00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мекенди сүйүүнүн бийик үлгүсү. Мар Байжиевге жазылган некролог

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, драматург Мар Байжиев
Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, драматург Мар Байжиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Жазылуу
Байжиев кыргыз элинин бай маданиятын түрдүү жанрда, ракурста даңазалоодогу эбегейсиз эмгеги үчүн III даражадагы Манас жана Данакер ордендери менен сыйланган.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан улуттук киноакадемиясынын мүчөсү, драматург Мар Байжиев 86 жаш курагында дүйнө салды.
Президенттик администрация некролог таратып, маркумдун жакындарына көңүл айтты.
Мар Байжиев 1935-жылдын 23-мартында Жалал-Абад облусунда туулган. Ал коомчулукка драматург, прозаик, журналист, жазуучу, адабиятчы, котормочу, кино жана театр режиссёру катары белгилүү.
Драматургдун пьесалары Москва, Ленинград шаарларынын, Германия, Польша, Чехословакия, Румыния, Австрия, Венгрия, Финляндия, Швеция, Канада, Монголия мамлекеттеринин театр сахналарында ийгиликтүү коюлуп, Россия, Латвия, Литва, Эстония, Грузия, Азербайжан, Украина, Молдова, Өзбекстан, Казакстан театрларынын репертуарларына кирген.
Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Мар Байжиевдин элде калган нускасы. Ыйык сүйүүнү сактап калыш үчүн кайрат керек...
Алар "Балдар бойго жеткенде", "Эрөөл", "Эр намысы", "Ар бир үйдө майрам", "Кыз-күйөө", "Алтынчы күнү кечинде", "Узак сапардагы поезд", "Он экинчи күн", "Төрт адам" пьесалары. Алардын ичинен көбү чет тилдерге которулуп, СССР мамлекеттеринде коюлган. Өзгөчө "Эрөөл" пьесасы арбын ийгиликке ээ болгон. Анын сюжетинин негизинде эки опера коюлуп, "Өзбекфильм" студиясында "Нөшөр" тасмасы тартылган (1979-ж.). "Кожожаш" эпосунун мотиви боюнча "Байыркы жомок" драмасы жазылып, анын сценарийинин негизинде улуттук "Кыргызфильм" киностудиясында "Ак илбирстин тукуму" фильми тартылган. Мындан сырткары, Байжиевдин чыгармалары "Өзбекфильм" студиясында "Бөтөн бакыт", "Нөшөр", "Казактелефильм" студиясында "Жаңы жыл алдындагы түн" аттуу толук метраждуу көркөм фильмдер тартылып, көрүүчүлөрдүн арзуусуна татыган.
Мар Байжиев кыргыз киносунун башатында туруп, анын сценарийлери менен тартылган фильмдер дүйнөлүк жана Орто Азия кинофестивалдарынын жогорку дипломдоруна ээ болгон. Алар: "Ак илбирстин тукуму" ("Кыргызфильм"), "Чоочун бакыт" ("Өзбекфильм"), "Нөшөр" ("Өзбекфильм"), "Нокдаун" ("Кыргызфильм"), "Жиндилер поезди" ("Кыргызфильм"), "Окуя" ("Кыргызфильм"), "Алтын күз" ("Кыргызфильм"), "Жаңы жыл түнү" ("Казакфильм"), "Эргулдар" (ЦТ "Москва") фильмдерине өзү режиссерлук кылып, экранга алып чыккан.
Мар Байжиев "Манас" эпосун изилдөөгө жана пропагандалоого зор салымын кошкон. Ал — "Манас" эпосу жөнүндө биринчи даректүү тасманын автору. Ошондой эле Улуттук китепканада "Манас" эпосуна жана кичи кыргыз эпосторуна арналган сүрөт галереяларын, репрессияга учураган манас таануучулардын атындагы сыйлыктарды уюштурган, "Манас" эпосунун орус жана англис тилдериндеги үч томдук энциклопедиясын чыгарган. 2008-жылы Мар Байжиев Сагынбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин жана башка манасчылардын варианттары боюнча "Манас" эпосун кыргыз тилинен орус тилине көркөм которууну ишке ашырган.
Майрамкан Абылкасымованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү жерге берилди. Сүрөт
Мар Байжиев котормочу катары "Манас" эпосун кыргыз тилинен орус тилине, Фурмандын, Чеховдун, Коктонун пьесаларын кыргыз тилине которуп, ал эми режиссер катары өзүнүн котормосундагы Шекспирдин "Антоний жана Клеопатра" трагедиясын кыргыз театрында сахналаштырган.
Кыргыз элинин руханий дүйнөсүнүн негизи болгон элдик оозеки чыгармачылыкты изилдеп, сахналаштырып, чет элге жайылтууда, кыргыз элинин бай маданиятын түрдүү жанрда, ракурста даңазалоодогу эбегейсиз эмгеги үчүн Мар Ташимович Байжиев III даражадагы Манас жана Данакер ордендери менен сыйланган.
"Мекенди сүйүүнүн, ардактоонун жана мекенге кызмат кылуунун бийик үлгүсү болгон, интеллектуалдык деңгээлинин бийиктиги, масштабы менен кыргызды дүйнөгө татыктуу тааныта алган, идеяга бай, көп кырдуу талант Мар Байжиевин элеси кыргызстандыктардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат", — деп жазылат эскерүүдө.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана орду толгус жоготуунун оор кайгысын бирге бөлүшөбүз.
Жаңылыктар түрмөгү
0