18 млрд. сомдук иштер жасалат. Мэрия Ош шаарын кантип өнүктүрөрүн жарыялады

© Фото / Михаил ДудинОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Өлкөнүн түштүктөгү борборун өнүктүрүү үчүн төрт жылда 18,5 миллиард сомдук иштер жасалат. Шаар бийлиги ал үчүн туризмге жана ишкерлерге өзгөчө көңүл бурат. Ошол эле учурда тапкан каражатынын баарын таза суу көйгөйүн чечүүгө жумшайт.
Ош шаарынын мэриясы "Ош — Жибек Жолунун провайдери" деп аталган 2021-2025-жылдарга карата өнүктүрүү программасын жарыялады. Бул калааны жакшыртууда муниципалдык кызматтарга жана ишкерлерге багыт берүүчү документ болуп саналат.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Ош калаасын өнүктүрүү программасында камтылган пландардын негизгилерин алып чыкты.

18,5 миллиард сомдук иштер жасалат

Программа 2021-2025-жылдарга карата Ош шаарынын туруктуу өнүгүшүнүн орто мөөнөттүү максаттарын, артыкчылыктарын жана милдеттерин аныктайт.
Максаты — жакынкы келечекте шаар калкынын жашоосун ар тараптан жакшыртууга ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Программа жергиликтүү бийлик органдардын, кызыкдар болгон бизнес структуралардын, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү менен эксперттердин катышуусунда иштелип чыкты.
Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырыла турган иш-чараларды камтып, каржылоого 18 миллиард 518,3 миллион сом жумшалат. Анын ичинен 2,13 миллиард сом жергиликтүү бюджеттен, 1,38 миллиард сом республикалык бюджеттен бөлүнөт, ипотекалык жана өздүк каражаттар 1,4 миллиард сомду түзөт. Ал эми 13,78 миллиард сомду инвестиция түрүндө алуу пландалган.
© Sputnik / Жоомарт УраимовОш шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырыла турган иш-чараларды камтып, каржылоого 18 миллиард 518,3 миллион сом жумшалат
Курс доллара к сому в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырыла турган иш-чараларды камтып, каржылоого 18 миллиард 518,3 миллион сом жумшалат

Программа кайсы тармактарга артыкчылык берет?

Орто жана чакан бизнес, жеңил өнөр жай, туризм, коммуникация тармагын, санариптештирүү жана соода-транспорттук логистиканы илгерилетүү программадагы артыкчылыктуу тармактар болуп саналат.
Шаардын орчундуу көйгөйү катары таза суу менен камсыз кылуу, коммуникациялык-инженердик тармактардын эскириши, ички жолдордун сапатынын төмөндүгү, көчө тыгындары, көп кабаттуу үйлөрдүн коммуналдык-чарбалык абалын жакшыртуу маселелери аныкталды.
Ал эми социалдык-гуманитардык чөйрөдө мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен камсыздоо, орто билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, инновациялык билим берүүнү өнүктүрүүгө көңүл бурулат.

Туристтерди тартуунун жолдору

Ошто туризмди өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүк бар. Байыркы шаар, тарыхый жана табигый кызыктуу жайлар. Сулайман-Тоо Борбор Азия элдери үчүн ыйык жерлердин бири. Мэрия тарабынан туризмди өнүктүрүү боюнча "Ош — Улуу Жибек жолунун провайдери" программасы жүзөгө ашырылат. Анын алкагында Ош шаарынын туристтик брендин – шаардын бирдиктүү фирмалык стилин, логотибин жана Brand-Book, чет өлкөлүк жана ички туристтерге багытталган имидж жаратуучу роликтерди иштеп чыгуу каралган. Жибек Жолунда жайгашкан өлкөлөрдүн жана элдердин SILK ROAD FEST глобалдык туристтик фестивалын уюштуруу жана башка бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалып жатат.
© Sputnik / Эмиль СадыровСулайман-Тоо Борбор Азия элдери үчүн ыйык жерлердин бири
Сулайман-Тоо. Город Ош - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Сулайман-Тоо Борбор Азия элдери үчүн ыйык жерлердин бири

Билим деңгээлин жогорулатуу үчүн күчтүү мугалимдер тартылат

Соңку жылдарда катталган жалпы республикалык тестирлөө, олимпиадалардагы Ош шаарынын алгылыктуу эмес көрсөткүчтөрү жакшы жакка өзгөрүшү керек. Бул маселени чечүү үчүн мектептерге күчтүү мугалимдерди тартып, кошумча каржылык дем берүү маселеси каралат. Заман талабына ылайык, адистерди даярдоо үчүн чет тилдерге жана маалыматтык технологияларга терең үйрөтүүчү чет элдик волонтёрлорду жана жергиликтүү мыкты кадрларды тартууга багытталган атайын программаларды иштеп чыгуу зарыл.
Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Акча окуучу менен бейтаптын артынан ээрчийт. Бийликтин 5 жылдык программасы
Инклюзивдик билим берүү тутумун өнүктүрүү, шаардын бардык мектептеринде санариптештирүүнү аягына чыгаруу, балдардын жайкы эс алуусу уюштурулат.
"Ар бир бала балдар бакчасында тарбияланууга укуктуу" долбоорун ишке ашыруу же балдар бакчаларын ачуу жаатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өркүндөтүү боюнча иштер жасалат. Ошол эле учурда бюджеттин эсебинен жеке менчик бала бакча ачууну каалагандарга көмөк көрсөтүлөт.

