Акча окуучу менен бейтаптын артынан ээрчийт. Бийликтин 5 жылдык программасы

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучулар. Архив
Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
Беш жылдан кийин акча бейтап менен окуучунун артынан ээрчип, ооруканалар менен мектепке кабыл алуу алда канча жеңилдейт. Үй-бүлөнү бекемдөө мектептери ачылып, аймактар аралык катышты жакшыртуу үчүн "Шерине" долбоору ишке киргизилет.
Президент Садыр Жапаров 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитти. Калың документ 91 беттен турат. Sputnik Кыргызстан программада камтылган маанилүү учурларды тизмектеди.
Материал эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө аткаруу бийлигин реформалоо, жакырчылыкты азайтуу, ГЭСтерди жана жолдорду куруу пландары тууралуу жазганбыз. Экинчи бөлүгүндө билим берүү, медицина, туризм тармактарын кантип өнүктүрүү каралганын баяндайбыз.
Кыргыз бийлиги билим берүү жакырчылыкты кыскартуунун жана экономикалык өсүштүн эң негизги шаймандарынын бири болорун белгилеп, бул тармакка көбүрөөк көңүл бурууга белсенип жатат. Мектептерде кыргыз элинин каада-салты, рухий адеп-ахлактык баалуулуктар мамлекеттик идеологиянын багыты болмокчу.

Окуу стандарты өзгөрөт, кыргыз лицейлери ачылат

Билим берүү жакырчылыкты кыскартуунун жана экономикалык өсүштүн өзөктүү шаймандарынын бири болуп саналат. Мамлекет билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылышы керек, ал мезгил талабына жооп берип, ар бир адам үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү болууга тийиш.
Педагогдорду жана тарбиячыларды колдоо башкы чара болушу зарыл. Айлык маяна жогорулайт, турак жай сатып алуу маселелерин чечүү үчүн жеңилдетилген ипотекалык программа ишке киргизилет. Системалык деңгээлде жаш муундагы педагогдорду тартуу менен сапаттуу кадрларды даярдоо зарыл.
Жалпысынан мектеп боюнча билим берүү стандарттарынын мазмуну жана түзүмү кайра каралат. Негизги артыкчылыктуу предметтер катары математика, физика, химия, биология, маалыматтык технологиялар аныкталышы керек.
Бул предметтер боюнча окуу-методикалык комплекстер жаңыртылат. Инновациялык долбоорлор, мектеп технопарктары, лабораториялар жана кесиптик билим берүү сыяктуу иштөөнүн жаңы заманбап ыкмаларын апробациялоо зарыл.
Ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн чакан мектептерди куруу саясатынан баш тартып, заманбап окуу комплекстерине өтүү зарыл. Окуучуларды атайын мектептик автобустар менен ташуу камсыздалат. "Бюджеттик акчалар окуучулардын артынан келип түшөт" принциби боюнча, киши башына каржылоо принциптери бардык жерлерде киргизилет. Башкача айтканда, ваучердик система иштейт. Бул менчигинин түрүнө карабастан окуучу тандаган мектепке мамлекет акча төлөп берет дегенди түшүндүрөт.
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOАр бир региондо "Кыргыз лицейлери" — билим берүүнүн жаңы комплекстүү уюмдары түзүлөт
