Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Давлетбаев: Салык кодексинин жаңы редакциясы боюнча талаштуу жерлер бар

© Sputnik / Асель СыдыковаЭксперт по правовым вопросам Жанабил Давлетбаев
Эксперт по правовым вопросам Жанабил Давлетбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
"Эл аралык ишкердик кеңеш" ассоциациясынын укуктук эксперти Жанабил Давлетбаев Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыккан топко бир катар сунуштар берилгенин белгиледи.
Салык кодексинин жаңы редакциясы иштелип жатканда берилген айрым сунуштар боюнча бирдиктүү чечимге келе элекпиз. Бул тууралуу Жанабил Давлетбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Давлетбаев: Салык кодексинин жаңы редакциясы боюнча талаштуу жерлер бар
Анын айтымында, Салык кызматынын ыйгарым укуктарынын кеңейиши ишкерлерге коркунуч жаратып калышы ыктымал.
"Салык кодексинин жаңы редакциясы иштелип чыгып жатканда ишкерлер тарабынан бир катар сунуштар берилген. Алардын көпчүлүгү чечилгени менен айрым маселелер боюнча талаштар калууда. Мисалы, Салык кызматы алгачкы тергөө иштерине аралашып жатат. Аталган кызматка салык чогултуудан тышкары функциялардын берилиши кызыкчылыктардын кагылышын шарттайт. Ишкерлерди камакка алуу жана башка коркунучтар жаралышы ыктымал. Ошондуктан экономикалык кылмыштарды иликтөө башка бир көз карандысыз органга өтүшү керек. Мындан тышкары, жалпы салык жана салык эмес төлөмдөрдөн түшкөн каражаттын үч пайызын салык органдары өзүнө ала алат деген норма бар. Бул дагы айрым кооптуулуктарды жаратып коюшу ыктымал. Салык кызматкерлери үч пайызды алыш үчүн жеке кызыкчылыктары пайда болушу мүмкүн. Ошондой эле салык органдарына банктык маалыматты соттун чечими жок алууга мүмкүндүк берилүүдө. Бул банктык сырдын ачыкталуусу боюнча коркунучтарды жаратат. Google, Facebook, Netflix сыяктуу эл аралык компаниялардан салык алуу боюнча так жазылбай калган. Бул компаниялардан салык алуу туура, бирок ал салыкты колдонуучулар төлөп калбагандай болушу зарыл", — деди Давлетбаев.
Ошондой эле ал накталай эмес төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди 2023-жылга чейин эмес, мөөнөтсүз калтыруу сунушталганын кошумчалады.
Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз:
Жаңылыктар түрмөгү
0