Талашка түшкөн табылга: скиф кенчи Крымга эмес, Украинага берилди

© AFP / BART MAAT / ANPАмстердам шаарындыгы Allard Pierson Museum музейиндеги "Крым: Кара деңиздин алтыны жана сырлары" экспозициясы
Амстердам шаарындыгы Allard Pierson Museum музейиндеги Крым: Кара деңиздин алтыны жана сырлары экспозициясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жазылуу
Амстердам апелляциялык соту Кара деңиз аймагынан табылган алтын зер буюмдары, өзгөчө артефактылар, сейрек тарыхый буюм-тайымдар Украинанын энчиси деген чечим чыгарды. Бул боюнча соттук териштирүүлөр бир топ жылга созулуп кеткен эле.
Анткен менен Нидерланддын жогорку сотуна кайра кайрылууга болору айтылат. 2013-жылы крымдык музейлерден бул тарыхый табылгалар Германия жана Нидерландга жөнөтүлгөн. Мындай талаш жагдайга сереп салган Анна Нехаеванын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Рембрандт жана "Суу перисинин" деңгээлинде

Крымдык музейлердин эки миңдин тегерегиндеги уникалдуу предметтери ушул тапта Нидерландда. Алар 2013-жылы Бонндо өткөн көргөзмөгө, кийин Амстердамга жеткирилип, кайра мекенге кайткан эмес. "Крым: Кара деңиздин алтыны жана сырлары" экспозициясына Европанын түшүнө да кире элек буюмдар коюлган. Алардын арасында Бахчисарайдын четиндеги Усть-Альмински мазарындагы лакталган кытай кутучалары, Симферополдогу Неаполь Скифскийдин мавзолейиндеги Скилур падышанын күмбөзүнөн чиймеленген алтары (курмандык чалынуучу үстөл), Керчь шаарынын символу деп эсептелген скифтердин жылан буттуу аял-кудайынын статуясы бар.
© AFP / HANDOUT / ALLARD PIERSON MUSEUMВыставка "Крым: золото и секреты Черного моря" в музее Allard Pierson Museum
Выставка Крым: золото и секреты Черного моря в музее Allard Pierson Museum - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Выставка "Крым: золото и секреты Черного моря" в музее Allard Pierson Museum
Крым Россия менен бириккенден кийин Голландиядагы Аллард Пирсон музейиндеги көргөзмө аяктайт. Ошондо экспонаттарды кайда кайтаруу маселеси чыгат. Россия да, Украина да коллекцияны өз менчиги катары санайт.
"Бул жоготуулар Копенгаген колдон чыгарган Эдвард Эриксендин "Суу периси" скульптурасы жана Амстердам жоготкон Рембрандттын кыл калеминен чыккан "Түнкү күзөт" эмгегине тете, — деп белгиленет Крым музейлеринин билдирүүсүндө. — Бул предметтер менен кошо биз дүйнөлүк маанидеги объектилерди гана тургай, биздин элдин маданий кодунун өзөгүн түзгөн археологиялык мурасынан да ажырайбыз".
Аллард Пирсон музейи сот аяктамайынча же өлкөлөр өз ара макулдашууга жетишмейинче тараптардын эч бирине бербей турууну чечкен. Киев экспонаттар Украинанын мамлекеттик менчиги болгондуктан өзүнө кайтарууну талап кылган. Крымдагылар муну рейдерлик тартып алуу аракети деп аташкан. Амстердам округдук соту 2016-жылдын декабрында "крымдык экспонаттар маданий мурастар жөнүндөгү голландиялык мыйзамдарга ылайык, Украина мамлекетине берилиши керек" деп чечкен.
© AFP / BART MAAT / ANPВыставка "Крым: золото и секреты Черного моря" в музее Allard Pierson Museum
Выставка Крым: золото и секреты Черного моря в музее Allard Pierson Museum - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Выставка "Крым: золото и секреты Черного моря" в музее Allard Pierson Museum
Крым музейлери жактоочусун алмаштырып, кайра апелляциялык арыз жазышкан. Ал 2019-жылдын март айында гана карала баштаган. Ошол көргөзмөдөн бери скиф алтындары Аллард Пирсондун музейинин жер төлөсүндө сакталып келет.

