https://sputnik.kg/20211111/chuy-karakchylyk-shektuu-karmaldy-1054562928.html
Баланы көздөй ок чыгарган. Чүйдө каракчылыкка шектелгендер кармалды
Баланы көздөй ок чыгарган. Чүйдө каракчылыкка шектелгендер кармалды
Sputnik Кыргызстан
Милиция жерине барып текшергенде каракчылар үйгө ашкананын терезеси аркылуу киргени белгилүү болгон. 11.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-11T18:40+0600
2021-11-11T18:40+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
карактоо
үй-бүлө
чүй облусу
милиция
урдоо
сатуу
https://sputnik.kg/img/104490/59/1044905975_0:0:2519:1417_1920x0_80_0_0_f73138287eaa4aebb1d3c5353d6df159.jpg
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Чүй облусунда бир канча каракчылык иштерге шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.Билдирүүгө ылайык, 5-ноябрда Лебединовка айылында кылмышкерлер эки кабаттуу жер тамда жашаган үй-бүлөнү карактоого киргени тууралуу маалымат түшкөн.Милиция жерине барып текшергенде каракчылар үйгө ашкананын терезеси аркылуу киргени белгилүү болгон. Тергөө маалында "Коопсуз шаардын" камералары аркылуу кылмышкерлер жүргөн автоунаа аныкталган.Окуядан бир нече күн өткөндөн кийин шектүү катары 24, 26, 47 жана 49 жаштагы төрт адам кармалган. Эң улуусунун машинасын тинткенде баңгизат табылган. Ал эми үйүнөн бет кап, кол кап жана башка буюмдар чыккан.47 жаштагы кишинин Пригородное айылындагы үйүнөн кайра жасалган Калашников автоматы, кичине калибрдеги винтовка, газ тапанчасы, револьвер, төрт бычак, үч бет кап, 60тан ашуун диний китеп жана баракча, жасалма чач жана башка буюмдар чыккан.Чүй облустук милициясы кармалгандардын август айында болгон Лебединовкадагы каракчылыкка катыштыгы бар экенин билдирди. Анда таң эрте бир бүлөгө кол салып, үй ээсинин буту-колун скотч, хомут менен байлап салган. Аны коркутуп акча талап кылышкан. Андан соң короосунда турган Honda CR-V үлгүсүндөгү машинасын айдап кеткен. Автоунаа кийин Бишкектен табылган.Алар мындан башка дагы Бишкек менен Жалал-Абад облусунда катталган эки карактоого тиешеси бар экени айтылат. Ошондой эле Бишкектен дагы үч уурулук жасаганы аныкталган.Шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип жатат.
https://sputnik.kg/20211022/olkodo-kylmyshtuuluk-26-4-pajyzga-oskon-1054311891.html
чүй облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104490/59/1044905975_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_80f31b8cde6b4bc2e59c015181007569.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, карактоо, үй-бүлө, чүй облусу, милиция, урдоо, сатуу
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, карактоо, үй-бүлө, чүй облусу, милиция, урдоо, сатуу
Баланы көздөй ок чыгарган. Чүйдө каракчылыкка шектелгендер кармалды
18:40 11.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Милиция жерине барып текшергенде каракчылар үйгө ашкананын терезеси аркылуу киргени белгилүү болгон.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Чүй облусунда бир канча каракчылык иштерге шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 5-ноябрда Лебединовка айылында кылмышкерлер эки кабаттуу жер тамда жашаган үй-бүлөнү карактоого киргени тууралуу маалымат түшкөн.
"Жабырлануучунун айтымында, үйдө беш адам болгон. Болжол менен таңкы саат 4:20да үй ээсинин баласы ажатканага чыгып баратып, кире бериштеги бир нече адамдын караанын көргөн. Ал дароо эле кийинки бөлмөдө жаткан атасын ойготууга аракет кылган. Ошол учурда кылмышкерлердин бири баланы көздөй эки жолу ок чыгарып, андан соң баары качып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.
Милиция жерине барып текшергенде каракчылар үйгө ашкананын терезеси аркылуу киргени белгилүү болгон. Тергөө маалында "Коопсуз шаардын" камералары аркылуу кылмышкерлер жүргөн автоунаа аныкталган.
Окуядан бир нече күн өткөндөн кийин шектүү катары 24, 26, 47 жана 49 жаштагы төрт адам кармалган. Эң улуусунун машинасын тинткенде баңгизат табылган. Ал эми үйүнөн бет кап, кол кап жана башка буюмдар чыккан.
47 жаштагы кишинин Пригородное айылындагы үйүнөн кайра жасалган Калашников автоматы, кичине калибрдеги винтовка, газ тапанчасы, револьвер, төрт бычак, үч бет кап, 60тан ашуун диний китеп жана баракча, жасалма чач жана башка буюмдар чыккан.

22 Тогуздун айы 2021, 14:17
Чүй облустук милициясы кармалгандардын август айында болгон Лебединовкадагы каракчылыкка катыштыгы бар экенин билдирди. Анда таң эрте бир бүлөгө кол салып, үй ээсинин буту-колун скотч, хомут менен байлап салган. Аны коркутуп акча талап кылышкан. Андан соң короосунда турган Honda CR-V үлгүсүндөгү машинасын айдап кеткен. Автоунаа кийин Бишкектен табылган.
Алар мындан башка дагы Бишкек менен Жалал-Абад облусунда катталган эки карактоого тиешеси бар экени айтылат. Ошондой эле Бишкектен дагы үч уурулук жасаганы аныкталган.
Шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип жатат.