Новый учебный год в Бишкеке в условиях пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ар бир региондо "Кыргыз лицейлери" — билим берүүнүн жаңы комплекстүү уюмдары түзүлөт
Ар бир региондо "Кыргыз лицейлери" — билим берүүнүн жаңы комплекстүү уюмдары түзүлөт.
Анын базасында көп түрдүү билим берүү каралган. Балдар мектепке чейинки мезгилден тарта кабыл алынып, 11-классты бүткөнгө чейин өзү тандаган кесипке даярдалып чыгат.
Ош жана Каракол шаарларында, Чүй облусунда Россиянын колдоосунда орус тилинде табигый-илимий профилде окутуу менен "Достук" мектептери курулат.
Өлкөдө 50дөн ашык жогорку окуу жайлары бар, алардын бардыгына ревизия жүргүзүү зарыл. Жогорку билим берүү стандарттарына жооп бербеген ЖОЖдор жабылышы керек. Буга утурлай ЖОЖдордо билим берүүгө тарифтерди түзүү жана каржылоо принциптери өзгөрүүгө тийиш. Жогорку окуу жайлары ишинин илимий багытын күчтөндүрүүгө милдеттүү — ансыз берилген билимдердин актуалдуулугуна жана сапатына кепилдик берүү мүмкүн эмес.
Сонун болуптур! Кыргызстандагы эң чоң көпүрөнүн асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Сонун болуптур! Кыргызстандагы эң чоң көпүрөнүн асмандан көрүнүшү
Мамлекеттик идеологиянын багыты
Мамлекет жарандарды элдин салттуу баалуулуктарына жакындашуусуна жана алардын дүйнөлүк инновацияларга, мекенин сүйүүгө, "Манас" баатырдык эпосун жана башка рухий, адеп-ахлактык баалуулуктарга, каада-салтты терең таанууга умтулуусуна өзгөчө көңүл бурат.
"Инсанды руханий жана адеп-ахлактык, дени сак тарбиялоо" долбоору ишке ашырылат.
Жаран өзүн таанууну жана жарандык туюмду өнүктүрүүгө багытталган "Мен — Кыргыз жараны" медиа-долбоору ишке ашырылат.
Окуу программаларына этика, эстетика жана дене тарбия боюнча сабактар киргизилет.
Балдардын жарандык, социалдык, рухий жана адеп-ахлактык компетенцияларын калыптандыруу, ошондой эле окуу процессин жогорку деңгээлде жүргүзүүгө жөндөмдүү педагогикалык кадрларды тартуу үчүн "Ата-бабадан сандык" долбоору жүзөгө ашырылат.
© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVЖаран өзүн таанууну жана жарандык туюмду өнүктүрүүгө багытталган "Мен — Кыргыз жараны" медиа-долбоору ишке ашырылат
Празднование дня ак калпака в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жаран өзүн таанууну жана жарандык туюмду өнүктүрүүгө багытталган "Мен — Кыргыз жараны" медиа-долбоору ишке ашырылат
Кыргыз философиялык-тарыхый мектебинин кайра жаралуусу, тарыхый-маданий мурасты ана
лиздөө жана өзүн таануу үчүн аянтчаны түзүү, рухий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды өнүктүрүү үчүн "Даанышман" долбоору ишке ашырылат.
Мамлекеттик же милдеттүү катары кайсы бир диндин орношуна жол бербөөчү, дин ишмерлеринин мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салуучу принцип сакталат.

