Украина Россиядан ыйык нерсесин тартып алгысы бар. Сереп

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүКиевдин негиздөөчүлөрүнүн эстелиги. Архив
Киевдин негиздөөчүлөрүнүн эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2021
Жазылуу
Заманбап Украинанын дүйнөнүн идеологиялык-саясий картинасындагы өзгөчө популярдуулугунда бири-бирине тыгыз байланышкан эки концепция бар.
Биринчиси — "украиналык жерлерди топтоо", бул ниеттегилер Россиянын түштүк-батыш аймактарын: Краснодар крайы, Белгород, Воронеж жана Курск облустарын ушул тизмеге кошушат. Экинчиси — өлкөнүн аталышын Русь-Украина деп өзгөртүү зарыл деген пикирлери. Ушул ойдун учугун Ирина Алкснис чубап, анын учкай макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Жакында эле ушул эки демилгени киевдик жазуучу жана философ кайра көтөрдү. Жай аяктап калган маалда Украина президентинин кеңсесинин жетекчиси Алексей Арестович да айтып чыккан эле. Баса, ал октябрда украин тилин "руський" деп атоону да сунуштаган.
Ошондон бир нече ай мурун ал "украин калкынан тилди, православ динин, өлкөнүн аталышын уурдашкан, кайра кайтарып алууга мезгил жетти" деген чакырыктары менен украиналык саясат таануучу, эксперт, экономика илимдеринин кандидаты, Улуттук башкаруу академиясынын профессору да кенен кеп кылган.
Амстердам шаарындыгы Allard Pierson Museum музейиндеги Крым: Кара деңиздин алтыны жана сырлары экспозициясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Талашка түшкөн табылга: скиф кенчи Крымга эмес, Украинага берилди
Греция чейрек кылым бою болгон күчүн жумшап, коңшу өлкөнүн аталышын талап кылып келген. Үч жыл мурун талабы аткарылып, Македония эми Түндүк Македония деп өзгөртүлгөнү маалым.
Ал эми Украина, тагыраак, заманбап украиналык мамлекет бул жагынан жолдуу эмес. Байыркы Рустун мурдагы борбору жана "түркүгү" болгон Киев дээрлик миң жыл мурда мамлекеттик-саясий кыйроого тушуккан. Ошол кездеги моңгол жортуулу түштүк-батыш Русту талкалап, орус цивилизациясынын маанилүү борборун фронтирге айлантып салган. Андан кылым өткөндө бул территорияга башка аттар коюлуп, Малороссия, Новороссия деп аталып отуруп, соңунда Украина деген ысым ыйгарылган. Бирок алардын баары Россиянын четинде экенин айгинелейт.
Соңку миң жыл маңызында өлкөнүн тарыхынан чийилип, баш-аягы көрүнбөгөн жоготуулар, тукум курут, колониялык көз карандылыктын караңгы убагы болуп барат. Көп кылымдык доорду жеңүү, өзүнүкүн кайтарып алуу үчүн Украина державалык зоболосу көтөрүлүп турган байыркы Киевдин гүлдөп турган маалына кайрылууда. Бул көздөгөнүн ишке ашыруу үчүн кайдан келип чыкканын баарынын эсине салып, аталышын өзгөртүшү керек имиш. Анан да ошол доордогу украиналык чек аралар алкагында аймактык бүтүндүгүн калыптандыргысы бар.
Украинадагы АКШнын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Дүйнөнү селт эттирип... Украина НАТОго кирсе эмне болот?
Ушул тапта Батышта расалык теория коомдо да, академиялык талаада да үстөмдүк кылууга катуу күрөшүп, ийгиликтүү болорун эске алганда Украинанын бул конструкциясы — амалдуу аракет.
Негизи абдан тырышса, кандай гана кыял болбосун, орундатууга болор. Украинанын демилгелери канчалык таң калтырарлык болсо, аларды жүзөгө ашыруу жаатында иш ошончолук начар экенин белгилей кетели. Ошондуктан өзүнүн азыркы макамына кылымдаган оор сыноолордон, катуу күрөштөрдөн өтүп отуруп жеткен Россия өзүнүн түштүк-батыштагы коңшусунун "тапкычтыгына" бир эсе жылмайып, бир эсе таң калып да калат.
Жаңылыктар түрмөгү
0