Майрамкан Абылкасымованын зыйнаты эртең опера жана балет театрында өтөт

© Sputnik / Юрий Иванов / Медиабанкка өтүүКиргизская поэтесса Майрамкан Абылкасымова
Киргизская поэтесса Майрамкан Абылкасымова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2021
Жазылуу
Акын кечээ 84 жашында көз жумду. Анын ырлары орус, украин, казак, моңгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган.
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 18-октябрь күнү, саат 10:00дө Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Акындын көз жумганы кечээ маалым болгон. Ал 84 жашта эле.
Жайлоодо жаркылдаган акын Майрамкан Абылкасымова. Таберик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2017
Жайлоодо жаркылдаган акын Майрамкан Абылкасымова. Таберик сүрөт
Абылкасымова Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Ал 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
1958-жылы Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн.
1961-жылы акындын алгачкы "Кичинекей досторго" аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. "Чолпон", "Эстелик сүйлөйт", "Быйыл жаздын гүлдөрү көп" аттуу жыйнактардын автору. Анын ырлары орус, украин, казак, моңгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0