Үй-бүлөнү бекемдөө мектептери, "Шерине" долбоору

Көчмөн элдердин эл аралык этномаданий музыкалык фестивалын негиздеп, өткөрүлөт.
Аймактар аралык байланыштарды бекемдөөгө багытталган "Шерине" долбоору иштеп баштайт.
Мамлекеттин социалдык-маданий саясаты үй-бүлө институтун бекемдөөгө негизденет. Энелерге, өзгөчө жаш жана тажрыйбасы жок энелерге жана алардын балдарына максималдуу жакындаштырылган жана кеңеш берүүчү-үйрөтүүчү энелер жана үй-бүлөнү бекемдөө мектептери түзүлөт.
© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМамлекеттин социалдык-маданий саясаты үй-бүлө институтун бекемдөөгө негизденет
Празднование 29-й годовщины независимости КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Мамлекеттин социалдык-маданий саясаты үй-бүлө институтун бекемдөөгө негизденет

Акча бейтаптын артынан келет

Саламаттык сактоо системасын каржылоонун принциптери жана механизмдери өзгөртүлөт. Мында эки чечим: медициналык кызмат көрсөтүүлөргө бизнести кеңири тартуу жана "акча бейтаптын артынан келет" — каржылоонун реалдуу механизмине өтүү сунушталат. Башкача айтканда, ваучердик система (бейтап мамлекеттик же жеке ооруканадан дарыланса камсыздандыруу төлөмдөрүнүн негизинде мамлекет тарабынан каржыланат).
Ар бир жаран менчигинин түрүнө карабастан каалаган дарылоо мекемесине кайрыла алат. Бул система атаандаштыкка өбөлгө болот. Ушуга байланыштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун иштөө принциптери кайра каралат.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАр бир жаран менчигинин түрүнө карабастан каалаган дарылоо мекемесине кайрыла алат
Республиканская клиническая инфекционная больница в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ар бир жаран менчигинин түрүнө карабастан каалаган дарылоо мекемесине кайрыла алат

Анын алкагында төмөнкү долбоорлор аткарылмакчы:

  • Медициналык билим берүүнү реформалоо;
  • Бишкек, Талас, Ош шаарларында перинаталдык борборлорду куруу;
  • Баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматын көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу программасы;
  • Ден соолук үчүн тобокелдиктерди баалоонун жана башкаруунун санариптик бирдиктүү улуттук системасын түзүү.

Каракол, Ош, Жалал-Абад туристтерди тейлейт

Мамлекет Каракол шаарынын базасында – тоо лыжа, Ош шаарында – тарыхый-маданий, Жалал-Абад шаарынын базасында – рекреациялык адистешүүсү менен бир нече чоң туристтик кластерлерди ишке киргизүү үчүн шарттарды түзөт. Ошондой эле өлкөнүн табигый климаттык өзгөчөлүктөрүнө жана тийиштүү инфраструктураны түзүүгө негизделген реабилитациялык кызматтарды көрсөтүүгө багытталган "медициналык туризм" кластерин жүзөгө ашыруу зарыл.
Туристтик инфраструктуранын базалык компоненттерине модернизациялоо жүргүзүлүп, эл аралык экологиялык стандарттарга ылайыкташтырылат. Бул багытта Туризмди өнүктүрүү фондун түзүү, Ысык-Көл облусуна бренддүү мейманкана салуу, чакан авиация куруу долбоорлору аткарылат.

Жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн долбоорлор

  • Ири кластердик өндүрүштөрдү иштетүү;
  • Кеминде үч өнөр жай зонасын (анын ичинде региондордо) киргизүү;
  • Индустриялык парктарды куруу;
  • Жеңил өнөр жай продукциясынын сапатын баалоо үчүн лабораторияларды куруу жана ишке киргизүү;
  • Кыргызстандын аймагында өзүнүн өндүрүшүн жайгаштыруу үчүн белгилүү бренддердин ичинен эл аралык инвестор тартуу.

Программаны ишке ашыруу механизми

Документтин аягында бул Улуттук программа канткенде кагаз бойдон калбай турганы жазылган. "Саясий эрк жана бардык мамлекеттик органдардын консолидацияланган позициясы шартында бирдиктүү принциптерди жана аткаруу механизмдерин иштеп чыкканда гана программаны ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүн болот", — деп белгиленет.
Ошондой эле бул үчүн мыйзамдык базаны жаңыртуу, тармактык жана аймактык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу талап кылынат. Алардын өз ара толук макул болушу маанилүү болуп эсептелет. Программа бекитилгенден кийин Жогорку Кеңештин кароосуна мыйзам чыгаруу демилгелеринин пакетин киргизүү пландалууда.
© Sputnik / Александр АстафьевОшондой эле бул үчүн мыйзамдык базаны жаңыртуу, тармактык жана аймактык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу талап кылынат
Премьер-министр РФ Д. Медведев провел заседание правительства РФ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ошондой эле бул үчүн мыйзамдык базаны жаңыртуу, тармактык жана аймактык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу талап кылынат

Аткаруу иштери кантип көзөмөлдөнөт?

Программаны ишке ашыруунун прогресси квартал сайын министрлер кабинетинин деңгээлинде талкууланат.
Министрлер кабинетинин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, өлкөнүн коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен программанын ишке ашырылышына коомдук талкуулоо жыл сайын жүргүзүлөт. Объективдүү маалымат алуу үчүн жарандык коомдун институттары тартылат. Коомдук контролдоо системасы мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык органдарынын ишин камтышы керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0