00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстан ЮНЕСКОго "Мөңгүлөрдү сактоо жөнүндө" резолюцияны демилгелейт

© Sputnik / Эмиль СадыровБаткен облусундагы тоолор. Архив
Баткен облусундагы тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Жазылуу
Президент суу-энергетика комплексинде, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде өз ара пайдалуу кызматташууга инвесторлорду чакырган.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстанда мөңгүлөр, дарыялар жана тоо экосистемасынын биологиялык ар түрдүүлүгү да жоголуу коркунучунда турат. Өлкө ЮНЕСКОго "Мөңгүлөрдү сактоо жөнүндө" резолюцияны демилгелеп жатат.

Бул туурасында президент Садыр Жапаров 22-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда айткандыгын анын маалымат кызматы кабарлады.

"Кыргызстандагы кылым карыткан мөңгүлөр, дарыялар жана тоо экосистемасынын биологиялык ар түрдүүлүгү да жоголуу коркунучунда турат. Быйыл ЮНЕСКОго "Тоо мөңгүлөрүн сактоо жөнүндө" резолюцияны демилгелеп жатабыз. Ошол эле учурда Кыргызстан аркылуу киргизилип, жакында эле БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан бекитилген "Табият чек араны тааныбайт" аталышындагы токтомдун жоболорун аткаруу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен иштеп жатабыз", — деп белгилеген Жапаров.

Мамлекет башчысы бул боюнча үмүт артарлык жетишкендиктер бар экенин белгилеген. Мисалы, ак илбирс байырлаган өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен биргелешип иштөөнүн натыйжасында аталган жаныбардын тукумунун жок болуп кетишин алдын алууга мүмкүн болгонун айткан.

Бишкектеги кишилер улуттук желектери менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Садыр Жапаров: Кыргызстан демократиялык жолдон кайтпайт
"Ошол эле учурда Кыргызстан 2050-жылга карата көмүртек бейтараптыгына жетишүүгө аракет кылат. Кыргыз экономикасы акырындык менен "жашылданып жатат". Көмүрү жок энергия булактары барган сайын көбүрөөк ишке киргизилет, бул биринчи кезекте гидроэлектр станцияларында ишке ашырылат. Кыргызстан өз аймагында энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында экологиялык таза энергия булактары болгон ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду акырындык менен жүзөгө ашырууга ниеттенүүдө", — деген Жапаров.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө заманбап, экологиялык жактан таза жана арзан энергия менен камсыз кылууга жетишүү — 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү документинде көрсөтүлгөн глобалдык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн өтө маанилүү.

"Кыргызстанда ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу Борбор Азия өлкөлөрүнүн гидроэнергетикага болгон муктаждыгын канааттандырат. Ошону менен биздин бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт деп ишенебиз. Суу-энергетика комплексинде, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде, Париж келишиминин духунда өз ара пайдалуу кызматташууга инвесторлорду чакырам", — деген Жапаров.

Ал Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулуктан, БУУ жана эл аралык каржы институттарынан тоолуу өлкөлөрдүн, өзгөчө деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү болбогон мамлекеттердин экосистема көйгөйлөрүн чечүүгө өзгөчө көңүл буруп, колдоп берет деген ишенимин билдирген.

Президент Садыр Жапаров ЮНЕСКОнун Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандагы өкүлү Криста Пиккатты кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жапаров ЮНЕСКО өкүлү менен КРдин атынан мурастар тизмесине кирчү жайларды сүйлөштү
"Буга байланыштуу биз туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшү, ага ыңгайлашуу жана аны алдын алуу, тоо токойлору жана биотүрдүүлүк, табигый кырсыктар, тоо коомчулуктарын колдоо боюнча программаларды ишке ашырууда тоолуу өлкөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн БУУнун алкагында атайын глобалдык фонд түзүүнүн учуру келди деп эсептейбиз", — деген Жапаров.

Жапаровдун "Үмүт аркылуу туруктуулукту жогорулатуу - COVID-19дан кийинки кайра жаралуу, туруктуу калыбына келүү, планетанын муктаждыктарына жооп берүү, адам укуктарын сыйлоо жана Бириккен Улуттар Уюмунун ишин активдештирүү" темасына арналган БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында жасаган кайрылуусунун толук тексти менен да таанышсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0