Жаш келинге кетип калган күйөөм майып болуп кайра келди... Аялдын каты

CC0 / Pixabay / Scott WebbКучакташып турган эркек жана аял. Архив
Кучакташып турган эркек жана аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында күйөөсү мурда жаш келинге кетип калып, кийин кайра келген аялдын каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы? Бул катты жазгым деле келген эмес, бирок башка сырдашар, муңумду түшүнөр кишим жок.

Көп жыл мурда кесиптешиме турмушка чыккам. Экөөбүз тең шаардагы ооруканалардын биринде иштечүбүз. Мен балдар дарыгери, ал көз доктур эле. Бактылуу жашап, бир уул, бир кыздуу болдук. Бирок балдар чоңойгондо жолдошум экөөбүздүн мамилебиз сууй баштады. Анткени ортобузда башка аял пайда болду. Ал биздин ооруканага медсестра болуп жумушка кирген. Күйөөмдүн жашы 50гө жакындап калган болсо, ал 30дарга чыгайын деп калган келин экен. Мурда турмушка чыккан-чыкпаганын билбейм, айтор, ошол кезде бойдок болчу. Күйөөм экөө бир бөлүмдө иштечү. Байкасам дайыма жолдошумдун жанында эле.

Случаи кражи невест в КР - Sputnik Кыргызстан
Экинчи күйөөм да алдап кетти... Төркүнгө батпай кор болгон келиндин каты
Бирок "эркек бирөөгө кызыгат, көз кысат, бара-бара калып калар" деп көңүл бурбаганга аракет кылдым. Күйөөм менен медайымдын мамилеси тууралуу кесиптештерим айтып келе баштады. Акыры жолдошумду ачык сөзгө чакырдым. Эмнегедир аны актанат, "мага анын эмне кереги бар, бул жөн гана ушак" деп айтат го деп ойлогом. Бирок баары андай болгон жок. Аны чындап сүйүп калганын, ал менден түшүнүктүүрөөк аял болуп чыкканын бетиме эле айтты. Бир нече күндөн кийин кийим-кечегин чогултуп үйдөн чыгып кетти. Андан дагы өкүнүчтүүсү, мага катуу тийгени — бир айдан кийин эле ошол аялга үйлөнүп, жумуштагыларды ресторанга чакырып, чакан той өткөргөнү болду. Ушунча жыл чогуу жашап, эки балалуу болгонубузду сыйлап деле мындай кылбай койсо болот эле да...

"Эми ал экөө менен кантип чогуу иштейм" деп көпкө кыйналып жүрдүм. Башка жактан иш караштырдым, бирок такыр ыктуусу чыкпай койду. Ошентип үчөөбүз чогуу иштеп жүрүп, мен кийин жеке клиникалардын бирине кетип калдым. Арадан 5-6 жыл өттү. Жараат акырындан айыгып, өз жашоом менен жашай баштадым. Сөз айтып, артыман жүргөн бирин-экин киши пайда болду. Балким, өч алуу максатындабы же башым бош болгондон кийин эч нерсе жоготпойм дедимби, айтор, өзүм каалаган адамдар менен кезигип, көңүл ачып, ээн-эркин жашай баштадым. Курагым 50дө болсо дагы жашыраак көрүнөм, арыкчыраймын. Келбетиме, ден соолугума кам көрөм. Ал ортодо кызым менен уулум окуусун бүтүп, жумушка орношуп мага каралаша баштады. Кыскасы, телегейим тегиз болуп калды. Ошентип жүрүп бир күнү үйгө келсем, кызым ыйлап отуруптур. "Эмне болду?" десем, "атам ооруп калыптыр, үйгө алып келели" деди. Көрсө, атасы эки ай мурда инсульт алып, бир ыптасы кыймылдабай калыптыр. Анан аялы балдарыма чалып, "атаңарды алып кеткиле, болбосо көчөгө чыгарып коём" деп талап коюптур. Уулум менен кызым экөө тең зээндүү болуп чоңойду. "Апа, атам көчөдө өлүп калса биз эле жаманатты болобуз" деп акыры мени көндүрүштү. Ошентип мурдагы күйөөм биздикинде жашап жатканына бир нече ай өттү. Табалагым келбейт, бирок аны кечире алган жокмун, сүйлөшкүм келбейт. Төшөктө жаткан неме өзү деле мусапырдай болуп көзүмдү карай албайт. Кээ күнү атайылап бирөө менен убакыт өткөрүп келгенсип, жумуштан кеч кайтам. Атургай бир жолу өзүм эле букет сатып алып, жытын буркуратып үйгө көтөрүп бардым. Балким, жазасын алып жаткан кишини ого бетер кыйнап туура эмес кылып жаткандырмын, бирок жан дүйнөм дагы деле айыга элек. Эмне кылсам экен? Дагы канчага чейин ушинтип жашайм?

