https://sputnik.kg/20211027/ozbekstan-batkenge-mektep-kurup-beret-1054371697.html
Өзбекстан Баткен облусуна 330 орундуу эки мектеп куруп берет
Өзбекстан Баткен облусуна 330 орундуу эки мектеп куруп берет
Sputnik Кыргызстан
Билим берүү мекемеси Баткен районунун Самаркандек айылына жана Лейлек районунун Маргун айылына салынат. 27.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-27T08:46+0600
2021-10-27T08:46+0600
2021-12-15T22:59+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
өзбекстан
баткен облусу
мектеп
куруу
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/19/1054352790_0:44:2835:1639_1920x0_80_0_0_7e6993dfa2f5f2b284a020f05cc843e9.jpg
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Өзбекстан Баткен облусуна эки мектеп куруп берет. Аталган долбоорду парламенттин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети карап, жактырды.Комитетке "КР министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда жалпы билим берүүчү мектептердин курулушу жөнүндө" макулдашуунун долбоору киргизилген.Ага ылайык, коңшу өлкөнүн өкмөтү Баткен районунун Самаркандек айылына жана Лейлек районунун Маргун айылына 330 орундуу мектептерди куруп, керектүү жабдык менен камсыздайт. Муну менен катар окуу имараттарын Кыргызстандын менчигине өткөрүп берет. Бул үчүн Маргун айылынан 0,30 гектар, Самаркандек айылынан 1,75 гектар жек тилкеси бөлүнөрү белгиленди.Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова аталган аймактардагы мектептер авариялык абалда болгондуктан тандалып алынганын билдирди.
https://sputnik.kg/20211025/kyrgyzstan-yaponiya-baldar-okutuu-karzhyloo-1054356855.html
өзбекстан
баткен облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/19/1054352790_183:0:2368:1639_1920x0_80_0_0_c64edaa634be52c57ca42b189e4370fb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, өзбекстан, баткен облусу, мектеп, куруу
жаңылыктар, коом, кыргызстан, өзбекстан, баткен облусу, мектеп, куруу
Өзбекстан Баткен облусуна 330 орундуу эки мектеп куруп берет
08:46 27.10.2021 (Жаңыртылды: 22:59 15.12.2021) Билим берүү мекемеси Баткен районунун Самаркандек айылына жана Лейлек районунун Маргун айылына салынат.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Өзбекстан Баткен облусуна эки мектеп куруп берет. Аталган долбоорду парламенттин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети карап, жактырды.
Комитетке "КР министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда жалпы билим берүүчү мектептердин курулушу жөнүндө" макулдашуунун долбоору киргизилген.
25 Тогуздун айы 2021, 20:17
Ага ылайык, коңшу өлкөнүн өкмөтү Баткен районунун Самаркандек айылына жана Лейлек районунун Маргун айылына 330 орундуу мектептерди куруп, керектүү жабдык менен камсыздайт. Муну менен катар окуу имараттарын Кыргызстандын менчигине өткөрүп берет. Бул үчүн Маргун айылынан 0,30 гектар, Самаркандек айылынан 1,75 гектар жек тилкеси бөлүнөрү белгиленди.
Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова аталган аймактардагы мектептер авариялык абалда болгондуктан тандалып алынганын билдирди.