Крымдагы жана Кара деңиз флотунун "Бастион" жана "Калибр" ракеталык комплекстери, ошондой эле олуттуу авиациялык топ Москвага тыюу салынган зонадагы (Anti-Access/Area Denial, A2AD) кеңири территорияны абадан жаап коюуга мүмкүндүк түзөт. Пентагондо бул америкалык күчтөр кокус түз куралдуу жаңжал тутанса, чоң жоготууларга учурай турган аймактарды туюндурат. A2AD аймагына кириш үчүн бир топ сандагы жана технологиялык үстөмдүгү жогорку куралдар зарыл.
Харрингтон Монтре конвенциясындагы чектөө эрежесинен буйтап кетүүнү сунуштады.
Түндүк атлантикалык альянска мүчө күчтүү аскердик флоту бар ар бир мамлекет Кара деңизге эки-үч вымпел жөнөтсүн деген оюн ортого салды. Анын пикиринде, мындай бирикме дээрлик жеңилгис. Эл аралык макулдашууларды көз көрүнөө тоготпогондук көз жаздымда калбады. Россия муну аймактык согушка түз даярдык деп баалайт. Ал эми бул заматта эле дүйнөлүк деңгээлге өтүп, ракеталык-өзөктүк согуш менен аякташы ыктымал. Вашингтон жана Брюссель абалды курчутууга чейин барышпаса керек. Бирок Кара деңизде россиялык чек аралардын "тамырын тартып көрчү сыноолор" күчөшү турулуу иш.
Амстердам шаарындыгы Allard Pierson Museum музейиндеги Крым: Кара деңиздин алтыны жана сырлары экспозициясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Талашка түшкөн табылга: скиф кенчи Крымга эмес, Украинага берилди
"Алар мында – мындай текшерүү жана жүрүштөрдө жалгыз эмес. Мындан кийин Батыш күчтөрү РФтин коңшулары – Грузия жана Украинанын флотторунун катышуусунда машыгууларды өткөрүүгө белсенгендей. Бирок биз дагы окууларды уюштуруп келебиз, уюштура да беребиз", — деп билдирди РФ коргоо министри Сергей Шойгу Алтынчы флоттун кемесинин келиши боюнча. Чындыгында Батыш өлкөлөрүнүн аскердик-деңиз машыгууларына жооп катары Россия улам өз окууларын өткөрөт.
Жакында эле "Адмирал Эссен" фрегаты Кара деңиз флотунун кемелери жайгашкан пункттарды авиациялык жана ракеталык соккудан коргоо боюнча машыгуу өткөрдү. Зениттик каражаттар менен вымпел бардык окуу алкагындагы буталарын жок кылды.
Мындан тышкары, Кара деңизге кайыкка каршы күчтөр — "Ейск" жана "Касимов" кемелери да келди. Кара деңиздеги суу түбүндөгү кемелердин күрөшү купуя сакталууда. Бирок РФтин Түштүк аскердик округуна таандык суу түбүнө ылайыкталган алты "Варшавянка" кайыгынын экипажы ок үнүн жаңыртууга тырышкандарга күнү-түнү байкоо саларынан шек да санап болбойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0