Муратбек Султанбеков, психолог:

--Көзүнө чөп салуу, жаш аялга кетип калуу коомдо буга чейин болуп келген, боло турчу жагдайлар. Анткени эркек табиятынан ошондой болуп жаралган. Жубайлар ажырашканда күнөө эч качан бир адамдан кетпейт. Эки жактан тең кетет. Бирок биринчисиники билинбей калат. Негизи алардын кырдаалын териштире келгенде экөө тең күнөөлүү болуп чыгат. Үй-бүлө — бул жубайлардын ортосундагы келишим. Аны ар ким ар кандай сүйлөшүп түзүп алат.

Ыйлып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы жигитиңди эстебейм деген. Күйөөсүнүн кордугунан чарчаган келиндин каты
Айрым үй-бүлөлөрдө баары жакшы болуп келе жатып эле ажырашып кетет. Демек, бул үй-бүлөдө кээ бир маселелер ачык сүйлөшүлбөй, чечилбей калган. Ачык талкууланбай калган. Жарака мына ошондон кетет. Айрымдары бири-биринин мүнөзүнө же сүйүүгө шылтайт, бирок андай эмес.

Алыс кетпей, кат жазган аялдын окуясын алалы. Алар бала чоңойтобуз, жумуш деп жүрүп бири-бирине жетиштүү көңүл бура албай калышкан. Анан эркек жанында жүргөн жаш келинге, жаш денеге кызыгып кетип калды. Бирок кат жазган аял акылдуулук кылыптыр. Ызы-чуу салбай өз жашоосун улап кеткен. Азыр да күйөөсүн үйүнө киргизип, өзүнүн бийиктигин көргөзүптүр. Бул баарынын эле колунан келе бербейт. Аял күчтүү, билимдүү экен. Азыр өзүн карап, жасанып жатканын уланта берсин. Күйөөсү төшөктө жаткан менен анын баарын байкоодо. Ал буга чейин туура эмес кылганын, ушундай жакшы аялдан кетип калганын түшүнүп, күнөөсүн мойнуна алат. Азыр деле баарын түшүнүп, жасаган нерсесине өкүнүп жатса керек.

Бирок атайын жасап, андан өч алуунун кереги жок. Аны "мага мындай кылгансың" деп күнөөлөбөш керек. Ансыз деле өзүн ал күнөөлөп жатат. Калп эле гүл алып, жолугушууга чыкканы эле андан өч алганы. Андай болсо, үйүнө киргизбей эле коюшу керек болчу. Кечирип, үйүнө киргиздиби, анда мындай жоруктарды жасаганы туура эмес.

Аял биринчи кезекте кайсы жолду тандарын чечсин. Эгер күйөөсүн кечирсе, ага болгон мамилесин өзгөртүп, аны карап, багып, бутуна тургузууга аракет кылышы керек. Эгер кечирбей, аны менен жашабайм десе, анда аны башка жакка жиберип (туугандарынабы же башка жаккабы), өз жашоосун улантышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0