"Пандора": журналисттердин дүйнөлүк иликтөөсүндө кыргызстандык аткаминер да бар

© AFP / SIPHIWE SIBEKOСоттогу адам. Архив
Соттогу адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен алдыңкы сапта Казакстан турат. Ал эми Түркмөнстандын эки, Кыргызстан менен Тажикстандын бирден өкүлү бар экени жазылган.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Журналист-иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму (ICIJ) жарыялаган "Пандора таржымалы" аттуу материалында кыргызстандык бир аткаминердин офшордук маалыматтары бар. Бул тууралуу консорциумдун расмий сайтына жарыяланды.
ICIJ сайтында карта жайгаштырылып, анда документте кайсы өлкөдөн канча аткаминер бар экени көрсөтүлгөн.
Ага ылайык, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен алдыңкы сапта Казакстан турат. Архивде казакстандык сегиз аткаминердин офшордук компаниясы жана кыймылсыз мүлкү көрсөтүлгөн. Ал эми Түркмөнстандын эки, Кыргызстан менен Тажикстандын бирден өкүлү бар экени жазылган. Бирок алардын ким экени азырынча айтыла элек.
ICIJ өкүлү РИА Новостиге билдиргендей, консорциум жаңы ысымдар менен документтерди жакынкы күндөрү жарыялайт.
"Биз документтерди жарыялоону улантуу ниетиндебиз. Муну кийинки күндөрдө, айларда, ал тургай жылдарда да жасайбыз", — деген ал.
Митинг сторонников президента Киргизии Курманбека Бакиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2019
ЖМК Бакиевдер менен Урицкийдин Белоруссиядагы миллиондогон бизнестери тууралуу
Эске салсак, 3-октябрда ICIJ журналисттери офшордук схемага дүйнөлүк лидерлердин катыштыгы болушу мүмкүн деген ири иликтөөсүн жарыялады. Маалыматка караганда, 11,9 миллион файлдан турган 14 офшордук компаниянын документтери тарыхта биринчи ирет сыртка чыгып кеткен. Анда реалдуу бенефициарлар (акчанын ээси болгон жеке же юридикалык жак) дагы көрсөтүлгөнү айтылды. 
117 мамлекеттин 600дөн ашык журналисти бул документтер менен эки жыл иштеген. Алар "Pandora таржымалындагы" маалыматтарды соттук документтер, ишенимдүү маалымат булактар жана башка багыттар аркылуу тастыктоого аракет кылышкан.
Журналисттик иликтөөдө дүйнөнүн азыркы жана мурдагы 35 лидеринин жана 100 өлкөнүн 400 аткаминеринин аты аталган.
2016-жылы консорциум Mossack Fonseca юридикалык фирмасынын "Панама документтерин" коомго алып чыккан. Компания кагаздарды тааныбай турганын айтып, журналисттердин бул кадамын "кылмыш" деп баалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0