https://sputnik.kg/20210923/kazakstan-31-pajyzy-covid-19ga-karshy-ehmdeldi-1053998007.html
Токаев: Казакстан элинин 31 пайызы COVID-19га каршы эмделип бүттү
Токаев: Казакстан элинин 31 пайызы COVID-19га каршы эмделип бүттү
Sputnik Кыргызстан
Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында сүйлөп жатып дүйнө элине вакцина тегиз жетиши үчүн массалык түрдө препараттарды өндүрүп жаткан... 23.09.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-09-23T11:22+0600
2021-09-23T11:22+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e5/09/17/1053997971_547:239:3016:1635_1920x0_80_0_0_c1f94ab2a2230f0868d98aefa5141984.jpg
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/09/17/1053997971_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_370d1ed1b41f7b7837dfb9211cdea1b1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, азия, дүйнөдө, казакстан, касым-жомарт токаев, буу, дүйнөгө жайылган коронавирус
жаңылыктар, коом, азия, дүйнөдө, казакстан, касым-жомарт токаев, буу, дүйнөгө жайылган коронавирус
Токаев: Казакстан элинин 31 пайызы COVID-19га каршы эмделип бүттү
11:22 23.09.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында сүйлөп жатып дүйнө элине вакцина тегиз жетиши үчүн массалык түрдө препараттарды өндүрүп жаткан өлкөлөргө жардам берерин айтты.
БИШКЕК, 23-сен. – Sputnik. Казакстандын калкынын 31 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда айтканын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
"Жамааттык иммунитетти калыптандырууга кол кабыш кылуу максатында Казакстан коронавируска каршы QazVac вакцинасын иштеп чыкты. Ошентип биздин өлкө өз вакцинасын чыгарган алгачкы 10 өлкөнүн катарына кирди. Учурда калктын 31 пайызы эмделип бүттү", — деди Токаев.
Ал дүйнөдө саламаттык сактоо тармагындагы жана экономикадагы кризистер вакцинанын элге тегиз жетишине кыйынчылык жаратып жатканына дагы токтолду.
"Биринчиден, вакцинанын бардык адамдарга жеткиликтүү болушуна аракет кылышыбыз керек. Бул — адам баласынын бири-бирине тилектештигинин негизги белгиси. Айрым өлкөлөрдүн тез арада 2 миллион доза вакцина өндүрүп чыгуу демилгесин колдойбуз жана кол кабыш кылабыз", — деди казак лидери.
Мындан тышкары, Токаев кишинин ден соолугуна коркунуч жаратып жаткан факторлорду эске алуу менен былтыр Биологиялык коопсуздук боюнча эл аралык агенттик түзүүнү сунуштаганын эске салды. Ошондой эле азыр бул долбоорго кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
QazVac вакцинасы Казакстандын Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү боюнча илим-изилдөө институту тарабынан иштелип чыгып, жыл башынан бери коңшу өлкөдө кеңири пайдаланылууда. Анын кишини коронавирустан 90 пайызга чейин коргой алары айтылат.