Бала татуировка жасатып, чачын жашылга боёйм десе эмне кылуу керек. Адистин кеңеши

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКыз скамейкада отурат. Архив
Кыз скамейкада отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Жазылуу
Психологдун айтымында, бала кардиналдуу түрдө өзгөргүсү келсе, демек, жан дүйнөсүндө боштук бар. Бул бирөөнүн көңүлүн бурдуруп же кайсы бир топко кошулгусу келип жатканынан кабар берет.
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ата-эне баласынын өспүрүм кездеги "акылга сыйгыс" аракеттерин кантип жеңсе болорун РИА Новости агенттигине клиникалык психолог Григорий Мисютин айтып берди.
Журналист ага "эгер өспүрүм татуировка жасатып, кызыл түстөгү линза тагынып же жоон сандан өйдө жалтырак юбка кийгиси келсе, ата-эне эмне кылышы керек?" деген суроо берди.
Адистин айтымында, мындай учурда караманча каршы туруп баланы өзүнө душман кылуунун зарылдыгы жок.
"Эмне үчүн бала мынчалык кардиналдуу түрдө өзгөргүсү келет? Демек, жан дүйнөсүндө боштук бар. Бирөөнүн көңүлүн бурдуруп же кайсы бир топко кошулгусу келет. Бул учурда ата-эне көйгөйдү татуировкадан же кыска юбкадан эмес, баласынын психологиясынан издеши керек. Өспүрүм менен сүйлөшүп, бооруна тартууга аракет кылуу зарыл", — деди Мисютин.
Ал эми бала каалаганын ата-энеге айтпай туруп ишке ашырып салганда алгач жардам берүүнүн жолдорун издөө керектигин эскертет.
Центр здоровья Altagracia в Манагуа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
Психолог: балага кол көтөрбөш керек, жазанын башка түрлөрү бар
"Бала татуировка койдуруп алды дейли. Аны дароо беттен албай, ооруп жатабы, кандай дары сүйкөө керек экен, бул сүрөт эмнени түшүндүрөт, дарыгерге барып келелиби деген суроолорду берүү керек. Анткени болору болду, эми баланы өзүңдөн алыстатпоого аракет кылыш керек. Ушундан кийин гана бала ата-энесине ишене баштайт", — деди психолог.
Сөзүнүн аягында адис ар бир бала өзүнчө индивид экенин айтып, ата-эне ага кесип тандоо, дос күтүү, кийинүү сыяктуу маанилүү учурларда өзү туура деп эсептеген эрежелерди таңуулабашы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0