Стадион, парктар оңдолуп, көчө тренажёрлору орнотулат

Шаарда эскилиги жеткен маданий объектилер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, китепканалар санариптештирилет. Шаардык парктар жана эс алуу жайлары жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдолуп, кинотеатр, эс алуу зоналарын, балдардын көңүл ачуучу борборлорун курам деген инвесторлорго колдоо көрсөтүлөт.
Оштун эң негизги спорттук объектиси — борбордук стадионду реконструкциялоо планга киргизилет. Мындан тышкары, шаардын эс алуу бактарында көчө тренажёрлору орнотулат.
© Sputnik / Эмиль СадыровОштун эң негизги спорттук объектиси — борбордук стадионду реконструкциялоо планга киргизилет
Центральный стадион Ош имени Ахматбека Суюмбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Оштун эң негизги спорттук объектиси — борбордук стадионду реконструкциялоо планга киргизилет

Социалдык дарыкана, майып балдарга жеңилдиктер

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн электрондук паспортун түзүү жана реализациялоо, 18 жашка чейин майыптуулугу бар балдар үчүн такси кызматтарына, акы төлөнүүчү заманбап балдар ойноочу аянтчаларга "Жеңилдик картасы" киргизилет. Бул багытта жеке өнөктөштөр менен кызматташууну чыңдоо, социалдык дарыканаларды ачуу өңдүү бир катар иш-чаралар аткарылат.

Таза сууга бардык каражат жумшалат

Шаар жашоочуларынын эң негизги көйгөйү — таза суунун тартыштыгы. Аны чечүүгө шаарда болгон бардык ички финансылык ресурстар, республикалык бюджеттен, донорлордон келген жардамдар жумшалат. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына таза суу жеткирилет.
Шаардагы таштанды төгүлүүчү санитардык полигонду реабилитациялап, таштандыны кайра иштетүүчү заманбап завод куруу боюнча инвестор тартуу иштери жүргүзүлөт.
© AFP / ALASTAIR PIKEШаар жашоочуларынын эң негизги көйгөйү — таза суунун тартыштыгы
Система водоснабжения в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Шаар жашоочуларынын эң негизги көйгөйү — таза суунун тартыштыгы

Шаардын сыртынан айланып өтүү жолдору курулат

Жолдордун сапатын жакшыртууга жана унаа тыгындарын азайтууга олуттуу көңүл бурулат. Республикалык жана эл аралык трассалардын маршруттарын шаардан тышкары чыгаруу үчүн айланып өтмө жолдор керек. Бул маселе боюнча жогорку бийликтегилер менен такай жана жигердүү иш жүрөт. Кытайдан алынган гранттын эсебинен ички жолдор, тротуарлар реконструкцияланат. Жөө адамдар басуучу жолдор жергиликтүү бюджеттин, демөөрчүлөрдүн эсебинен курулат.
Кишилер тосмо куруу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Жакырлар азаят, эл таза суу ичет. Бийлик 5 жылда жашоону кантип өзгөртмөй болду
Санариптештирүү: автобустан мүлккө чейин
Шаардагы эл ташыган транспорт каражаттарына JPS-навигаторлор орнотулуп, муниципалдык автобус, троллейбустарга толук электрондук билеттер киргизилет.
Мэриянын алдында "Санарип технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы түзүлөт. Ош шаарындагы муниципалдык мекеме, ишканалар санариптештирилип, "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук системасына кошулуп, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалымат акысыз берилет.
Муниципалдык мүлктү (жер, имарат, иш кагаздар) электрондук форматка өткөрүү менен "Түндүк" системасына кошулат.
Мэрияда кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, коммуникацияларды бир базага киргизүү максатында "Геопортал" (кадастр) электрондук маалыматтык системасы ишке киргизилет.
© Sputnik / Эмиль СадыровШаардагы эл ташыган транспорт каражаттарына JPS-навигаторлор орнотулуп, муниципалдык автобус, троллейбустарга толук электрондук билеттер киргизилет
Соблюдение правил ПДД в городе Ош - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Шаардагы эл ташыган транспорт каражаттарына JPS-навигаторлор орнотулуп, муниципалдык автобус, троллейбустарга толук электрондук билеттер киргизилет

Бул программадан кандай жыйынтык чыгат?

Программаны аткаруунун натыйжасында Ош шаарын туруктуу өнүктүрүүгө базалык шарттар түзүлөт. Калаанын инфраструктурасы жана социалдык-экономикалык абалы жакшырат.
Программанын алкагында атайын комплекстүү иш пландар, долбоорлор иштелип чыгып, көйгөйлөрдү чечүү боюнча коомдук, эксперттик талкуулар уюштурулат.
2024-жылга чейин калктын жашоо деңгээли, шаардын инвестициялык жагдайы, туристтердин келиши жогорулап, жаңы жумуш орундары түзүлөт, ишкердиктин активдүүлүгү тездейт.
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Ош шаарынын стилин иштеп чыгууга сынак жарыяланды. Жеңүүчү 100 миң сом алат
Жергиликтүү муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү санариптештирилип, бардык категориядагы жарандарга жеткиликтүү болуп, сапаты жакшырат.
Башкаруу системасы эффективдүү, ачык, системалуу болуп, жарандардын жергиликтүү бийлик органдарына жана мамлекетке болгон ишеними жогорулайт.
Программага мониторинг жүргүзүү боюнча шаардык кеңештин депутаттарынан, мэриянын, муниципалдык кызматтардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлөт. Баалоо индикаторлору иштелип чыгат. Бул органдын негизги милдеттеринин бири шаардыктарды мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктары менен маалымдоо болуп саналат.
Жаңылыктар түрмөгү
0