Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бекназарова: "Ак бата" долбоору үй-бүлөдөгү баалуулуктарды чагылдырат

© Sputnik / Асель СыдыковаДиректор общества "Айкын багыт" Мунара Бекназарова
Директор общества Айкын багыт Мунара Бекназарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
"Айкын багыт" коомунун директору, "Ак бата" долбоорунун автору Мунара Бекназарова Кыргызстандагы биринчи интерактивдүү мультимедиалык сайт, "Ак бата" документалдык веб-долбоорунун маани-маңызы тууралуу айтып берди.
2020-жылдын ноябрь айынан баштап Нарын, Жети-Өгүз, Токтогул, Талас, Кемин райондорунда жана Сарбан айылында жашап, апаларынан сепке алып сактап жүрүшкөн жети чоӊ эненин туш кийиздерин топтоп веб-портал түздүк. Анда туш кийиздердин тарых-таржымалы, анын үстүндөгү саймалардын чечмелениши, маанилери тууралуу маалымат жайгаштырылды. Бул тууралуу Мунара Бекназарова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бекназарова: "Ак бата" долбоору үй-бүлөдөгү баалуулуктарды чагылдырат
Анын айтымында, сайтка кирип каалаган мааниде батаны тандап, ага дал келген сайманы телефонго жүктөп алып жана жакын адамдарга (открытка катары) жөнөтсө болот.
"Ак бата" мультимедиалык долбоору үй-бүлөдөгү жана коомдогу эң маанилүү баалуулуктарды чагылдыруу максатында түзүлгөн. Апалар кызын турмушка узатып жатканда анын себине саймалуу туш кийиз кошуп, ага бактылуу жашоо каалап, батасын беришкен. Бул тилектер туш кийиздин оймо-чиймелеринде сакталып калган. Туш кийиз – энеден кызга берилген саймалуу кат. Андан жашоого эң керек болгон ак батаны окууга болот. "Ак бата" долбоору ар бир аял жалгыз эмес экенин жана анын артында туугандары турганын жана туш кийиздин саймалары менен берилген батанын күчү баалуу экенин айтып турат. "Ак бата" сайтында өлкөнүн түрдүү аймактарындагы жети апа өздөрү же чоң апалары сайган туш кийиздери, андагы оймо-чиймелердин мааниси жана ага катылган каалоо-тилектери тууралуу айтып беришет. Сайттын бардык жеринде оймо-чиймелер түшүрүлгөн туш кийиздер жайгаштырылган. Аларды жакындатып, майда-чүйдөсүнө чейин карап чыгууга болот. Ошондой эле сайттан апалардын саймаларынын маанисин окуп же аудиоформатта уга аласыздар", — деди Бекназарова.
Ал сайттагы оюулардын маанисине карап тандап, апалар кыздарына туш кийиз сайып берсе болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0