"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында эки күйөөдөн чыгып, эки кызы менен төркүнүндө жашап жаткан келиндин каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы? Жашым 28де. Окууну бүткөндөн кийин биринчи жолдошум ала качып кетти. Бирок никебиз көпкө созулган жок, үч жылдан соң ажырашып кеттик. Бир кыздуу болгонбуз, ажырашкан кезде ага болгону 40 эле күн толгон. Көп нерсеге кайненем күнөөлүү болуп калды...
"Жок дегенде апаң туугандарыма барып алдыман өтүп койсун" десем, ар кайсы шылтоону айтып болгон жок. Бир жылдай жакшы жашадык. Андан кийин эки жакка жумуштары менен көп чыгып эле үйгө токтобос болду. Боюмда бар болчу, ага карабай бир ай үйдө болсо, 15 күн жумуштары менен командировкага кетет. Кара жанын эле ойлойт. Мен болсо кош бойлуумун, иштеп батирге акы төлөйм. Айтор, төрөгүчө араң чыдадым да акыры "Кыргызстанга кетели" дедим. Төрөп, баланын кыркы чыккандан кийин билет алып мени Кыргызстанга жөнөттү. Өзү "эки жумада артыңан барып калам" деген, ошол бойдон жети айдан бери жок. Ата-энемдин эл караган бетин жер караттым. Кошуна, туугандардан уялганымды айтпаңыздар. Апам "кайдагы аферист, алдамчыга тийип алгансың" деп жинденет. Кызым ооруп ооруканага жатып чыктык, анда да кабар алган жок. "Апаң небересин көрүп кетпейби" десем, энеси "үйлөнгөндө мага айтпай, өзүң билип үйлөнүп алгансың" деп таарынып жатыптыр. Эки эрге тийип багым ачылбас болду. Эл-журттан уялганымдан кээде өз өмүрүмө кол салгым келет. Бирок кыздарымды кыя албай кетем. Кыздарымдын бири алтыда, бири сегиз айлык. Аталары жок өсүп жатканы өкүндүрөт.
Азыр эмне кылышты билбей, дендароо эле болуп жүрөм. Кеңеш бериңиздерчи...
Муратбек Султанбеков, психолог:
Кат жазган келиндин жашоо-турмушу азыр оор экен. Сезимдерине таянып, ишенчээктигинен ар кайсы адам менен сүйлөшүп, аларга турмушка чыгып алган. Үй-бүлөдөгү тарбия дагы мындай кырдаалдын себеби болушу ыктымал. Анткени кыз баланын мүнөзүнүн калыптанышына, өсүшүнө ата-эненин тарбиясы таасир этет. Бирок азыр келиндин кандайча бул кырдаалга туш келип калганын анализдебей, мындан ары эмне кылышы керектигине жардам беришибиз керек. Турмуштан адашты, өтөрү өттү. Бирок өкүнүп, артка кылчайып ал жашоону эстөөнүн кажети жок. Андан пайда да чыкпайт. Өткөнгө өкүнүп кейий берсе, стресс болуп бул абалы депрессияга алып келиши ыктымал.
"Жанымды кыям, эмне кылышым керек" деген ойлор таптакыр болбош керек. Экинчи күйөөсү жоопкерчилиги, көңүлү жок экени айдан ачык көрүнүп турат. Ошондуктан белиңизди бекем бууп, күчтүү болуңуз. Жалгыз эмес экенсиз. Колуңуздан келсе кыздарга алимент жаздырып алыңыз. Ошондой эле мүмкүнчүлүк болсо, психологго да кайрылып абалыңызды жөндөп алсаңыз деле ашыкча болбойт.