Саясат жана этика

"XX кылымдын ортосундагы маданий баалуулуктардын жерин которуудагы кайгылуу окуя XXI кылымда кайталанбоого тийиш. Калкты өзүнүн маданий мурасынан ажыратууга теориялык жактан да жол берилбеши керек", — деп ишенишет Крым музейлери.
Чыгыш Крым тарыхый-маданий музей-коругу, Симферополдогу "Таврида музейи", Бахчисарайдагы "Тавридалык Херсонес" тарыхый-маданий жана археологиялык музей-коругу бекем көз карашта. Табылгалардын Крымга кайтарылышы шарт. Россиялык саясатчылар менен жактоочулар да аларга шериктеш. Россия президентинин эл аралык маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкойдун айтымында, Россия тараптын кызыкчылыгын коргогон юристтер "музей аралык макулдашуулар да мамлекеттик мүнөздөгү күтүүсүздүктөрдөн жогору турат" дегенге таянышууда.
© AFP / HANDOUT / ALLARD PIERSON MUSEUMВыставка "Крым: золото и секреты Черного моря" в музее Allard Pierson Museum
Выставка Крым: золото и секреты Черного моря в музее Allard Pierson Museum - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Выставка "Крым: золото и секреты Черного моря" в музее Allard Pierson Museum
"Скиф алтындары Крымдын аймагына гана тиешелүү экени айныгыс чындык. Ал Россиянын курамына киргенден кийин республиканын макамынын өзгөрүшүнө карабастан Крымдын музейлеринде сакталууга тийиш, — дейт Орус тилдүү жактоочулардын эл аралык ассоциациясынын вице-президенти Михаил Йоффе. — Украина тараптын өкүлү жарым аралдын саясий жана географиялык макамын өзгөртүүгө далбас урууда. Андай нерсе укуктун табиятына жат. Сотто эмне үстөмдүк кылат: мыйзамбы же саясатпы?"
Каршы тарап да өтө чечкиндүү маанайда. Украинанын кызыкчылыгын коргогон жактоочу Мартен Сандерс Крымдын музейлери менен талаш маселеде Киев эч кандай тил табышууга барбастыгын маалымдайт.
"Алтындар Киевге берилген учурда Украина аны сатып жибербейби же бир бөлүгүн Крым музейлерине тартуу кылбайбы?" деген суроого жактоочу: "Бул маданий мурас, сатылат деп ойлобойм", — деп жооп берген.

Эксперттер эмне дейт?

Эксперттердин пикиринде, музейлердин позициясынын күчтүүлүгү экспонаттардын Крымда жергиликтүү археологдор тарабынан аныкталып, бул табылгалар жарым аралдын археологиялык маданий мурасы экенинде. Маселенин чечилишин бюрократиялык учурлар татаалдаштырууда. Баалуулуктарды чыгарууга Украина уруксат берген, ал эми Нидерланд Украинага экспонаттарды кайра кайтарууга кепилдик берген. Булардын баары келишимдерде камтылат. Сот жараянынын атайын создуктурулушу да ишти кыйындатат. 2019-жылдын июль айында чыккан чечимде Украина таянган ЮНЕСКОнун 1970-жылкы конвенциясы бул учурда колдонулбайт. Сот тараптардан кошумча маалыматты талап кылган.
© AFP / BART MAAT / ANPВыставка "Крым: золото и секреты Черного моря" в музее Allard Pierson Museum
Выставка Крым: золото и секреты Черного моря в музее Allard Pierson Museum - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Выставка "Крым: золото и секреты Черного моря" в музее Allard Pierson Museum
Крым музейлери сотко кайрадан архивдик документтерди, анын ичинде бардык предметтердин таржымалы боюнча XIX кылымдагы кагаздарды да көрсөткөн. 2020-жылдын март айындагы сот пандемиядан улам июлга, кийин украиналык тарап соттордун бирин четке какканы үчүн сентябрга жылган. Соттун өкүмү 2021-жылдын сентябрында чыкмак, бирок "күтүлбөгөн жагдайларга байланыштуу" 26-октябрга белгиленген.

Талаштын себеби эмне?

"Эл аралык укук жагынан алып караганда буюм дайым кайда жайгашканына байланыштуу болот. Скиф алтындары — киевдик да, львовдук да эмес. Скиф алтындарын дал Крымдын аймагынан табышкан. Эмнеликтен аны башка бирөөгө берип коюу керек? Нидерланд менен Украинанын ортосунда эч кандай келишим жок, бул музейлер аралык гана макулдашуу, жеке талаш. Албетте, мындайда алтындын Крымга кайтарылышы акылга сыярлык", — деген оюн билдирет эл аралык юрист Анатолий Капустин.
Эки миң чакты экспонаттын өзгөчөлүгүнө Бонн жана Амстердамдагы тарыхый көргөзмөлөргө келгендер да күбө болушту. Буга дейре Крым жана Кара деңиз аймагынын тарыхына арналган мындай масштабдуу археологиялык долбоор Европада уюштурула элек болчу. Алардын табышмактуулугун скифтер, Кара деңиз аймагындагы талаалардан азыркы Кытайдын территориясына чейин жер которуп турушкан көчмөн элдер тууралуу уламыш, мифтер ого бетер арттырат. Бул – миң жылдык тарых. Байыркы артефактыларды ашкере баалоо мүмкүн эмес. Айрым эксперттер камсыздандыруучу сумма катары эки миллион евро деп айтышкан.
© AFP / HANDOUT / ALLARD PIERSON MUSEUMВыставка "Крым: золото и секреты Черного моря" в музее Allard Pierson Museum
Выставка Крым: золото и секреты Черного моря в музее Allard Pierson Museum - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Выставка "Крым: золото и секреты Черного моря" в музее Allard Pierson Museum
Экспонаттардын арасында: зер буюмдар, декоративдик-прикладдык искусствонун предметтери, идиш-аяк, курал-жарактын фрагменттери, байыркы грек кудайларынын статуэткалары, карапа жана айнек буюмдар, саймаланган ваза жана жошолонгон статуэткалар бар. Крым эзелтеден Батыш менен Чыгыштын, империялардын жана байыркы грек маданияты жуурулушкан көп улуттуу маданий борбор болуп келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0