Эркек кишинин аялынын көзүнө чөп салып жүргөндүгүнүн үч белгиси

© AP Photo / Antonio Pullano/InvisionОбнимающаяся пара
Обнимающаяся пара - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Жазылуу
Адис кээде эркектер ала жипти аттап жүргөнүн байкоостон билдирип коерун айтып, күмөн саначу учурларды тизмектеген
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Психолог Александр Шахов Россиядагы "Бешинчи каналга" эркек кишинин аялын же сүйлөшкөнүн башкага алмаштырып жүргөнүн үч нерседен байкоого болорун айтып берген.
Адис кээде эркектер түгөйүнүн көзүнө чөп салып жүргөнүн байкоостон билдирип аларын да кошумчалаган.

Маалыматтарды жашыруу

Адатта күйөөсү ала жипти аттап жүрсө же ниети болсо, аялынан социалдык тармактардагы жана телефондогу жазышууларын көрсөтпөй ката баштайт. Кызыккан кыз-келин менен жазышкысы келет, бирок аялынын билип калышын каалабайт.
"Бирөөлөр менен жазышып же экинчи тарап менен мамиле түзүп жүргөндөр сүйлөшкөн кызы же жубайы телефонун чукулаганына караманча каршы чыгат. Буга "менин жеке жашоомо кийлигишпешиң керек" деген тейдеги жообу даяр", — деген ал.
Кучакташып турган эркек жана аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2020
Жаш келинге кетип калган күйөөм майып болуп кайра келди... Аялдын каты
Бирок андан ары өтүп, башка бирөө менен мамилелеш болуп алган бул чоң маселе. Эгерде жубайлар мындай нерсени болтурбайбыз десе, "ачык байланыштар" принцибин карманышы керек. Тагыраагы, майда-чүйдөсүнө чейин отчет бербей, бирок ким менен сүйлөшкөнүн айтып койсо болот. Бул жерде да ашыкча кетип калбаш керек.
"Андай болгон күндө чатак чыгып, ишеним жоголот", — деп айткан эксперт.

Кайдыгерлик

Психолог күйөөсүнүн же өнөктөшүнүн башка бирөөсү бар экенин анын өзгөрүп турган маанайынан билип койсо болорун айткан. Маселен, аялына же сүйлөшкөн кызына кайдыгер карайт, кээде кагып-силкет, аны менен отурганда көңүлү жок экени байкалат.
"Бул ортодогу мамиле сууп бараткандыгынан кабар берет. Жигитиңиз, күйөөңүз сиз менен отурганда же эшикте жүргөндө көңүлсүз болсо, демек, өзүнө кызык болгон бирөөнү таап алган же караштырып жүрөт", — деген Шахов.
Случаи кражи невест в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2020
Экинчи күйөөм да алдап кетти... Төркүнгө батпай кор болгон келиндин каты
Ал эми төшөктөгү мамилеге башка байланыштар эч кандай таасирин тийгизбейт. Өнөктөшү же жубайы менен болгон туруктуу интимдик байланыш эркек кишинин көңүлү түшкөн башка аялы жок деген кепилдик бере албайт. Себеби көп аялзаты төшөк мамилеси солгундап калганда "башканы таап алган" деген тыянак чыгарып коюшат.
"Албетте, кээде эркек киши төшөк кумарын башка жактан кандырып алат, бирок бул дайыма эле боло берчү нерсе эмес. Ал эми түгөйлөрдүн биринин кайдыгерлиги, жактырбай туталануусу, кер-мур айтышып кеткен учурлары аялда же эркекте жарпын жазып, маанайын көтөрө турган бирөө-жарымы бар экендигинен кабар берет", — деди Шахов.

Философиялык көз караштын өзгөрүшү

Эгерде эркек жөндөн-жөн эле баары көп аялдуулукка умтуларын, "жаратылыш ошондой экенин" айта баштаса, ал бир нерседен кабар берет.
"Бул астыртан, кыйытып айтып жаткандагысы. Бул аялдын күйөөсүнүн же жигитинин башка бирөөгө барышына, ала жипти атташына кандай көз карашта экендигин билгиси келип тамырын тартып көргөнү", — деп түшүндүрдү Шахов.
Буга чейин окумуштуулар аялдын күйөөсүнүн көзүнө чөп салар-салбасын кантип билсе болот деген изилдөө жүргүзгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0